Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.12.2018 14:10

Караколдогу жол кырсыктан кийин электр жарыгы өчтү (сүрөт)

Turmush -  Жол кырсыктын кесепетинен Каракол шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчтү. Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, «Субару» үлгүсүндөгү унаа шаардын Октябрь жана И.Күчүков көчөлөрүнүн кесилишиндеги электр мамысын сүзүп токтогон.

Айдоочу унааны башкара албай калганы маалымдалды. Бактыга жараша айдоочу жабыркаган эмес. Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×