Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
08.01.2019 11:46 На русском

Ө.Анарбаев Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды (резюме)

Turmush -  Анарбаев Өмүрзак Каримович Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалым болгондой, ал бул кызматка Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында дайындалды. Буйрука ылайык бүгүн, 8-январда жаңы жетекчинин жумуш күнү башталды.

Өмүр баяны:

Туулган жылы: 1964-жыл 31-июль.

Туулган жери: Ош облусунун Ноокат районунун Киркол айылы.

Билими:

- Ош шаарындагы техникумдан бухгалтер адистигине ээ болгон;

- 1985-1987-жылдары Ош технологиялык университетинде экономист адистигин алган;

- 1990-1996-жылдары Ош технологиялык университетинде инженер-куруучу.

Иш тажрыбайсы:

- 1987-1989-жылдары Оштогу «Общепитте» бухгалтер;

- 1989-1990-жылдары Ош облустук финансылык башкармалыкта ревизор-инспектор;

- 1990-1995-жылдары Кызыл-Кыя шаарында Салык инспекциясынын жетекчисинин орун басары;

- 1995-1996-жылдары Ош облусу боюнча салык инспекциясынын ага инспектору;

- 1996-2002-жылдары «Спецмаг» мекемесинин директорунун орун басары;

- 2002-2005-жылдары жыгач иштетүүчү «Кыргыз курулуш» ишканасынын директору;

- 2005-жылдан «Бай-Мен» курулуш ишканасынын директору;

- 2018-жылдын 31-декабрында Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Буга чейин аталган мекемени М.Калыков жетектеп келген. Ал Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектелип камакка алынган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×