Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 27.12.2018 10:11

Айыл турмушу: Эки саат тынбай «Манас» айткан Канат улуу эпосту даңазалоого үндөйт (сүрөт, видео)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын 20 жаштагы тургуну Канат Күрүчбек уулу мектеп босогосун аттагандан бери «Манас» эпосунан үзүндү айтат. Ал аталган эпосту толугу менен окуп чыкканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Канат үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Мектепте окуп жүргөндө эпосту жаттап айткан. Кийинчерээк аскерге барганда да бир нече сынактын жеңүүчүсү болгон. Андан соң чоң манасчылар менен таанышып, «Манасты» мурдагыдан да жакшы түшүнүп, көз карашы өзгөрүп, жаттап айтпай окуп түшүнүп, кайра аны жамакташтырып айтууну үйрөнгөн. Эпосту толугу менен окуп чыккан Канат 2 саат тынбай «Манас» айткан.

«2005-жылы мектеп босогосун аттагандан тартып мектептеги иш-чараларда "Манас" айтып баштагам. Биринчи жолу Каныкей энебиздин тайторуну чабышын кыска эпизод менен айткам. Андан кийин да жаш таланттардын сынагына катышып жүрдүм. Кызыгып китеп көп окуп баштадым.

2014-жылы Бишкек шаарындагы агро-техникалык колледждин ветеринария факультетине тапшырдым. Колледжди аяктаган соң Ош гарнизону №368 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келдим. Аскерде жүргөндө "Аскер таланттары" сынагына катышып, баш байгени жеңип алгам. Бишкектен чоң манасчылар менен тааныштым. Ат-Башы районунда жаштар уюму менен Манас таануу боюнча көптөгөн иш-чараларды өткөрүп келебиз», - деди ал.

Жаш манасчы: «Кичинекей кезимде "Манасты" кадимкидей жаттачумун. Учурда Саякбай Каралаев жана Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы китептерди окуп, өз түшүнүгүмдө аны жамакташтырып узагыраак айтканга аракет кылам. "Манас" эпосун толук окуп бүттүм. Кайсы окуяны айтып жатсам, аны элестетип, образга кирип айтам. "Манас" — кыргыз элибиздин көөнөргүс мурасы. Аны менен кыргыз элибиз даңкталып, баркталып жатат. Чоң манасчыларды көрүп биз сыймыктансак болот. Алар байыркы мурасты ушул күнгө чейин алып келишти. Ал манасчылар жок болсо эпос даңкталбай калмак.

Бишкек шаарында 2016-жылы 7 күндүк "Манас" айтуу иш-чарасы болуп, 2 саат тынбай "Манас" айткам. Бирок бир аз тамагым ооруган эле», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×