Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Талас облусуТалас району 09.01.2019 11:16 Жаңыланды: 09.01.2019 18:11

Айыл турмушу: Таластык мергенчи Э.Качкынбаев малга кол салган карышкырларды жанына алдап чакырып алып атат (видео)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылынын 35 жаштагы тургуну Эсенбай Качкынбаев 8-классынан бери мергенчилик кылып, элдин малын карышкырлардан коргоп келе жатат. Аймактык кабарчы аңчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жалпысынан 35 карышкыр аткан.

«8-классымдан бери мергенчиликте кошо жүрүп калдым. Ошондон бери 35 карышкырдай атыптырмын. Мергенчиликке карышкырлар элдин малына кол салган кезде барабыз. Бизге Талас облусунун бардык жеринен малчылардан чакыруулар келет. Күн-түн дебей барып, короосун кайтарабыз десек болот. Карышкыр эгерде короого кол салса сөзсүз баары тынчып калганда, түндө келет. Аталарыбыз «карышкыр абдан акылдуу болот, аны амалдуу адам гана атат» деп айтышчу. Биз бригадабыз менен чыкканда ар бирибиздин амалдарыбыз бар. Мисалы күндүз изин кууп таап атабыз. Ал эми түнкүсүн улуп чакырабыз.

Жаңы жылдан кийин эле Каракол айылынан 2 карышкыр аттык. Күндүз эле бир малчынын тайын жеп кеткен экен. Биз түндө барып, короосунун айланасында болдук. 200 метр алыстыктан карышкырлар көрүнүп калды. Аны улуп чакырдык. Экөө тең машинанын жанына чейин келишти. Бири 17 метр аралыктан, бири 30 метр аралыктан атылды.

Биз жакта аба ырайы суук болгондуктан карышкырлар көлөмдүү келишет. Эң карышкырлуу жыл 2016-жыл болду. Карышкыр күндүз эле 10-20 метр аралыкка келип калган учурлар көп болот. Ал жылы мен жалгыз эле 9 карышкыр аткан элем», - деди ал.

Мергенчи жубайы экөө 5 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×