Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Чүй облусуЖайыл району 06.01.2019 19:57 На русском

Жайылда жаш жигит тажрыйбалуу спортчуну коркутуп коюу үчүн колуна бычак алган

Turmush -  Жайыл райондук соту Уландын (аты өзгөртүлдү Р.У.Р.) кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Ал 2018-жылдын 4-мартында болжол менен саат 01:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы кафеге келгендерди белгисиз бычак менен коркутуп, андан соң окуя болгон жерден изин жашырып кеткендиги үчүн айыпталып жатат.

Сот залында соттолуучу төмөндөгүдөй көрсөтмө берди. 2018-жылы 3-мартта досунун үйлөнүү тою аяктагандан кийин түн ичинде 1994-жылы туулган теңтушу Тилек (аты өзгөртүлдү. Б.у.Т.) менен кафеге барган. Кафеге киргенден кийин музыка угуп отурган Жолдош аттуу таанышын көргөн. Андан башка музыка коюусун суранган. Бирок Уландын бул сунушуна Жолдоштун жини келип, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Аларды Тилек арачалап баштаганда Улан тажрыйбалуу спортчу Жолдошту коркутуу үчүн столдун үстүнөн узундугу 30 см, туурасы 10 см болгон карниздин желим бөлүгүн алган. Бирок Жолдош ага эч кандай реакция жасаган эмес. Андан кийин аларды чала тааныш бала бөлүп, Уланды досу менен көчөгө чыгарган. Кийинки күнү Улан тааныштарынан кафедегилер колундагы буюмду бычак деп ойлоп калышкандыгын уккан. 2018-жылы 5-мартта ага Жайыл РИИБден милиция кызматкерлери телефон чалышкан. Ага чейин Улан бул жерге түшүнүк кат жазган. 15-мартта Россияга иштөөгө учуп кеткен. Бул учурда Улан аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун билген эмес. Издөөдө жүргөндүгүн август айында чала тааныш балдардан билген. 10-августта Кыргызстанга учуп келип, 18-августта Жайыл РИИБге барган. Улан соттон катуу жаза бербөөнү өтүндү.

Сотто күбө Виктория (аты өзгөртүлдү, Н.В.А.) кафеде официант болуп иштерин айтып, буларга токтолду. 2018-жылы 3-мартта болжол менен түн жарымында азиат түспөлүндөгү, 20-25 жаштардагы 3 белгисиз жигит кафеге киришкен. Алардын бири бардын жанына отурган. Алар бири-бири менен учурашып сүйлөшүшкөн. Эки жигит залдын ортосунда турушкан. Алардын бири Улан болгон. Бул учурда Жолдош аттуу туруктуу кардар ырдап жаткан. Залдын ортосунда турган балдардын бири Жолдошко ырдоону токтотууну айткан. Бирок Жолдош анын сөзүнө маани берген эмес. Андан кийин Улан колуна торт кесе турган бычакты алып, музыкалык аппараттардын жанында турган Жолдошту көздөй жөнөгөн.

Жыйынтыгында сот Уланды күнөөлүү деп тапты жана 2 жылга эркинен ажыратып, жазасын жатак абакта өтөөсү белгиленди.

Сот бир жылдык сынак мөөнөткө шарттуу кесүү өкүмүн чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×