Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 26.12.2018 13:19

«Ош-Тазалык» ишканасы мэрия берген 35 млн сомдон эмне үчүн баш тарткан жок? Жетекчинин жообу

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Ашим Осмонов «Ош-Тазалык» ишканасынын жаңы жетекчисине: «35 млн сомдук субсидиядан баш тартпайбыз деп интервью бериптирсиз. Эмне үчүн?», - деп суроо берди.

Аталган ишкананын жетекчиси Нурбек Исмаилов: «Кызматкерлердин эмгек акысы, шыпыруучу, жүк ташуучуларды эске алганда ушундай болууда», - деди.

Сөзгө аралашкан мэр Таалайбек Сарыбашов: «Булар акча алып көнгөн да. Эми калыстык үчүн мисал келтирип айтайын. Шаардагы эң чоң ресторандын бири "Олигарх" айына "Тазалыкка" 7 миң сом төлөйт экен. Анан "Кудайберди" унаа тетиктер базары 20 миң сом төлөйт экен. Болбосо таштандынын баары ошол базардан чыгат, бул калыстыкпы?», - деди.

Буга чейин Нурбек Исмаилов кызматка киришкенден баштап жакшы уктай электигин айтып, ишкананы өнүктүрүү үчүн болгон күчүн жумшарын белгилеген.

«Менин муниципалдык тармакта 4-5 жылдык тажрыйбам бар. Бул ишканага чөнтөккө иштөө үчүн келген жокмун. Ишкананы көтөрүү, шаардын тазалыгын камсыздоо үчүн келдим. Мурунку жетекчи да абдан жакшы иштеп кетиптир. 5 жыл иштегенине байланыштуу чарчап, өз каалоосу менен арыз жазыптыр. Ишканада чындыгында чарчайт экенсиң. Мен ишке кечээ эле келип, 1 суткадан бери уктай элекмин. Көзүңдү жумсаң эле таштандылар тоодой үйүлүп кетет экен. Ошондуктан көздү жумбай иштөө керек. Эми буйруса колумдан келишинче иштеп берүүгө аракет кылам.

Жаңы жылдан баштап коммерциялык ишканалар менен келишим түзүп, ишкананын бюджетин көтөрүүгө аракет кылабыз. Айына абоненттерден 7-8 млн сом чогулат экен. Бир жылда 80 млн сомдой акча чогулат. Ачык айтайын, жумушчулардын эмгек акысына 5 млн сом кетет. Социалдык фонд, салык, күйүүчү майга акча кетип отуруп, өзүн-өзүн актай албай калат экен. Мына азыр субсидиясыз эле ишкананын күйүүчү майга карызы бар. 400дөн ашуун адам иштеген ишканага субсидия албай туруп кантип жеткиребиз? Эми бул маселе боюнча мэриядагы экономисттер, вице-мэрлер менен кеңешип, бир чечимге келебиз», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×