Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.12.2018 12:10

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 42 жыл мурун курулган маанилүү имаратты оңдоду

Turmush -  Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун имараты толугу менен оңдоп түзөөдөн өттү. Тактап айтканда, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду мекеменин имаратынын ички жана тышкы оңдоп-түзөө иштерине 4 млн 554 миң 829 сом акча каражатын бөлгөн.

Аталган мекеменин имараты 1976-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Эскилиги жеткен чатырдан суу өтүп, иш бөлмөлөрүн суу каптаган учурлар болуп келген. Бүгүнкү күндө аталган фонддун каржылоосу менен мекеменин чатыры толугу менен жаңыртылды. Ошондой эле жаңы эшик-терезелер салынып, заманбап ажатканалар курулуп, тегерек четине тосмолор коюлду.

Белгилүү болгондой Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда ар түрдүү вакциналар жана химиялык заттар сакталат. Ошол себептен өзгөчө кайтарылуучу объектилердин катарына кирет. Андыктан имаратта бардык коопсуздук талаптары сакталышы шарт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×