Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Талас облусуКара-Буура району 09.01.2019 09:35

Эркектерди көтөрө чаап уялтып: Таластык Гүлзат кайын журтунда «штангист келин», айылында «штангист Гүлзат» атка конгон (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы 25 жаштагы Эскербек кызы Гүлзатты айылдаштары «штангист Гүлзат» деп таанышат. Аймактык кабарчы спортчу айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылдын кызы. Штанга көтөрүүгө бир тууган иниси Эржандын арты менен кызыгып калган.

«Бир тууган иним Эржан спорт менен машыгып, штанга көтөрчү. Көптөгөн медалдын ээси болгонун көрүп, мен дагы кызыгып калдым. Андан кийин ал барган ийримге мен дагы катышып калгам. Апам «кыз кишилер үчүн кыйын болот же ден соолукка зыян» деп бир аз чоочулаган. Ага карабастан күчүмө ишенип, ушул жолду тандай бердим. Агайларым дагы башында чоочулашкан. Машыгып жүрүп, апта өтпөй жакшы жыйынтык көрсөткөндөн кийин «сенден спорт чебери чыгат» деп туура көз караш менен карап, жардам берип үйрөтүп калган. Эржандан дагы көптү үйрөндүм. Кыз кишинин айыл ичинен штанга көтөрүүсү барына кызык болгон. Кийин угуп-билгендер көнүп деле калышты.

Алгач эле Жети-Өгүз районунда өткөн турнирге катышып, 3-орунга ээ болгом. Ал ийгилигим мага дагы дем-күч берип, машыгууну күчөтүп жүрдүм. Андан кийин көптөгөн турнирлер жана спартакиадаларга катышып, ийгиликтерди багындырдым. 11-классты бүтүп, Бишкектен юридикалык колледжди бүтүрдүм. Ал жактан дагы токтоп калган жокмун. Улуттук университетте Бакыт деген агай көп жардам берди. Ал ортодо сумо деген япон күрөшүнө дагы катыштым. Бул боюнча дипломдорду жана медалдарды алып, ийгиликтерге жетиштим. Самбого дагы катыштым. Андан дагы байгелүү сыйлыктарга жетише алдым. Жалпы 50 диплом, грамота, 10дон ашык медалдарым бар. Бирок айланып келип, баштагы штангама кайттым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле айылдаштарынын арасында «штангист Гүлзат» деген атка конгондугун кошумчалады.

«Мектепте окуп жүргөндө классташ балдар менен мушташа кетип, көтөрө чаап уялтып койгон учурлар көп болгон. Инилериме окуучу балдар тийишчү эмес. Алар «эжеме айтып коём» дебесе деле өздөрү инилериме тийише алчу эмес. Алыстан курбу кыздарым же тайпалаштарым айылга келгенде таксистке болобу же жолдогуларга «штангист Гүлзат» десе, үйгө чейин алып келип көрсөтүшөт (күлүп). Айыл тургундарынын баары мени «штангист Гүлзат» деп таанышат», - деди ал.

Гүлзат айым буга катар эле Казакстандын Жамбыл облусуна келин болгонун, жолдошу экөө учурда убактылуу Кара-Буура районунда жашап жатышкандыгын белгиледи.

«2015-жылы Жамбыл облусунун Бурный айылына келин болуп баргам. Жаңы келин болуп барганда кайын журтка спортчу келин деп кызык болгон. Кызыгып суроо берип, жооп алышкан. Абысындар «камырды бат жаят экенсиң, штанганын күчү го» деп тамашалап калышат.

Учурда 2 уулдун апасымын. Биринчи баламды төрөгөндө ден соолугума бир топ оорчулугу тийди. Көрсө бөйрөккө таасири тиет экен. Эми балдарым штангага окшогон буюм таап алышса эле штанга кылып көтөрүп ойношот. «Менин жолумду жолдошот» экен деп күлүп калам.

69-70 кг салмактагы штангаларды көтөрөм. Спорт чебери болуу үчүн норматив толтурайын дегенде турмушка чыгып кеттим. Келечекте өзүм жетпей калган максатка балдарымды жеткирем дейм», - деди Гүлзат айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×