Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Чүй облусуСокулук району 09.01.2019 23:58

Айыл турмушу: Дене тарбиячы Сардарбек келинчеги жинине тийгенде «3 чакырым чурка» деп айтат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Муратбек уулу Сардарбек мектеп курагында эле спорт менен машыгып, дене тарбия мугалими болууну кыялданчу.

4 жылдан бери мугалимдер арасында өткөн волейбол боюнча республикалык спартакиадада Чүй курама командасында ойноп келе жаткан Сардарбек менен аймактык кабарчы таанышты.

«Келинчегимдин аты Уулжан. Мектепти аяктап, №43 лицейге окуганы келген. Мен анда ал лицейде дене тарбия сабагынан мугалим болчумун. Окуучулардан жарым жылдык норматив алып, 3 чакырым аралыкка чуркатып жаткам. Декабрь айы болчу. Кыздардын арасынан бир кыздын колу-бети тоӊуп, кызарып калыптыр. Ошол кыз учурда менин жубайым болду. Ал дагы волейболдо жакшы ойнойт. Экөөбүз окуучу-агай катары эле сүйлөшчүбүз. Ортодо сүйүү тууралуу сөз болчу эмес. Бирок көп сүйлөшчүбүз. Кудайымдын буйругу экен, ошентип экөөбүз баш коштук. Азыр жинге тийсе тамашалап "штрафной круг 3 чакырым" деп койсом, күлүп калат», - деди ал.

Муратбек уулу Сардарбек мектеп курагында спорт залдан чыкпай, волейбол жана жеӊил атлетика менен машыкканын кошумчалады.

«Дене тарбия мугалими болууну кичинекей кезимде эле кыялданчумун. Анткени өзүм ошондо эле спортко жакын болуп, өзгөчө волейбол, жеӊил атлетика менен машыкчумун. Кыскасы, мектеп курагымда спорт залдан чыкчу эмес элем. Ошентип №43 кесиптик лицейде 4 жыл дене тарбия сабагынан сабак берип эмгектендим. Ал эми 2018-жылдын сентябрынан баштап Жаӊы-Жер орто мектебинде эмгектенип жатам.

Жыл бою өтүлүүчү волейбол боюнча спартакиадада окуучуларым облустан өтүп, республикада ойноп келишет. Бул чындыгында мен үчүн чоӊ жетишкендик.

Ал эми өзүм мугалимдер арасында өткөн волейбол боюнча республикалык спартакиадада 4 жылдан бери Чүй курама командасында ойноп келем», - деди ал.

Муратбек уулу Сардарбек 1991-жылы 10-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда төрөлгөн. Ал жаӊы жумушка кирген күндөрү жаш агай катары кыздардан сүрдөп, уялбаганын айтат.

«Лицей менен мектепке жаӊы жумушка кирген күндөрү жаш агай деп тийишип, сүйлөп калган кыздар болгон. Алардан эмнегедир эч качан уялып, сүрдөгөн эмесмин. Тескерисинче өздөрүн уялтып койчумун.

Мектепти бүтүп, спорт тармагы менен кеткен окуучуларым көп. Алар азыркыга чейин байланышып, кеӊеш сурап турушат. Азыркы Жаӊы-Жер айылындагы орто мектепте таланттуу кыздар-балдардын башын бириктирип, волейбол боюнча мыкты спортчуларды даярдап жатабыз. Алардын келечегинен көптү үмүт кылам. Келечекте мыкты машыктыруучу наамын алсам деген тилегим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×