Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Чүй облусу, Токмок 03.01.2019 10:19

Айыл турмушу: Көркөм жетекчи Л.Асанакунованын чыгармачылыкка аралашуусуна атасынын өнөрү түрткү болгон

Turmush -  Чүй облусунун 43 жаштагы тургуну Лира Асанакунова 10 жылдан бери Токмок шаардык маданият үйүндө көркөм жетекчи кызматын аркалап келет. Анын чыгармачылыкка аралашып калганына атасынын өнөрү түрткү болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук консерваторияны 2008-жылы аяктап, ошол жылдан бери Токмок шаардык маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп эмгектенем. Ал эми чыгармачылыкка атамдын өнөрү түрткү болду десем жаӊылышпайм. Атам чыгармачыл адам эле жана комуз менен ырдачу. Мен дагы ар кандай иш-чара, концерттерде комуз менен элдик ырларды, дастандарды ырдап келем. Кудайыма шүгүр, көптөгөн кароо-сынактардын, фестивалдардын лауреаты болдум. Ал эми Токмок шаардык маданият үйүндө бардык иштин көрүнүшүн, темасын көркөмдөп турам. Ким сахнага чыгат, кандай кийинип чыгат жана кандай темада ырдайт, мына ушунун баардыгын көркөмдөп туруш керек. Ошону менен бирге иш-чарага кандай тема коюш керек, сахнанын жасалгалоосу жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдүн бардыгы көркөм жетекчинин мойнунда», - деди ал.

Лира Асанакунова маанилүү тасмаларды көргөндү жана стол үстүндөгү теннис менен ойногонду жакшы көрөт.

«Эми биз чыгармачыл адамдар бир гана жумуш менен жан бакбастан, элдин тойлорун да алып барып, ырдап акча таап калдык. Бул эч кимге деле жаӊылык эмес дечи. Ошентип мен да эл катары тойлорго чыгып калам. Бир жолу мени комуз менен ырдап бересиӊ деп тойго алып кетишти. Куда тосуу тою экен. Кудалар жаӊы келгенде шаӊкылдап комуз менен ырдап жаткам. Бир маалда комуздун кылдары үзүлүп кетти. Башка комуз сураштырсам, ал тегеректе жок экен. Ошентип тойдун калган бөлүгүн комузу жок, мындай эл ырдап бүтүргөм.

Жашоодо тынчтык болсо экен деп тилейм. Эки элди кагыштырып, уруштуруп жибербесе экен деп корком.

Жашоого туура багыт берген тасмалар жагат. Спорттон болсо стол үстүндө ойногон теннис жагат», - деди ал.

Лира Асанакунова Нарын шаарындагы Казан-Куйган айылында 1975-жылы 4-мартта төрөлгөн.

«Жолдошум экөөбүз үч баланы тарбиялап өстүрүп келе жатабыз. Жолдошум электрик жана сантехник болуп эмгектенет. Ал чыгармачылыктан алыс киши. Антсе да мага колдоо көрсөтүп келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×