Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 27.12.2018 14:01

Рейд: Жайылда түнкүсүн көчөдө жүргөн 15 өспүрүм аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Жайыл РИИБ тарабынан жаӊы жыл майрамына карата 26-29-декабрь күндөрү Жайыл районунун, Кара-Балта шаарынын аймагында «Өспүрүм» жана «Өспүрүмдөр түнү» рейди болуп өттү.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, рейд учурунда түнкүсүн ата-энесинин көзөмөлү жок жүргөн 15 өспүрүм аныкталган. Алар РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алардын ичинен бирөө аз камсыз үй-бүлөнүн баласы экени аныкталып, анын иши райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×