Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 05.01.2019 10:36

Жайылдагы Сосновка орто мектеби республикалык видеороликтер сынагында 1-орунду алды (видео, сүрөт)

Turmush -  Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Чыңгыз Айтматов — жер шарынын атуулу» аттуу республикалык сырттан өтүүчү сынагында Жайыл районундагы Сосновка орто мектебинин окуучулары 1-орунду ээлешип, кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту. Мындай маалыматты чыгармачыл топтун жетекчиси, мектептин мугалими Айзада Бейшекеева кабарлады.

Анын айтымында,республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу жана туризм борбору сынактын жыйынтыгын жөнөткөн.

Сынактын негизги максаты — Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мыкты видеосюжетти аныктоо. Ошону менен бирге жазуучунун эмгегин даңазалоо, окуу маданиятын жана билгичтигин жогорулатуу болгон.

«Узактыгы 7 мүнөттүк видеоролик тарттык. Ага 11-класстын окуучусу Уултай Арстанкулова сценарий жазып, анын негизинде 8-класстын окуучусу Улукбек Карымшаков кыска метраждуу тасма жаратты. Талантуу окуучубуз өзү тартып монтаждады. Андагы негизги сюжет Аайматовдук окууларды байма-бай жүргүзүү, чыгармаларын тереңдетип окуу жана андан алган таасирлерди турмушта колдоно билүү эле. Биз ошого жетиштик. Дагы бир өзгөчөлүгү тасма жаратуунун алгачкы технологияларын өздөштүрдүк. Бул саамалык окуучулар үчүн гана эмес мугалимдердин да кызыгуусун туудурду. Таланттуу окуучуларыбыз арбын экендигине сыймыктандык. Мектеп директору Гүлзада Аскарбековнанын такай көзөмөлү, шарт түзүп, талап кое билүүчүлүгүнөн жаралган эмгектин акыбети десек болот. Албетте, педжамааттын бирдиктүү көз карашы, чыгармачылык көмөгү десек да болот. Негизгиси окуучулардын өздүк талантынан жаралган жеңиштин жемиши. Эгерде республика боюнча 1-орунду 5 окуучу ээлесе, андан үчөө биздин мектептен. Ал эми кызыктыруучу сыйлыкка 71 окуучу татыктуу болсо, андан тогузуу да Сосновка мектебинен. Мындай сандык катыштагы көрсөткүч даана тактагандай. Бул ийгилик 2019-жыл башындагы арымдуу кадамыбызга туу болуп турмакчы», - деди чыгармачыл мугалим Айзада Бейшекеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×