Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Талас облусуБакай-Ата району 28.12.2018 15:40

Айыл турмушу: Бакай-аталык почточу Н.Акылбекова жаш балдар үчүн чапандарды тигип сатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 54 жаштагы тургуну Наватбүбү Акылбекова маянанын аздыгынан кол өнөрчүлүгү аркылуу үй-бүлөлүк киреше табып келет.

Өзүнүн айтымында, кичине кезинен эле чеберчиликке жакын.

«Кичине кезимден эле колум тигүүгө жөндөмдүү болдчу. Кичине болгондуктан апамдын жасагандарын карап отуруп калчумун. Бир аз чоңойгондо апама шырдак оюп, шырдак басышып жардам берип калчумун. Ошентип жүрүп бир топ тажрыйба топтоп калгам. Өзүмдүн кичинекей тигүүчү кол машинам дагы бар болчу. Ошол кол машина менен үй тиричилигине керектүү нерселерди тикчүмүн. Кийин балдарыма, жакындарыма кийим-кечектерди тигип берип жүрдүм. Ошентип убакыттын өтүшү менен кыз-келиндер үчүн халат, белдемчи, көйнөктөрдү тигүүгө буйрутма ала баштадым. Аларды жаңы фасондо тигип даярдачумун.

1982-жылы Бакай Ата районуна караштуу Таш-Кудук айылына турмушка чыктым. Келин болуп келгенде тегеректегилердин шырдактарын оюп берип жүрдүм. Эл менин кол өнөрчүлүгүмдү билип, буйрутмалар токтобой келип жатат. Санын көп кылам деп шашып иштебейм. Анткени көпчүлүк буйрутма берген кардарлар менен эртеси эле көрүшөм. Ошондуктан сапатка көңүл буруп жасайм. Уят болгум келбейт. Учурда кичинекей балдарга шырылган чыптама, чапан тигип жатам. Элден эл угуп келип, буйрутма берип жатат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле Бакай-Ата айылындагы почтада иштей тургандыгын кошумчалады.

«Өзүмдүн негизги кесибим эсепчи. Учурда Бакай-Ата айылындагы почтада иштейм. Ал жердеги маяна барыбызга белгилүү. Ошондуктан бул кол өнөрчүлүгүм менен киреше табууга мажбурбуз.
1 күндө жумуштан келип, 2 чермий, 2 чапан тигем. Эгерде 1 күн бою отурсам 10 чакты чапан же чыптама тигип коём. Өзүмдүн тигүүчү жаңы машиналарым бар. Кол өнөрчүлүгүм менен бирге мамлекеттик жумушумду дагы чогуу алып кетип кызмат кылып жүрөм. Узун ийне менен дагы кийим токуйм. Азыркы кезде токуу токтоп турат. Анткени ага убакыт тар. Пардаларды дагы шакекче салып түрдөп тигем. Ар кандай кооздуктагы пардаларды даярдайм.

Чапандарды 3 жаштан жогорку кичинекей балдарга тигем. Баалары жаштарына карата 650 сомдон өйдөлөп кете берет. Кездемелерди Бишкектен алып келем. Неберелериме өз колум чыптама тигип берем. Улуу кызым тикмечи. Менин кол өнөрчүлүк жолумду улап кетет деп ойлойм. Буйруса цех ачып, кыз-келиндерди алып жумуш менен камсыздасам дейм», - деди ал.

Наватбүбү айым 3 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
44.05% (111)
«Банк Компаньон»
18.25% (46)
«РСК Банк»
9.92% (25)
...
Всего голосов: 252
×