Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
08.01.2019 18:15 На русском

2018-жылы эң көп кылмыш Бишкекте катталды

Turmush -  Кыргызстандын аймагында 2018-жылдын январынан тарта ноябрга чейин 27,1 миң кылмыш катталды. Бул көрсөткүч 2017-жылдын январь-ноябрь айларына карата 8,7%га көп, деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматына шилтеме берген Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүндө.

Анын ичинен 3166 факты өзгөчө оор кылмыш болуп, 2017-жылга салыштырмалуу 10,6%га өскөн.
Кылмыштардын катталганы бонча облустардагы көрсөткүчтөр:

- Талас облусунда — 646;

- Нарын облусунда — 665;

- Баткен облусунда — 1041;

- Ош шаарында — 2128;

- Ош облусунда — 2133;

- Ысык-Көл облусунда — 2134;

- Жалал-Абад облусунда — 2492;

- Чүй облусунда — 4460;

- Бишкек шаарында — 11415 кылмыш катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×