Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.01.2019 16:30 На русском

Айыл турмушу: Молдовалык Владимир аксакал кыялын орундатып, 36 жылдан бери Ысык-Көлдө жашап жатат (фото)

Turmush -  Молдовалык 65 жаштагы Владимир Стойка 36 жылдан бери Ысык-Көл районунун Бостери айылында жашап келе жатат. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Молдованын Дрокия шаарында чоңойгон.

«Менин агам Алматада жашачу. Анын жубайы Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын биринде иштечү. Анан 1982-жылы мени үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө чакырып калды. Биз түн ичинде келгенбиз. Таң атканда көргөн көзүмө ишенген жокмун. Кичинекей эле көлдү элестеткен элем. «Бул көл эмес, бул деңиз турбайбы» деп кайталай бериптирмин. Бала кезимде дайыма деңиздин жээгинде жашасам деп кыялданчумун. Мына ошол кыялым ушул жер экенин түшүндүм да Ысык-Көлдө жашоону чечтим. Жубайым да каршы болгон жок.

30 жылга жакын эс алуу жайында куткаруучу болуп эмгектендим. Көп адамдарды чөгүп бара жатканда куткарып калдым. Андай убактарда мен эмнеге Ысык-Көлгө келгенимди түшүнүп, адам өмүрүн сактоого жогортон атайын жиберилгендей сезимде калчумун. Эмгегимдин аркасында Бостери айылындагы кол жээгинде кичинекей үй курдум. Ал жерде дайыма дасторконумду жайып досторумду күтүп алам. Менин өз атымды көпчүлүгү билбейт. Молдован десе баары таанышат. Үйүм бир чоң эс алуу жайынынын жанында болгондуктан ал жакка машыгууга келген чет өлкөлүк спротчулар сөзсүз менин үйүмө кирип, даам сызып кетүүнү салтка айлантышкан. Мен аларга бекер эле жардам көрсөтөм. Биздин элдин меймандостугун көрсөткүм келет. Мейман болгондордун арасынан дос күттүм. Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Александр Ильин азыр жакын досум. Жыл сайын командасы менен Ысык-Көлгө машыгууга чакырып турам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле уулдары Бишкекте жашай тургандыгын кошумчалады.

«Виталий, Илья аттуу уулдарым, 5 неберем бар. Уулдарым менен да сыймыктанам. Алар Бишкек шаарында жеке ишкерлик менен алектенишет. Өзүм күн сайын көл жээгине барып, кайыкка отуруп сүзүп, анан ушундай кооз жерде жашаганыма сүйүнүп, дал ушул жерден бакыт тапканыма шүгүрчүлүк келтирем. «Ысык-Көл менин демим, жашоом» деп айткандан тажабайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×