Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.12.2018 13:40

Ак-Суунун Ак-Чий айылында 100 орундуу бала бакча ачылат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Чий айылында 100 орундуу бала бакча ачылат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Максат Дорбаев билдирди.

Анын айтымында, союз мезгилинде курулган бала бакча менчиктештирилип кеткен. 2014-жылы имарат айыл аймактын балансына өткөрүлүп, 5 долбоор аркылуу оңдоп-түзөлгөн.

«Айыл эли да жардам берди. Эл аралык уюмдарга долбоор жазып, толук оңдолуп, тиешелүү эмеректер алынган. 100 орундуу "Наристе" бала бакчасынын башчысы Гүлназ Максутова жана тарбиячылар ички жасалгаларын жасап жатышат», - деди ал.

Айыл аймагынын карамагына өткөн бала бакча 2019-жылдын январь айында пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×