Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.01.2019 13:32 На русском

Ысык-Көлдө мас абалдагы аял жеңесине ызы-чуу салып, бычактаганы үчүн 8 жылга кесилди

Turmush -  Ысык-Көл районунун тургуну жеңесин [улуу агасынын аялы] өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн айыпталып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылды. Чолпон-аталык Майрам [аты өзгөртүлдү К.М.] Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелеринин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылды. Ал 2014-жылы соттолуп, 4 жыл абакта отурган. Эркиндикке чыккандан кийин Бактуу-Дөлөнөтү айылында жашап жаткан.

Кылмыш иши боюнча материалдарга ылайык, 2018-жылы 10-сентябрда үйүнө мас абалында келип, жеңесинин эч себепсиз тынчын алып, аны ур-токмокко алып баштаган. Мындан улам Алтынай [аты өзгөртүлдү Ж.А.] кошунасынын үйүнө жөнөгөн. Бирок анын артынан Майрам [аты өзгөртүлдү К.М.] бычак көтөрүп барып, жеңесин сайгылап баштаган. Бул маалда кошунасы — үйдүн ээси кирип кыйкырганда Алтынай сыртка чыгып, колундагы бычагын ыргытып жиберген. Кайра үйгө кирип, Алтынайды аягына чейин өлтүрөм деп жулунган. Бирок кошунасы үйдүн эшигинин алдын тороп, киргизбей койгон. Андан соң ал милиция кызматкерлерин жана тез жардам кызматын чакырган. Алтынай Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Сот залында соттолуучу коюлган айыпты мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген: Аталган күнү ал арак ичип, өтө мас абалда болгон жана жеңеси экөө уруша кетишкен. Андан соң, жеңеси эжесинин үйүнө кирип кеткенде артынан сүйлөшөйүн деп барган. Жеңеси Майрамга кыйкырып жатканда аны бычак менен кантип сайганын билбей калган.

Соттун чечими 2018-жылдын 4-декабрында чыгып, Майрам жазасын аялдар үчүн түзөтүү абагында өтөөсү кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×