Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
02.01.2019 15:07 Жаңыланды: 04.01.2019 18:39

2018: Тагдырдын сыноосуна сынбаган инсандардын жүрөк тилген баяндары

Turmush -  Бул инсандардын ар биринин тагдыры ар башкача. Жашоодогу кыйынчылыктарга баш ийбей, тагдырдын сыноосуна сынбай, арасында коомдук иштерге активдүү катышып, кол өнөрчүлүк жана чыгармачылык менен алектенип, башкаларга үлгү болгондору да бар.

Бул жолу 2018-жылы Turmush басылмасына жарыяланып, миңдеген окурмандар таанышкан «Тагдыр» рубрикасынын көрүнүктүү каармандары тууралуу баяндайбыз.

Моюну сынгандан кийин сүйлөбөй, баспай калган Салмоорду апасы кайра бутуна тургузду (фото, видео)

Ош облусунун Кара-Кулжа айылынын 26 жаштагы тургуну Салмоор Аматов сууга секиргенде моюнун сындырып алып, майып болуп калган. Анын жүлүнү кысылып калгандыктан сүйлөбөй, буттары, колдору кыймылдабай калган болчу. Бирок ал тынымсыз машыгуудан, дарылануудан кийин кайрадан бутуна туруп, сүйлөп баштады.

Өзүнүн айтымында, ал ОшМУнун финансы-юридикалык колледжин аяктаган.

«2011-жылы 19 жашымда сууга секире коюп, моюнумду сындырып алгам. Ошондо 4-5-моюн омурткам сынып кетиптир, жүлүнүм катуу кысылып калгандыктан колу-бутум иштебей, кыймылдабай калгам. Басып жүрүп эле кыймылсыз жатып калуу өтө оор экен. Бирок депрессия болгон жокмун, кыйынчылыктарды жеңүү үчүн сабыр кылып чыдадым. Ооруканаларда дарыланып жүрүп, кийин Крым жана Саки шаарларындагы реабилитациялык борборлорго бардым. Андан соң, Казакстандын Талдыкорган, Алмата шаарларында дагы дарыландым.

Ооруп калгандан бери мени апам карап келет. Сезон сайын чет өлкөлөрдөгү ооруканаларга алып барып дарылатат. Апам өзү медициналык кызматкер. Мени карап жаткандыгына байланыштуу иштебейт. Апам дайыма: "Балам, сен күчтүүсүң, сабырдуусуң. Кудай кааласа басасың, бул убактылуу нерсе" деп айтат», - дейт ал.

Бутунан айрылса да таксист болуп иштеген Коргоо министрлигинин экс-аскер кызматкери Алмазбектин жашоосу

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Маасы айыл өкмөтүнүн 44 жаштагы тургуну Алмазбек Абылакимов бутунан айырылса да таксист кызматын аркалап келет.

«1999-жылы Баткен согушу башталып, аскердик топтор менен бандиттердин бирикмелерин талкалоого катыштым. 2000-жылы келишимдин негизинде Коргоо министрлигине аскер кызматкери болуп келип, 2011-жылы май айына чейин кызмат өтөдүм. 2010-жылы Ошто коогалаң болуп кетти. Улуттук кагылышууда мага ок тийгендиктен бир бутумдан айрылдым, кийин бутумду тиземден ылдый кесип салышты. Ичиме дагы ок тийген эле. Жалпы 5 операция кылышты. Ооруканадан чыккандан кийин үйдө жаттым, ошол учурда келинчегим жанымда болуп, мени карап жүрдү», - дейт А.Абылакимов.

Ал кийинчерээк унаа сатып алып, такси кызматында иштеп баштаганын айтат.

«Бош отурбай, бир нерсе менен алектенүүнү ойлоно баштадым. Анан унаа сатып алып, такси кызматында иштеп баштадым. 2013-жылдын октябрь айынын аягында жумуштан кайтып келе жатканда бет маңдай чыккан унаа менен кагышып, жол кырсыкка кабылдым. Кайрадан ооруканага түштүм. Жол кырсыктан кийин сол бутум, кабыргаларым сынып, майып арабада отуруп калдым.

Ошентип 1-топтогу майып болдум. Эки бутум иштебей калса дагы акыл-эсим ордунда. Бутум жок деп отура бергенден адам чүнчүп, төмөндөп, артка кете баштайт экен. Депрессияга жол бербей, алаксыш үчүн аракет кылып, кайра иштөөнү чечтим. Азыр араба менен эшикке чыгам, анан унаага отуруп, такси кызматын көрсөтүп келем. Кечке чейин такси айдап, кечинде үйгө келип, үй-бүлөм менен болом», - дейт Алмазбек мырза.

«Апам экөөлөп бастырып алабыз»: Алинур менен Райхандын баш кошуусуна майыптык араба тоскоол болгон жок

Алинурдун майыптык арабада отурганына карабастан Райхан аны менен бирге түтүн булатууну тандады. Жаңыдан үй-бүлө күткөн эки жаштын ортосундагы сүйүүгө майыптык араба тоскоолдук жараткан жок. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Терек-Суу айылынын тургундары Алинур Жуматаев менен Райхан Раманкулова үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында баш кошушту.

Алинур 23 жашта, үй-бүлөдө үч бир тууган, өзүнөн улуу эки эжеси бар. Апасынын жалгыз жана кичүү уулу. Ал башкалар сыяктуу эле ден соолугу чың болуп төрөлүп, өзү теңдүү курдаштары менен мектепти аяктаган. 2016-жылдын 11-апрель күнү айылдаш досунун туулган күнүн Чычкан капчыгайындагы кафелердин биринде белгилеп, айылына жеткенде кокустан 4 классташ бара жаткан унаа кырсыкка учураган. Бул кырсыктан Алинур катуу жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша ал аман калып, бирок эки буту кыймылдабай, төшөктө жатып калган.

«Төшөктөн тура албай, көп жатып калдым. Жөргөлөмөк тургай бир тарабыма оодарылуу да кыйын болчу. Ошол оор күндөрүмдө апам кыйналганын билдирген да жок. Түрдүү ойлорду ойлоп жан дүйнөм кыйналчу. Ошондой күндөрдүн биринде, ошол эле жылдын декабрь айында айылдашым Райхан менен социалдык баракча аркылуу жазышып калдым. Күндүз көпчүлүк убактымды Райхан менен байланышып, сүйлөшүү менен жазышуу менен өткөрүп, алаксып жаттым. Экөөбүз 2 жыл сүйлөшүп, быйыл баш коштук. Райхандын да ата-энеси каршы болбостон, бизди колдошту. Ушул нерсе мага көп нерсеге үмүт берди», - дейт Алинур.

Райхан Раманкулова 18 жашта, ал үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Быйыл айылдагы мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин педагогика факультетинде билим алып баштап, студент болуп жүргөн. Кайын энеси экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүн билип, Райхандын үйүнө куда түшүп барып, ноябрь айында эки жаш баш кошушту.
«Мен жаңыдан сүйлөшүп баштаганда эле ата-энем билчү, ошол үчүн алар турмушка чыгуума каршы болушкан жок. Ата-энемдин туугандары: «майып балага турмушка чыкпай эле кой» дешип каршы пикирлерин айтышты. Бирок алардын ойлорун уккан деле жокмун. Анткени жолдошумдун басып кетээрине ишенем. Апам экөөлөп аны бастырып алабыз. Бул нерсе ар бир адамдын башына келиши мүмкүн. Ошондуктан сын тагууга эч кимибиздин акыбыз жок», - дейт Райхан Раманкулова.

Нурлан Балтабаев 1973-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Атасы уста болгондуктан, бул өнөрдү кичинекей кезинен эле үйрөнгөн. 2 жашында оорудан улам кулагы укпай калып, №25 Фрунзе интернатында билим алган. Ал келген кардарлары менен орус тилинде жазуу түрүндө сүйлөшөт.

«Кичинекей кезимде ооруп, 2 жашымда кулагым укпай калган. Бул өнөрдү атамдан үйрөнгөм. Темир устачылыктан сырткары унаа жасайм, самоор оңдойм, электр энергиясындагы мүчүлүштүктөрдү иретке келтирем, ширетүү, курулуш иштерин жасайм. Алдыга койгон пландарым көп. 4 баламды жакшы окуу жайларга окутуп, балдарга там алайын деген ойлорум бар. Балдарды бутунан тургузуп, эч нерседен кем кылбай баксам дейм.

Мен 25 жашымдан бери темир устачылык менен алектенем. Бул цехти ачканыма 5 жылдын жүзү болду. Темирден көп буюмдарды жасайм. Мисалы, меш, керней, чака, таштек жана башкалар. 1 мешти жасоого 1 күн убакыт кетет. Баалары темирдин калыңдыгына жана чоңдугуна жараша болот. Киреше жумуштун сезонуна жараша. Сентябрь, октябрь айларында буйрутмалар жакшы түшөт», - деди ал.

Уулунун оорусу менен күрөшкөн Венера Сатылганованын сахнасыз өткөн 10 жылы (сүрөт)

Бир кездерде коомчулукка «18 жаш» аттуу ыр менен белгилүү болгон Венера Сатылганова менен белгилүү актер Мурат Мамбетовдун жалгыз уулу Нурдан 6 жашынан тарта муун оорусуна кабылып, буту баспай келет.
Венера Сатылганова 1971-жылы Токтогул районунда төрөлгөн. Учурда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында жашап жатат.
Майыптыгын тагдыр жазмышы катары кабылдаган, велоараба менен Кыргызстандын көп жерлерин кыдырган «Манас» орденинин ээси Брязгунов Владимир Ильич Чүй облусунун Беловодск айылынын тургуну.
«Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында акыркы курста окуп жүргөндө Беловодск айылына ата-энеме келип, эс алуу паркындагы селкинчекте ойноп жатып жыгылгам. Ошондо омуртка сөөк сынган. Анда 22 жашта элем. Өмүрүмдүн 47-жайы майып арабада өтүп жатат. 27 жашымда Ленага үйлөндүм. Кесиби – инженер-гидрометролог. Ал мени өтө терең түшүнөт, урматтайт, сыйлайт. Кызыбыз Оля 35 жашта, кесиби – юрист. Мен жашоомдо материалдык жактан көп деле муктаждыгым жок», - дейт ал.

Мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан көп жылдар бою фотосалондордо эмгектенди. Спортту сүйгөндүктөн түрдүү чемпионаттарга да катышып келет.

«1995-жылы “Манас–1000” мааракеси өтүлбөдүбү. Ошондо ушул 3 буттуу жөпжөнөкөй арабам менен Чаек–Каракол–Бишкек–Талас багыттары боюнча жүрүш жасагам. 13 күн жол жүрүп, 1100 км аралыкты бастым го. Ошондо “Манас” ордени менен сыйлангам. Ошондой эле Японияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка да катыштым. Андагы ийгилигим үчүн ошол жылдардагы премьер-министр Апас Жумагулов "Лада" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа ыйгарган. Ушул велоараба экөөбүз 24 жылдан бери биргебиз. Бузулса өзүм оңдоп алам. Май талап кылбайт. Учурда 50 миң км жүрдү», - дейт «Манас» орденинин ээси.
Түп районунда көздөрү боюнча тубаса майып таяке-жээн — 23 жаштагы Аскар Жекишов жана 15 жаштагы Ислам Сыдыков «Дайыма жашоо керек үмүт менен» аттуу концертин тартуулашты.

Булар менен чогуу жүрүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон Аскардын атасы, Исламдын таятасы Кылычбек Жекишовго кайрылганда ал төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул эки жигиттен башка 25 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар «Дайыма жашоо керек үмүт менен» аттуу фондду түзгөнүбүзгө 3 жыл болду. 3 жыл ичинде ар кандай иш-чараларга катышып, жеңиштерди жаратып келебиз. Көптөгөн конкурс-фестивалдын жеңүүчүсү, эки жолу баш байгенин ээси болдук. Акыркы жолу Москвада «Белый трость» фестивалына катышып келгенбиз. Нарын, Чүй облустарын кыдырып бүтүп, Ысык-Көл облусунун Түп районун кыдырып жатабыз. Эми Ак-Суу району эле калды. Аны бүткөндөн кийин Түркияга конкурска катышууга даярданабыз», - деди.
Кара-Балта шаарынын 50 жаштагы тургуну Саяра Абдулаева жолдошунун айынан жол кырсыкка кабылып, 21 жашында майып болгон. Кырсыктан кийин жолдошу аны менен ажырашып кеткен.

Анын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргенине караганда, 29 жылдан бери майыптардын арабасында отурат. С.Абдулаеванын күйөөсү унааны жогорку ылдамдыкта айдап, рулду башкара албай калган. Кырсыктан ал жеңил жаракат алган. Ал эми, анын жубайынын омурткасы жабыркаган. Жол кырсыктан кийин 4 жылдын ичинде С.Абдулаевага бир нече жолу операция жасалды. Дарыгерлер анын бутуна туруп кетүүсүнө үмүт бар экенин айтышкан. Ал калыбына келүү үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасап, кыйынчылыктарды сабырдуулук менен өткөргөн. Убакыт өткөн сайын калыбына келүү мүмкүн эместиги белгилүү болгон.

Саяра Абдулаева кош бойлуу болуп, бирок төрөт учурунда ымыркайы көз жумган. Анын мурдагы калыбына келбей турганын билген күйөөсү аны таштап, экинчи ирет үйлөнгөн. Ажырашуудан кийин ал жашоосуна, дары-дармектерине өзү каражат табышы керектигин түшүнгөн. Анын күйөөсү аз өлчөмдөгү алимент төлөгөн.

«Мектепти жана окуу өндүрүштүк комбинатты аяктап, тигүүчүлүк боюнча үчүнчү баскычтагы тигүүчү кесибине ээ болдум. Андан кийин жеңил өнөр жай техникумуна тапшырып, тигүү жаатында технолог болдум. Турмушка чыктым. Кырсыктан кийин кайрадан тигүүчүлүк менен алектенип баштадым. Ошол жерде алгач жалгыз иштеп, бирок жетишпегендиктен 4 тигүүчүнү жумушка алдым. Кийин аны үч бөлмөлүү батирге алмаштырып, ошол жерде иштеп баштадык», - деди ал.

Убакыт өткөндөн кийин ал экинчи ирет турмушка чыгып, 2 кыз төрөдү. Ал белгилегендей, улуу кызы 14, кичүүсү 7 жашка чыкканда жолдошу көз жумган. Учурда анын кичүү кызы 14 жашта жана ал мектепте окуйт. Ал эми, 22 жаштагы кызы өткөн жылы турмушка чыкты. Бүгүнкү күндө Саяра Абдулаева имаратты ижарага алып, ал жерде кийимдерди оңдоп жана жеке буйрутма менен иштейт.
Нарын районунун Казан-Кабан айылынын 41 жаштагы тургуну Гульбарчын Исаева майыптык араба отурганына карабай, коомдук иштерге активдүү катышып келет.
«Ата-энемдин айтымында, 9 айымда сасык тумоо болуп катуу ооруп, ал өтүшүп кеткендиктен полиомиелит деген дартка чалдыгыптырмын. Кичинекей кезимен бери майыптык арабада отурам. Ден соолугума байланыштуу окуган жокмун. 3-класска чейин ата-энемдер мугалим жалдап министерликке чейин кайрылышыптыр. 3-класска чейин гана окудум. Андан кийин 36 жашка чейинки убактым үйдө өттү. Эч жерде иштеген жокмун, бирок коомдук иш-чараларга, тренингдеге катышып келем. 36 жашка чейинки убактым үйдө өттү», - дейт ал.
Анын айтымында, ал биринчи жолу коомчулукка аралашкан күнүн эч унутпайт.
«2013-жылы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын фестивалына катыштым. Ошондон кийин менин жашоомдо чоң өзгөрүүлөр болду, эстен кеткис күн болду. Менде кызыгуу жана ишенич пайда болду. Кийин Нарын шаарындагы Шарпа Тактарова деген эже уюштурган кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө жасаган буюмдарымды чыгарып, аны сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бишкекке бат-баттан бара баштадым. Жыл сайын ар кайсыл жакта өткөн фестивалга катышып жүрдүм. Быйыл фестивалдардын гала-концерти спорт ордосунда өттү. Концертте комуз чертип, 2-орунду алдым.
Ыр жазам, быйыл поэзия жатында ырларды жарыкка алып чыктым. «Тагдыр каармандары» аттуу ырлар жыйнагына менин 10 ырым кирген. «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан поэзия кечээси өтүп, мен жана башка 3 акындын Сакун Сатыбалдиев, Жумакан Жаркулова, Сапарбек Муратов агайдын поэзия кечеси болду», - деди ал.
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Дөбө айылынын 23 жаштагы тургуну Курбанкул кызы Нурмила 5 жашынан бери генетикалык булчуңдардын шал оорусу менен жабыркап келет.

«Ата-энемдин айтымында, 5 жашымдан кийин ден соолугумда олуттуу өзгөрүүлөр боло баштаптыр. Кийин дарыгерлер мага булчуңдардын шал оорусу деген диагноз коюшту.

Мен басып кетем, айыгам деп ойлоп жүрчүмүн. Ортодо дарыгерлер ар кандай диагноз коюшкандыктан, айыгам деген ой менен дарыланып жүрдүм. Бир жолу көптөн бери күтүп, ушул дарыгер айыктырат деген ишеним менен белгилүү хирург Сабырбек Жумабековго бардык. Ал киши менин ден соолугумду текшерип, анализдердин жыйынтыгын көргөндөн кийин бул ооруу айыкпай туганын, дайыма дарыланып туруу керектигин ачык эле айтты. Ошондон кийин ата-энем, мен дагы катуу депрессия туш болдук. Үмүтүм үзүлүп, сынып калгам, бирок жашоо улана берет экен. Депрессиядан китеп окуп жүрүп чыктым, кайра чыйралдым. Кандай болсом ошондой жашоого аракет кылдым. Адам баласы баарына көнөт экен», - дейт Нурмила.

Ал учурда өзү жазган ырлары менен түрдүү сынактарга катышып келгенин айтат.

«Учурда үйдөмүн, кээде ыр жазам. Өзүм жазган ырларым менен сынактарга да катышам. Жакында эле «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун 10 жылдыгына карата 4 багыт боюнча сынак жарыяланган: долбоор жазуу, ыр жана эссе жазуу, сүрөт жана кол өнөрчүлүк. Мен бул сынакка катышып, ыр жана эссе жазуу боюнча 1-орунду ээлеп, Дубайга эс алууга жолдомо утуп алдым. Эми жазында эс алууга барып келем деген оюм бар», - дейт ал.

Операциядан кийин баспай калып, интернатта тарбияланган Чүй облусунун Кант шаарынын 32 жаштагы тургуну Жибек Сагынбекова үйлүү болду. Үй Бишкек шаарынан берилип, 16-декабрда үй той өткөрүлдү. Тойго кайрымдуулук акциясы боюнча ырчылар жана тааныштар катышты.
Жибек ар кимдин колунда жүрүп чоңойгон. Ал ата-энеси таштап кеткенден кийин интернатта оор күндөрдү башынан өткөргөнүн эскерди.


«Ысык-Көл облусунун Бостери айылында төрөлгөм. Ата-энем кичинекей кезимде эле интернатка таштап кетишкен. 2 жашымда менингит оорусуна чалдыгып, жүлүнүмдөн суу алышкан. Операциядан кийин баспай калып, майып арабага отуруп калдым. Ооруганыма эч качан өкүнбөйм. Ар кимдин колунда жүрүп чоңойдум. 16 жашка чейин Жети-Өгүздө жүрүп, 18 жашымда таежем интернатка алып барып таштады. 32 жашка чейин Кант шаарындагы интернаттардын биринде жашадым.

Менин жашоом 30 жашка чейин караңгы болсо, андан кийин жарык боло баштады. Ар кандай кыйынчылыктар, кайгы-капа, жалгыздык, жокчулук башымдан өттү. Кээде жашабай эле койсом болмок деген ойлор келчү. Башкалардын жашоосуна кызыккан күндөр болду. Себеби аларга жакындары, туугандары келишчү. Мага эч ким келбегендиктен аларга ичим күйүп, ыйладым. Кайгыда көпкө жүрдүм», - деди ал.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 24 жаштагы тургуну Жайнагүл Шамуратова авариядан кийин баспай калган. Ал 11-классты аяктап, 2017-жылы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн уюштурулган бир айлык курста окуган. Анда эң мыкты окуучу болгондуктан ошол жерде иштеп калган.
«2012-жылы октябрь айында досторубуздун үйлөнүү тоюна жигитим менен бирге баргам. Тойдон кийин бир унаада бешөөбүз үйгө келе жатып, айылдын кире беришине жеткенде ичиндеги балдар уруша кетишти. Анын кесепетинен унаа көпүрөдөн өтүп баратканда башкаруусун жоготуп, бактыга жараша сууга эмес, жээгине куладык. Бул кырсыкта менин омурткам, сол жамбашым сынып, бир жылдан ашык төшөктө жатып калдым. Дарыгерлер колунан келишинче жардам беришти.

Адатта мындай жаракат алган адамдардын көбү баспай калат экен. Чоң эмгектин аркасы менен басып калганыма сүйүнөм. Бирок оор кыйынчылыкты жеңүүгө туура келди. Кайра 9 айдан кийин ооруканага жаттым. Жыйынтыгында басканды кайра баштан үйрөнүп чыктым. Азыр өз алдымча баса алам, бирок көчөгө чыкканда оң тарабыма таяк таянам. Анткени оң бутум катуу жабыркаган эле», - деди Жайнагүл.

Нарын шаарынын тургуну, жарым-жартылай азиз Айганыш Бейшеналиева ырдып, ар кандай кароо-сынактарга катышып келет. Айганыш Бейшеналиева 1995-жылы Нарын жергесинде төрөлүп, ушул жерде өскөн. Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы орто мектепте 5 жыл окуган. Кийин 4 жыл Бишкектеги көзү азистер мектебинде билим алган.

«Мен кичинемден Динара Акулова, "Кыз-Бурак" тобу, орус элинин "Мираж" тобунун ырларын угуп чоңойдум. Артисттерди туурап, жада калса бала бакчада түштө балдар уйкуда жатса, мен отуруп алып ырдай берчүмүн. Кичинекей кезимде жол кырсыгынан улам бир көзүм көрбөй калган экен. Көзүмдүн айынан көп нерседен ишке орношуу, өз алдынча кооптонбой басуу жана башкадан чектелип калдым. Ошондо көзүм башкалардыкындай көргөндө эмне деп өкүнүп кетем», - деди ал.
Түп районунун Михайловка айылынын тургуну Аскат Алымбаев 3 баласын жалгыз багып келет.

«Өзүм 1977-жылы Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында туулгам. 12 жыл түзөтүү колониясында отуруп келгенден кийин Жети-Өгүз районунун Чоң Кызыл-Суу айылында 1986-жылы төрөлгөн Нурия Орхомонова менен жашап калдым. Жандар, Айдар, Бекжан аттуу 3 эркек балалуу болдук. Менин паспортум жок болгондуктан балдардын фамилиясы энесиникине Орхомоновдор деп катталды. Нурия быйыл апрель айында катуу оорудан кийин каза болуп калды. Ошондон бери балдарды багып келе жатам.

Ракмат айтуу керек, балдарды карап, тамак-ашын бышырып бергеним болбосо азык-түлүк, кийим кечектерди Михайловка айылынын эли, айыл өкмөттүн башчысы Тоту Жумашевна баш болгондор алып келип берүүдө. Кошунам Жусуп бир тууганымдан артык каралашса, тегирмендин кожоюну Майрамбек ундан кем кылган жок. Акимиат, айыл өкмөт жардам кылабыз дешти. Балдарга жөлөк пул чыгарып бергенге жардам беришсе, өзүм иштеп, балдарымды тарбиялай берем», - деди А.Алымбаев.
Токтогул районунун Торокен айылынын 21 жаштагы тургуну Дөөлөтбек кызы Бегимай жашоосундагы кыйынчылыктарга карабай, өз максатына умтулуп, учурда программист адистиги боюнча билим алууда.
«Дарыгерлер мага арка омурткалардын сколиозу (сколиоз позвоночника и несовершенный остеогенез) деген диагноз коюшту. 8-9 жашымда бир дарыгерге бардык, ал көрүп бүткөндөн кийин «тилекке каршы кызыңыз ушул бойдон калат, айыктырууга болбойт» деп айтты. Дарыгердин айткан сөзүнө макул болбой, ата-энем мени айыктырып алабыз деп дагы көп дарыгерлерге, жада калса табыптарга чейин алып барышты, бирок жыйынтык болгон жок. 4-классымда кыйналып, бир таяк менен баса баштадым. 2011-жылы тайгаланып кетип, бутумду сындырып алдым. шентип 3 жолу операция болдум. Мен 3 операциядан кийин кайра бутума турууга аракет кылып, акырындык менен аны ишке ашырып келе жатам», - дейт ал.
48 жаштагы Айнура (аты өзгөртүлдү) эки ирет ала качуунун курмандыгы болгон. Ал экинчи жолу Нарын шаарындагы жигитке турмушка чыгып, аны менен 16 жыл жашап ажырашты.
7 баласы бар баатыр эне мыйзамдуу түрдө жолдошу менен ажырашканына 4 жылдан ашты. Күйөөсү менен эч кандай катышпайт, алимент алуудан да баш тарткан. Себеби өзүнүн жана балдарынын көңүлү катуу калгандыгын айтат. Убагында жолдошу менен жашап жүргөндө көрбөгөн кордукту көрүп, ачка сыртта калган күндөрү көп болгон. Ал башынан өткөргөн окуяларын аймактык кабарчыга айтып берип, кыз-келиндер мындай тагдырды баштарынан өткөрбөсө деген тилегин белгиледи. Учурда ал жетишсиз жашоодо жашаса дагы тынчтыкта өмүр сүрүп жатканына сыймыктанат.
Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын 41 жаштагы тургуну Гүлзар Дүйшөнова мындан 11 жыл мурун жол кырсыкка кабылып, анын кесепетинен баспай калган. Бирок бутум баспайт деп өзүн таштап койбостон котормочулук менен алектенип, 2 баласын багып, коомдук иштердин арты менен Японияга чейин барып келген. Ал жакында эле өткөн «Майып арабадагы бий» сынагында 1-орунду алды. Ушул абалына да шүгүр келтирип, алдынан чыккан кыйынчылыкты жеӊип келе жаткан Гүлзар Дүйшөнова менен аймактык кабарчы маектешкен. (Толугу менен)
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылынын 35 жаштагы тургуну Ырысгүл Базарбаева учурда майып арабада отурат. Ал буга чейин эл катары Россияда эмгектенип, чоң-чоң максаттарына умтулуп күн кечирип келген. Бирок 2016-жылы жол кырсыгынан каза болгон апасы менен эжесинин миллиондогон суммадагы насыясын мойнуна алгандан кийин анын жашоосу түп тамыры менен өзгөргөн.
Эжемден айрылдым

- Атам Кара-Кулжа районунан болот. Апам болсо Өзгөн районунан. Он бир жашымда атабыздан ажырап, турмуш шартка байланыштуу Бишкекке көчүп келип жашап калганбыз. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп, эки башка жолго түшкөнбүз. Кудайыма шүгүр, 11 жаштагы уулум бар.

2014-жылы июль айында апам менен бир тууган эжем Казакстандан келе жатышып жол кырсыгына кабылып, эжем каза болду. Ал кезде мен Москвада элем. Анын артында мектеп жашындагы алты баласы калган. Апам болсо кырсыктан оор жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Таӊга маал тергөөчү телефон чалып, «эжеӊ өлүкканада» деп кабарлады. Алгач уккан кулагыма ишенбей, нес болуп калдым. Эмне деп сүйлөп жатканымды билбей, тергөөчүгө «эжемди бандиттер кармап алган экен. Канча акча десеӊер котором, коё бергиле» деп жалдырай баштадым. Ал мени урушуп, «каяктагы бандиттер, ал өлүкканада» дегенде, ошол жерден ыйлап жибердим. Айламды таппай калдым. Эртеси учакка билет алып, Кыргызстанга учуп келип, эжемди акыркы сапарга узаттык. Ошондо менден жашырып келген бир сырды билдим.

Миллион сомдук карызды мен мойнума алдым

- Ошол сырды билгенден кийин какаганга муштаган болуп, биздин жашообуз андан ары татаалдады. Көрсө, алар үйдү күрөөгө коюп, жеке банктардын биринен насыя алышыптыр. Ал кезде апам Казакстанда ооруканада жаткан. Карызды мен мойнума алдым. Атамдын карындашы каза болгон эжемдин алты баласын, ал эми улуу эжем ооруп жаткан апамды карамай болушту. Ошентип каза болгон эжемдин жетилигин өткөрүп коюп, Казакстандан апамдан кабар алып, андан ары Москвага жөнөп кеттим.

Кайын журтум жакшы адамдар. Шүгүр, сый мамилебиз сакталып калган. Уулумду чоӊ атасы менен чоӊ энесине берүүгө туура келди. Оорлошуп кеткен турмушумду айттым. Алар мени туура түшүнүшүп: «Бала сеники, багып беребиз. Үй-бүлөӊө жардам бер, баары жакшы болот» деп жылуу сөздөрү менен узатышты. (Толугу менен)




Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×