Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Баткен облусу, Исфана 08.01.2019 17:18 Жаңыланды: 08.01.2019 20:05 На русском

Баткендеги тойдо оюнга чыккан 2 аялдын бирөөсү кулап каза болду (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Исфана шаарындагы той учурунда уюштурулган оюнга чыккан аял жыгылып, ооруканада каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Бул маалыматты Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, окуя 2018-жылдын 18-декабрында болгонун билдирди.

Өздүк булактар көз жумган аял 1965-жылы туулгандыгын айтышты. Тойдун жүрүшүндө 2 аял ортого чыгып, бири-бирине калпак кийгизген оюнду ойношкон. Ошол учурда алардын бирөөсү өзүнөн-өзү кулап түшкөн. Кийин ал ооруканада эс-учуна келбей каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×