Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Ош облусуКара-Кулжа району 06.01.2019 22:23 На русском

Сүрөт: Кара-Кулжада «Honda CR-V» сайга кулап, 2 адам мерт кетти

Turmush -  Кара-Кулжа районунда “Honda CR-V” үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, эки адам каза болду.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар билдиргендей, бүгүн, 6-январда болжол менен саат 14:00 чамасында аталган райондун Түшүнүк айылына жакын жердеги суу аккан сайга “Honda CR-V” үлгүсүндөгү унаа кулап кеткен. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, жаш бала аман калды.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка жолдун тайгактыгы себеп болгон жана унаа кырсыктан кийин күйүп кеткен.

Жол кырсыкка кабылгандар Кара-Кулжа районунун тургундары болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×