Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.01.2019 16:40 На русском

Караколдо мас абалда унаа башкарган айдоочуга 17 500 сом айып салынды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларга алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул жаңы Кодекстин күчүнө киргенине байланыштуу экенин ОИИБдин басма сөз кызматы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү белгилегендей, 2019-жылдын 1-январынан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга салынуучу айып пулдун өлчөмү көбөйдү. Айрым айдоочулар жол белгилерин билбеши мүмкүн, бирок бул аларды жоопкерчиликтен бошотпойт. Буга байланыштуу тескөөчүлөр жаңы жылдын биринчи күнүнөн тарта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштады.

Иш-чаранын жүрүшүндө кечээ, 1-январда Каракол шаарында 43 жаштагы Т.Каныбектин башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 814» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында айдоочу мас абалда экени аныкталган. Ага карата транспорт каражатын мас абалда башкаруу беренеси боюнча протокол түзүлүп, 17500 сом айып салынды. Айдоочу бир айдын ичинде айып пулду төлөшү керек. Эгер ал айыпты убагында төлөбөсө ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн айып пулдун суммасынын 0,05 пайызын кошуп төлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×