Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Ош облусу, Ош 13.01.2019 01:33

Жеңеке: Кеминдик Махабат сүйүүсүн жол чырактын жанынан тапкан

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун Жол-Булак айылында 1983-жылы төрөлгөн Махабат Абдраева күйөөсү менен кокусунан жол чырактын жанынан таанышып калган.

Андан кеминдик болуп, Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна кантип турмушка чыгып калганын тааныштары таӊ калып сурай беришет.

«Жолдошум экөөбүз аскер адамы болобуз. Учурда Ош шаарында кызмат өтөп жатабыз. Кызматыбызга байланыштуу үч балабыз үч башка жакта төрөлдү. Эмнеси экенин билбейм, бирок «өзүӊ кеминдик болсоӊ, Чаткалга кандайча келин болуп калдыӊ?» деп кызыктай суроо бергендер болот. Чынын айтсам жолдошум менен кокусунан эле таанышып калгам. Кечинде курбу кызымдын туулган күнүн белгилеп, сиӊдим экөөбүз үйгө келе жатып, жол чыракта туруп калдык. Ошол жерден жолдошум менен таанышып калгам. Бир ай аны менен жолугуудан качып жүрдүм. Бирок жолдошум беттегенинен кайтпаган, чыныгы эркектик мүнөзгө ээ экен. Айткан сөзүн да дайыма аткара билет. Ошентип кийин жолуктук. Жолугуп, сүйлөшкөн күнү эле «мен үйлөнүшүм керек, мага турмушка чыгасыӊбы?» деп сунуш киргизди. Бир чети таӊ калып, бир чети ишенбей турдум. Себеби, жакшы тааныбай туруп эле үйлөнөм дегени таӊ калыштуу болду. Бирок сегиз ай сүйлөшүп жүрүп, андан соң баш коштук. Жолдошумдун жөнөкөйлүүлүгү жакты. Аскер формасын көрүп, ого бетер жактырып калдым», - деди ал.

Анын кайын журту Бишкек шаарында турушат.

«Кайын атам менен кайын энем абдан жакшы кишилер. Үйлөнгөнүбүзгө 11 жыл болсо дагы бир да жолу келинсиӊ деген сөздөрүн укпадым. Үйүнө барсак берерге ашын таппай турушат. Жаӊы келин болуп келгенде кайын инилер менен кайын сиӊдилердин тарбиясын көрүп аябай баа бергем. Чай даярдасам кошо даярдашып, идиш жуусам кайнилерим кошо чайкашып, тамак жасасам картошканы аарчый калып, кыскасы колдон-буттан ала салышчу. Өзүм эле кылам деп ыӊгайсыздансам, апам «сен жокто деле кылып жүргөн иштер. Жардамдашсын, баарын сага үйүп койбой» деп айтчу. Азыркы убакка чейин апам ошондой», - деди ал.

Махабат Абдраева бош болгон убагында тамак жасап, башка кыз-келиндерге да үйрөтүп келет.

«Мен учурда үйдө бала мененмин. Негизи өзүм аскер кызматкеримин. Ал эми тамак жасоо — менин хоббим. Учурда ар кандай тамак-аштарды жасап, интернеттен кыз-келиндерге бекер үйрөтүп келем. Алар жасап көрүп, ыраазычылыктарын билдирип турушат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.49% (892)
«РСК Банк»
27.74% (544)
«Айыл Банк»
9.48% (186)
...
Всего голосов: 1961
×