Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Нарын облусуНарын району 08.01.2019 14:53 На русском

600 000 сом айып: Кара-Кужурда 6 баш тоо текенин этин жүктөп бара жаткан тургундар кармалды (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндө 6 баш тоо текенин этин унаасына жүктөп бара жаткан тургундар кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарын өкүлчүлүгүнүн башчысы Сагынаалы Боогачиев билдирди.

Маалым болгондой, Нарын өкүлчүлүгү Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин 2018-жылдын 11-декабрындагы «Майрам күндөрү браконьерликке каршы-күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларын күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү» буйругунун негизинде иш алып барышууда.

«Кара-Кужур өрөөнүндө ыкчам топ тарабынан 7-январдан 8-январга караган түнү рейд өткөрүлдү. Кара-Кужур өрөөнүнүн Ак-Кыя деген айылында “Нива” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, анын ичинен 6 баш тоо текенин эти табылды. Бул ыкчам топто Нарын ОИИБдин кызматкерлери да бар. Кармалган эки адам Нарын районунун тургундары экендиги аныкталды. Чогулган материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилет. Атайын өкмөттүн токтому менен ар бир атылган тоо теке үчүн 100 миң сом доо коюлат. Бүгүнкү күндө 6 тоо теке үчүн 600 миң сом зыян келтирилди. Анын ордун толуктоо үчүн атайын тийиштүү органдарга кайрылабыз. Эми кармалган тоо текенин эттерин лабораторияга өткөрүп, жыйынтыгын алабыз», - деди С.Боогачиев.

Ошондой эле декабрь-январь айында Нарын облусунда 7 баш тоо теке атылып, шектүүлөр кармалгандыгын кошумчалады.

Буга чейин аталган департаменттин облустагы өкүлчүлүгү тарабынан Ак-Сайда тоо текени аткан ат-башылык тургундар кармалганы маалым болгон эле.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×