Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Баткен облусуКадамжай району 07.01.2019 13:10

Баткенде 2,5 жыл мурун дайынсыз жоголгон Орозбай Сапаров дагы эле табылбай жатат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 63 жаштагы тургуну Орозбай Сапаров дайынсыз жоголуп, 2,5 жылдан бери табылбай жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Орозбай Сапаров өзү жашаган үйүнөн 2016-жылдын 8-июнь күнү чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Акыркы жолу аны Кызыл-Кыя шаарында көрүшкөндө ал Ош шаарына бара турганын айткан.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см, чачы ак, көзү кара, арыкчырай. Оң кашынын жогору жагында 1-1,5 см так бар.

Кимде-ким анын жүргөн жерин билсе Кадамжай РИИБге 03655 102, 03655 50229, 0770777702 телефондору аркылуу кабарлап койсо болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×