Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Чүй облусуАламүдүн району 07.01.2019 12:49 На русском

Унаанын ичинен чатак чыгып зордуктайбыз деп: Милиционер кызды зордуктоого аракет кылган 2 адам кармалды

Turmush -  Чүй облусунда милицияда иштеген кызды зордуктоого аракет кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда АКИpress агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу кыз шаардык милицияда иштеп жүргөн.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 2-январда саат 00:25 чамасында Аламүдүн РИИБге зордуктоого аракет болгондугу жөнүндө маалымат түшкөндүгүн билдиришти. Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Иликтөө тобу 1-январда саат 23:00 чамасында 26 жаштагы М.Э. (кыз) Токмок шаарынан Бишкекке келиш үчүн «Хонда Степвагон» унаасына отургандыгын такташкан. Унаанын ичинде дагы 2 жүргүнчү болгон. Лебединовка айылына келгенде ортодо чыккан чатактан улам аталган 2 адам кызга күч колдонуп зордуктоого аракет кылышкан. М.Э. ал учурда 102 кызматына байланышууга үлгүргөн. Кылмышка шектелгендер жашырынып кетүүгө аракет жасашкан. Бирок изи сууй электе кармалып, Бишкектеги тергөө абашына камакка алынган. Алар 35 жаштагы Т.Э. менен 40 жаштагы А.У. экендиги такталган.

Аталган факты боюнча зордуктоого аракет кылуу беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
34.86% (114)
«РСК Банк»
24.16% (79)
«Банк Компаньон»
15.29% (50)
...
Всего голосов: 327
×