Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Талас облусу, Талас 26.12.2018 16:56 Жаңыланды: 29.12.2018 17:04

2018: Аялын бычактоо, 5 млн сомдук тамекилер, 65 кг карышкыр, ажал менен 8 саат кармашуу, чиновниктин чоң муштум «шоопуру»... Таластагы окуялар

Turmush -  2018-жыл Кыргызстан үчүн кандай өттү? Өлкөнүн ар кайсы аймактарында, саясий, маданий, экономикалык, маселелер көтөрүлүп, коомчулук алардын ар бири менен кабардар болуп жатты. Элге туура жана так маалымат жеткирүүдө Turmush басылмасы лидер экендигин бул жылы далилдеди. Төмөндө 2018-жылда Талас облусунда кандай окуялар болгондугу саресеп салынат.

Таластын Май айылында жаңы мектеп ачылды

Жыл башталган январь айынын 12-күнүндө Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанаты өткөн.

Мектеп директору Жылдыз Жапаркулованын айтымында, 320 орунга ылайыкташтырылган Ш.Кочкорбаев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушуна 92 млн сомдон ашык каражат кеткен. Премьер-министр мектепке 16 компьютер, 4 проектор, 5 сыналгы белек кылган.

Таласка келип, каракчылык кылган казакстандык жигиттер колго түштү

Февраль айында Талас облусунда каракчылык кылган казакстандык 2 жигит кармалган. Бул тууралуу ИИМден билдиришкен.

Маалыматка караганда, 12-февралда саат 20:30 чамасында Талас районунда азиат түспөлүндөгү белгисиз 2 адам такси кызматын көрсөтүп иштеген таластык 24 жаштагы жигиттин «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаасына отурушкан. Алар дароо айдоочуга кол салып, электрошокер менен коркутуп, Талас району тарапка багыт алышкан. Көк-Ой айылына жеткенде унаанын күйүүчү майы түгөнүп, токтотууга мажбур болушкан. Ошол убакта айдоочу качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок кылмышкерлер айдоочунун акчасын, документтерин жана жеке буюмдарын алып, унааны кароосуз таштап, изин жашырып кетишкен.

Айдоочу бул окуядан кийин ички иштер органдарына кайрылып, милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзө башташкан. Көп өтпөй шектүүлөр изин жашыруу максатына автобекетке келген учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Алар Казакстандын Жамбыл облусунун 1991-жылы туулган тургуну Д.Т. менен 1995-жылы туулган И.Г. экендиги такталды. Аларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жаткан.

Бөрүлүү мезгил: Таластык Т.Эстебесов салмагы 65 кг болгон карышкыр атты (видео)

Талас районунун Жоон-Арык айылынын 51 жаштагы тургуну Таалай Эстебесов 23-февраль күнү Талды-Булак айылынан 65 кг салмактагы карышкыр аткан. Аны менен аймактык кабарчы таанышып келген.

Өзүнүн айтымында, унаа оңдогон устакана иштетет. Атайын уруксат кагаздарын алып, карышкырларга аңчылыкка чыгып турат.

«Кышкы мезгилде малга кол салган карышкырлар көп болот. Уруксат кагаздарын алып, аңчылыкка чыгабыз. Кышында карышкырдын өңү кубулуп, ак түстө болуп калгандыктан атууга кыйынчылык жаратат. Түндө алар тоодон ылдый түшүп, таңга маал кайра өйдө чыгышат. Карышкырлар жогору чыккан кезди күтүп, жолунан тоскондун аракетинде болобуз. Өткөн жолун тапканда жашынып, күндүн суугуна карабай күтөбүз. Карышкыр көзүңө илинбей калышы да мүмкүн. Анткени түсү кардан билинбей калат. Бир сезондо 10го жакын карышкыр атам. Карышкылар сезондо 70ке чейин чоң жылкыны жеп кетишет. Чоң карышкырдын күчү бир чоң жылкыны жыгып жегенге жетет. Эң чоң карышкыр 23-февраль күнү түнкү саат 3:30да атылды. Салмагы 65 кг болду. Бул кышта 6 карышкырды аттым», - деген ал.

Аңчы жубайы Гүлмайрам Раишова экөө 3 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Ажал менен 8 саат кармашуу: Таластагы дарыгер М.Ибраимов Бишкектен хирург барганча кан тамырдан кан агызбай 8 саат кармап турган

21-февралда Бакай-Ата аймактык ооруканасындагы хирург Марип Ибраимов бычактан алган жаракат менен түшкөн бейтаптын кан тамырын 8 саат бою кармап тургандыгы тууралуу маалымат тараган.

Ал 8 саат бою Бишкектен бара жаткан хирургду күткөнүн Улуттук госпиталдын дарыгери Эльза Токтоназаров социалдык түйүндөгү баракчасына жазган болчу.

Анын айтымында, Бакай-Ата аймактык ооруканасына 21-февралда саат 20:00 чамасында 1988-жылы туулган О.Э. бычактан жаракат алып, оор абалда түшкөн. Бейтапка дароо операция жасалып, ошол эле убакта Бишкектен кан тамыр боюнча дарыгер Жунус Акышов чакырылган. Аталган дарыгер 22-февраль күнү саат 04:00дө ооруканага барган. Дарыгерлер операцияны ийгиликтүү аяктап, бейтаптын абалы турукташкан болчу.

Аймактык кабарчы хирург Марип Ибраимовдон маек алган.

- Марип Рашитканович өзүңүздүн эмгек жолуңуз тууралуу айтсаңыз.

- Мен 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо бөлүмүн аяктагам. Клиникалык ординатурамды Бишкектеги Жал ооруканасында Эне жана баланы коргоо институтунда аяктагам. Биринчи эмгек жолум Кара-Буура райондук ооруканасында башталды. Ал жакта 8 жыл эмгектенип, андан соң 2010-жылдан бери Бакай-Ата райондук биргелешкен орукананын хирургия бөлүмүн башчысы болуп иштеп келем.

- Бакай-Ата району чакан. Күнүнө сиздердин бөлүмдө канча операция жасалат?

- Күнүнө орточо 3төн 5ке чейин операция жасасам, кээде 10дон ашык операция жасаган да күндөр болгон. Акыркы учурларда операциялардын саны көбүрөөк катталууда.

- Жакында 8 саатка созулган операция боюнча маалымат тарады. Ошол боюнча айтып берсеңиз.

- Ал 21-февраль күнү болду. Саат 21:00 чамасы эле. Жаңы эле операция жасалып, аяктап жатканбыз. Көкүрөгүнө курч нерсе менен жаракат алган 30 жаштагы тургунду алып келишти. Операция бөлмөсү даяр болгондуктан 10 мүнөттө кабыл алып, операция баштадык. Анестезиолог Жылдызбек Токтогулов менен операция башталды. Биз операция учурунда анын көкүрөгүнө сайылган курч нерсе өпкөсүн тешип өткөндүгүн тактадык. Ал жерге 2 литр кан толуп калган. Ошол жерде чоң кан тамыр үзүлүп кеткенин көрдүк. Чоң кан тамыр — бул баш мээден айланган канды жүрөкө алып келчүү кызмат аткарат. Анестазиолог кан басымын тууралап, бейтапты бир акыбалда кармап турду. Биз үзүлгөн кан тамырды тигүүгө аракет кылып жаттык. Бирок бизде кан тамыр тигүү үчүн атайын жабдыктар жок болгондуктан Бишкектен атайын кан тамыр хирургун чакырууга аргасыз болдук. Ал түнкү саат 04:00дөн өтүп келди. Ал келгенче үзүлгөн кан тамырды кармап турдук. Кийин ал келип, үзүлгөн кан тамырды улады. Негизи операция бөлмөсү даяр болбогондо убакыттан уттурмакпыз. Жабырлануучу бизге түшкөндө ээси жоготуп, кан басымы жок келген болчу. Мындай жаракат менен көптөрү ооруканага жетпей каза болуп кетишет. Операция бөлмөсүндө жаңы эле операция жүрүп, баары даяр болгондуктан амана алып калууга жетиштик.

- Дарыгер үчүн күтүүсүз учурлар көп болот эмеспи. Эсиңизде калганы эмне болду?

- Ушул адамдын жашоосу үчүн 8 саат күрөшкөн операция эсимде калат. Мындай окуя 20 жыл жумуш тажрыйбамда биринчи жолу болду.

Маегиңиз үчүн рахмат.

Фото — Талас облусунда биринчи жолу ак илбирстер фотокапканга түштү

Талас облусунда биринчи жолу ак илбирстер фотокапканга түштү. Бул тууралуу АКИpress агенттигине «Пантера» фондунун өкүлү Заирбек Кубанычбеков билдирген.

Анын айтымында, фотокапкандар «Чегетей-Тоо» жана «Пантера» уюмдарынын өкүлдөрү ак илбирс тоо текени жеп жатканын көрүшкөндөн кийин орнотулган.

«Фотокапкандар Бакай-Ата районунун Күмүштак аймагында орнотулган. Аталган аймакта Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте жапайы жаныбарларды коргоо иштери жүрүп жатат», - деген ал.

Айбек Акматов Талас ШИИБдин башчысы болуп дайындалды

Акматов Айбек Нурсланбекович Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри кол койду.

Акматов Айбек Нурсланбекович 1978-жылы 23-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Май айылындагы 3 улуттун өкүлдөрү 120 миң сом чогултуп, Ноорузду чогуу тосушту

Манас районунун Май айылында жашаган кыргыз, түрк, күрд улутундагы адамдар Ноорузду майрамдашкан. Бул тууралуу айыл башчы Кубанычбек Рыскулов билдирген.

«Биздин айылда 785 түтүн эл жашайт. Айылда түрк, күрд элдери да бар. 8 жылдан бери Ноорузду айыл эли жалпы чогулуп тособуз. Быйыл майрамды боргелик уруусууюштурду. Кийинки жылы баур уруусу тосмой болуп, эстафетаны алды.

Быйыл жашоочулардан 120 миң сом каражат чогултулган. Бир жылкы союлуп, 2 кап ундан боорсок жасап, 100 кг күрүч басып барына жеткирдик. Андан тышкары 45 миң сом спорттук оюндарга бөлүндү», - деген ал.

Айыл аксакалы Асанова Саадат апа Нооруз майрам чоң той болгонун кошумчалады.

«Бир айылдын элин бала-чакасы менен тосуу — бул чоң той. Бир гана биз эмес түрктөр да, күрддөр да келип конок болушту. Ар дайым бир айылда ынтымактуу жашап жатканыбызга сүйүнөм», - деген ал.

Күрд улутунун өкүлү Мустобло Насиптин айтымында, аларга Нооруз майрамын уюштуруу кезеги 2 жылдан кийин келет.

«Биз абдан кубанычтабыз. Бүгүн бизде улуттар аралык майрам болду. Албетте биз да өзүбүздүн улуттук бийлерибизди бийлеп бердик. Абдан жакшы өткөрдүк. Биз бири-бирибиздин сөздөрүбүзгө түшүнөбүз. Ушул айылда жашап калгандыктан көбүнчө кыргыз тилинде сүйлөйбүз», - деген ал.

Кечээ ар кандай оюндар да ойнотулуп, айыл тургундарына белектер тапшырылды.

Кароосуз калган батирлер: Таласта ээн калган батирлер боюнча маселе сотто каралууда (фото)

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндө 2 кабаттуу 2 үй менен 4 кабаттуу 2 үйдөгү 18 батирдин ээси жок экендигин айыл башчысы Нурдин Анаркул уулу билдирген.

Анын айтымында, бул үйлөр көп жыл мурун менчиктештирилген. Бирок эл жашаган батирлерден тышкары бош калган 18 батир аныкталып, ээлери табылган эмес.

«Бүгүнкү күндө батирлерди айыл аймакка өткөрүп берүү маселеси сотто каралып жатат», - деген ал.

Ал эми тургундардын айтымында, бул жерде бош калган үйлөр райондун борборунда жайгашып, көрктү бузат. Алардын ичинде бейбаштык окуялар көп катталат.

Буга чейин облус жетекчилиги өзүнүн 100 күндүк ишмердиги боюнча берген отчетунда сот чечими чыгып, батирлер айыл өкмөттүн карамагына өткөн соң коммисия карап чыгып, алар үйү жок үй-бүлөлөргө, медкызматкерлерге жана мугалимдерге бериле турганын билдирген.

Таласта милициянын бир катар жетекчилери кызматтарынан бошотулду (ысымдар)

30-мартта ИИМдин Башкы штабынын комиссиялык текшерүүнүн негизинде Талас ОИИБдин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жылдык жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешме өкүп, бир катар жетекчилер иштен алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жетекчилер ишиндеги кемчиликтер үчүн иштен кетирилген.

Алар:

- Талас ОИИБдин башчысы Ильяс Касымбаев;

- Манас РИИБдин башчысы Мискенбай уулу Максатбек;

- Талас ОИИБдин Каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошов.

Ошондой эле, Талас ШИИБдин мурдагы башчысы, азыркы учурда Кара-Көл ШИИБдин башчысы Аркыт Нусубалиев кызматынан бошотулган.

Өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин аткарышпай, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн толугу менен уюштурбагандары үчүн Талас ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары жана Талас ОИИБдин, Кара-Буура, Бакай-Ата, Талас РИИБдин, Талас ШИИБдин Борбордук аппаратынын жетекчилери тартиптик жаза алышкан болчу.

Б.Матисаков Талас ОИИБдин башчысынын орун басары болуп дайындалды

Матисаков Бакыт Эрмекович Талас ОИИБдин башчысынын орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган белгилүү болгон.

ИИМдин маалыматына караганда, милициянын подполковниги Б.Матисаков буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын бөлүм башчысы болуп иштеген.

А.Иманбеков Манас РИИБдин убактылуу жетекчиси болуп дайындалды

Иманбеков Артур Сланович Манас РИИБдин жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдаган

Маалыматка караганда, милициянын полковниги А.Иманбеков буга чейин Талас ШИИБдин жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

К.Күрүчбекова Талас шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Талас шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп Асел Күрүчбекова дайындалган. Бул тууралуу мэриядан билдиришкен.

Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы тууралуу буйрука Талас шаарынын мэри Айдар Жузубеков 5-апрель күнү кол койгон.

Талас облусунун жетекчисинин айылдашы менен чатакташкан айдоочусу иштен алынды

Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айдоочусу Каныбек Өзүбеков жумуштан кеткен. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Бакай Садыров билдирген болчу.

Маалыматка караганда, облус жетекчисинин айдоочусунун жумуштан алынышына өзүн коомдо алып жүрө албаганы себеп болгон. Жумуштан алуу боюнча буйрукка чарба бөлүмүнөн чечим чыгарылды.

Окуя тууралуу:

8-апрель күнү саат 18:30 чамасында Талас ОИИБге Талас облустук ооруканасынан Көк-Токой айылынын 1976-жылы туулган тургуну Каныбек Иманбаевдин сабалып түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.

Ал иликтөө учурунда өзүнүн 1986-жылы туулган Каныбек аттуу айылдашы сабагандыгын билдирген. Сабаган айылдашы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айдоочусу болуп иштечү.

«Мен Көк-Токой айылынан токой жээкке барсам, таякем «КамАЗы» менен туруптур. Ал ошол жакта жашаган Каныбек аттуу айылдашыбыз менен чырлашып жатыптыр. Мен ортого түштүм. Анан мени ура баштады. Иним келип, таякем экөөлөп ажыратып жатышты. Кетели десек Каныбек таш менен астымдан тосуп туруп, досторун чакырды. Спортук кийимчен 5-6 бала келди. Каныбек менен дагы бир бала мени башка-көзгө ургулап сабашты. Ооруканага түшүп, өзүмө жаңы келип жатам. Губернатордун шоопуру экен, ошого таянып жатса керек. Менин ишимди милиция кызматкерлери карабай жатат. Бир жолу түшүнүк кат алып кеткен бойдон кабар жок», - деген ал.

Айыпталып жаткан Каныбек Өзүбеков дагы ден соолугуна байланыштуу ооруканада экени белгилүү болгон.

«Мен Көк-Токой айылында окуя болгон жерде жашайм. Мындан бир нече жыл мурун 50дөн ашык адамдын колун топтоп, кум ташыгандарды токтотком. ӨКМ жыл сайын милиондорго дамба салат. Мыйзамсыз кум ташыгандар суунун нугун бузуп, карьер кылып алышкан. Ошол күнү токойго «КамАЗ» менен экскаватор киргенин көрдүм. Барсам 3 киши экен. Кум алба деп жаран катары айттым. Анткени жаратылышты сактайлы деген демилгени мен көтөрүп чыккам. Өзүм жашаган аймактын сактыгын каалап айттым. Аңгыча экөөбүздүн ортобуздагы сөз жаңжалга айланып кетти. Тиги адам мени жакалап кирди. Аркамдан инилери муунтуп, бири чекемди айрып жиберди. Мен ачууланып, инисин бетине уруп жибердим. Үчөөлөп жабылып сабашты. Жалгыз алым жетпейт эле. Көчөдө кошуна балдар чуркап келип куткарып калышты. Үйгө келип, жатып калдым. Башым ооруп, ооруканага түштүм. Талас райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жаздым. Соттук-медициналык экспертизадан өткөрүштү. Ошондон бери ооруканада көзөмөлдөмүн. Мунун жумуш менен тиешеси жок, менин үйүмдүн айланасы болгондуктан эскерткем», - деген ал.

Талас ОИИБ аталган факты боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын билдирген.

Видео — Таласта банктардан кредит алып, үйүнөн ажырагандар президентке кайрылышты

Таласта банктардан кредит алып, үйүнөн ажырагандар соттордун үстүнөн даттанышкан. Алар бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде АКИпресс-Таласта өткөн маалымат жыйында билдиришкен эле.

Карыз алгандардын өкүлү Эльдар Алаковдун айтымында, алар райондор аралык соттун судьяларынын чечимдерине нааразы.

«Соттор экономикалык иштерди комерциялык банктардын пайдасына чечип берип коёт. Банктар дагы, соттор дагы биздин укугубузду тебелеп жатышат. Бизге бир дагы сотко чакырык барган жок. Үйлөрүбүз аукционго чыкканда гана билип калып жатабыз. Маалымат жыйынга келгенибиздин бирден бир себеби өлкө башчысы С.Жээнбековго кайрылуу. Анын укук коргоо органдарына, сот структураларындагы кемчиликтерди жоюу боюнча демилгесин колдойбуз. Биздин маселени көзөмөлгө алууну суранабыз», - деген ал.

Ал эми Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Кулушова жалпы райондор аралык сотто кредит финансы боюнча 8 иш каралганын билдирген.

«Финансы-кредиттик мекемелер тарабынан 8 доо арыз боюнча экономикалык иштер каралып, доо арыздардын канааттандырылгандыгы жөнүндө соттун чечимдери кабыл алынган. 2018-жылга карата экономикалык 3 иш боюнча күрөөдө турган мүлктөрдүн баасын аныкташ үчүн соттук курулуш экспертиза дайындалгандыгына байланыштуу иштерди жүргүзүү убактылуу токтотулган», - деген Кулушова.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 17-апрелде Талас шаарындагы райондор аралык соттун алдына 20га жакын адам нааразычылык акциясына чыгышкан.

Алардын айтымында, жергиликтүү банктардан насыя алышып (ар кандай сумма), үйлөрүн күрөөгө коюшкан.

«Ар кимибиз шартка жараша учурунда акча төлөй албай, иш сотко өтүп кеткен. Бул жактан 44 адам үйүбүздөн айрылып, ушул жерде турабыз. Канчалаган киши соттошсо да өкүм банктын пайдасына чечилет. Кызыгы турак жайыбызды банкка өткөрүп берүүдө бизге кабар барбай эле соттун чечими чыгып калат. Кабары жок эле калып калат экенбиз. Качан гана банктын кишилери барып, «үйдү бошот» дегенде угуп жатабыз», - деген алар.

Баасы арзандап кетти: Таластык дыйкандардын төө буурчактарынын баасы кытайларга көз каранды

Талас облусунда төө буурчак сатып алуучу 24 ишкана бар. Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандардын облус жетекчилиги менен болгон жолугушуусунда белгилүү болгон.

Дыйкан Данияр Жумановдун айтымында, көпчүлүк дыйкандар жазга карата баасы жогорулайт деп төө буурчакты сактап олтурушат. Бирок жаңы жылдан кийин төө буурчактын баасы ылдыйлап кетти.

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевдин айтымында, ага аксакалдар келип, төө буурчактын баасынын арзандагандыгы боюнча маселе менен кайрылышкан.

«Биз 19-апрель күнү төө буурчактын баасынын арзандашынын себептерин билүү максатында Талас обласындагы төө буурчак алып жаткан ишканалардын өкүлдөрүн чакырып жыйын кылдык.
Негизги себептерин айтышты. Бул фирмалар дагы экспортко өткөргөндө баалары төмөн болуп жатканын айтышты. Ак төө буурчак (лопатка) 43-45 сом болсо, өңдүү төө буурчактар (скороспелка, кызыл чаар) 75 сомдон болууда. Биздин дыйкандарга туура багыт берүү үчүн семинар өтүү демилгесин көтөрдүк. Мисалы өңдүү буурчактар бир жылы кымбат болсо, кийинки жылы көпчүлүк эл өңдүү төө буурчак тигип алышат. Ал жылы ак төө буурчактар кымбат болуп калышы мүмкүн. Практика жүзүндө көрсөтүп, дыйкандарыбызды туура багытка салуу керек.

Фирмалардын бааларын антимонополия жана тиешелүү органдар көзөмөлдөшөт. Эл ичинде көп сөздөр жүрөт. Мисалга «губернатор төө буурчактын баасына «олтурат» деген. Бүгүн элге ачык-айкын көрсөтүп, төө буурчак алуучу фирмалардын өздөрүнөн да сурадым. «Өкүлчүлөктөн, органдар тараптан кысым же акча талап кылган учурлар болдубу?» десем «жок, баалары дүйнөлүк рынокто ушундай» деп жооп беришти», - деген облус башчысы.

Төө буурчак алуучу фирмалардын өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы жылдан кийин эле аларга буйрутмалар токтой баштады. Себеби Кытай дагы төө буурчак өндүрүп, Грузия мамлекетине Кыргызстандыкынан кыйла төмөн баада сатууда.

«Төө буурчактын баалары дүйнөдөгү төө буурчак өндүргөн мамлекеттердин түшүмдүүлүгүнө көз каранды. Таласта «төө буурчактын бааларына чоң креслодогулар «олтурат» деген» ишеним калыптанып калган. Негизи андай эмес. Египет, Кытай, Аргентина, Өзбекстан, Кыргызстандан өндүрүлгөн төө буурчактын баасы Кытайдыкына жараша болот. Кытайда түшүмдүүлүк жогору болсо бизде бөө төмөнүрөөк болуп калат. Иран мамлекетиндеги өнөктөштөр менен байланышсак алар доллардын курсу 48-50% өсүп кеткенин айтышууда. Ошол себептен доллар менен импорт кабыл алган аларга пайдалуу эмес. Бүгүнкү күндө кызыл өңдүү төө буурчакты (скороспелка) 72-75 сомдон алып жатабыз. Кызыл чаар төө буурчакты жылдын башында 90 сомдон алсак, азыр баасы 65 сомго түшүп калды», - деген алар.

Таласта оюн учурунда атасын өлтүргөн адам 8 жылга камалды

Талас шаардык соту өзүнүн атасын өлтүргөн россиялык жаран Виталийди (ысымы өзгөртүлдү, И.В.С.) 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул тууралуу соттон билдиришкен.

Ал эмнеге айыпталып жатат?

Ал 2017-жылдын 16-сентябрында саат 17:00 чамасында атасы Станиславдын (ысымы өзгөртүлдү, И.С.Н.) Талас шаарындагы үйүнө келип, аны менен спирт ичимдиктерин ичип, карта ойногон. Ал ортодо атасы менен чатакташып, атасын моюнга уруп, жерге жыгып алып, бети-башына көп жолу соккулаган. Анын кесепетинен Станислав ошол жерде каза болгон.

Соттолуучу эмне дейт?

Анын атасы менен мамилеси жакшы болчу. Ал күнү атасы экөө керексиз темир-тезекти сатып, 3 бөтөлкө арак алышкан. Аны үйдө карта ойноп жатып иче башташкан. Бирок ортолорунда чатак чыгып, мушташка айланган. Атасы аны өлтүрүп саларын айткан. Ошол учурда атасын уруп жиберген. Атасы жерге кулаган учурда инерция менен ал анын үстүнө кулап, башы менен бетке сүзгөн. Башы менен урунгандыктан эсин жоготуп койгон. Бир аздан кийин эсине келип, атасы астында жатканын көрүп, анын жүзүн кандан тазалап, тургузууга аракет кылган. Бирок ал каза болуп калганын билгенден кийин коркуп кетип, апасына барып окуяны айтып берген. Апасы тез жардам кызматына телефон чалып, андан кийин аны милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Ал буга катар эле кылган ишине өтө өкүнө тургандыгын, атасын өлтүрүү боюнча эч кандай ниети болбогондугун, окуя күтүүсүздөн болуп кеткендигин айткан.

Апасы болсо баласына эч кандай дооматы жок экендигин айтып, катуу жаза бербөөнү суранган.
Жыйынтыгында сот Виталийди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Бакай-Атада 500 гектар жерди сугаруу үчүн суу топтоочу жай тазаланды

Кечээ, 25-апрелде Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 500 гектар жерин сугаруу үчүн суу топтоочу жай тазаланган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Маалыматка караганда, көлмө 1974-1975-жылдары 45 миң куб метрлик көлөмдө курулуп ишке берилгенден бери тазалоо иштери болгон эмес. Акыркы жылдары ичи толуп, өлчөнгөн көлөмдүн жарымындай гана суу топтолуп, суу тартыштыгы жаралып келген. Кечээ тазалоо иштеринен кийин суу топтоочу жайга «Чоң Талас» каналынан суу бурулду. Тазалоо иштерине жергиликтүү бюджет тарабынан 750 миң сом жумшалган.

Учурда Шадыкан айыл өкмөтүндөгү суу топтоочу жайлар тазаланууда.

Таластыктар «Шыралжын» кен казуучу компаниясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдиришти

Кечээ, 26-апрелде Бакай-Ата районунун тургундары «Шыралжын» кен казуучу компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдаган.

Жолугушууда маалым болгондой, учурда Бакай-Ата районунун аймагында кен боюнча чалгындоо иштери жүрүп жатат. Жыйынга облус жетекчиси Марат Мураталиев, район акими Чолпон Төрөкулов, «Шыралжын» кен казуучу компаниясынын жетекчиси Виктор Межеловский катышкан.

Тургундар компаниядагы кадр маселесин, иштеп жаткандардын көбү жергиликтүүлөр эместигин айтышкан. Чалгындоо иштери жүрүп жаткан аймакта жайгашкан Оро жана Наматбек айылдарынын тургундары айылга берилип жаткан жардамдарга нааразычылык билдиришкен. Алар кен казуунун айлана-чөйрөгө зыяндыгын айтышкан.

Виктор Мажеловский өз сөзүндө ишкана иштей баштаса 500 жумушчу орун түзүлө тургандыгын билдирген.

«Мен элде нааразычылык бар деп уктум. Сиздер менен көп жолугушуп турсак болмок. Тилекке каршы жумуштун көптүгүнөн убакыт тар болууда. Учурда бизде чалгындоо иштери жүрүп жатат. Фирманын курулуш иштери баштала элек. 173 адам иштеп жатат. Анын 96сы Таластан. Бул бардык жумушчулардын 56 пайызын түзөт. Жалпы бюджетке 74 млн сом төлөдүк. Келе жаткан жумада Бакай-Атада коомдук кабылдама ачылат. Ал жерге жумушчулар, биз менен байланыша албагандар документ тапшырса болот. Фирма ачылса 500 адамга жумуш орду түзүлөт», - деген ал.

Таластан Казакстанга өтүп кеткен 115 жылкы, 26 буканы кайтарып алууга аракеттер көрүлүп жатат. Малчы өткөрүлүп берилди

Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбеков Манас районунан Казакстанга өтүп кеткен 115 баш жылкы, 26 баш буканы Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

Анын айтымында, милицияга Манас районунун тургуну Казакстандын чек арасынан 115 жылкы жана 26 бука менен өтүп кеткендиги тууралуу маалымат катталган.

«Жакында Казак Республикасынын элчиси иш сапары менен келгенде сүйлөштүк. Ал жардам берип, малчы бизге (Кыргызстанга) чыгып келди. Малы чек арадан бери өткөн жок. Жамбыл облусунун акиминин биринчи орун басары менен сүйлөшкөндө 115 жылкы, 26 баш жылкы көп санда болуп жаткандыгын, контрабанда эместиги боюнча аларда суроо болуп жатканын айтты. Алар маселени чечкенге жардам беребиз деди. Малчы жалгыз болгон. Малды өткөрүп алуу маселеси сүйлөшүлүп жатат. Сүйлөшүүлөр аягына чейин чыга элек», - деген ал.

Андан кийин:

Манас районунан Казакстанга өтүп кеткен 115 баш жылкынын 107си жана 26 баш бука 5-май күнү кайтарылган. Бул тууралуу 8-майда Талас ОИИБден билдиришкен болчу.

Маалыматка караганда, жылкылар Манас районунун Кыргызстан айылынын 9, Көк-Дөбө айылынын 7 тургунуна таандык экендиги такталды. Жылкылардын кожоюндары аларды кайтарып алуу үчүн Казакстандын Жамбыл районунун Гродиково айылына барып, жылкылар чек арадагы тикенектүү зымга тытылган жаракттан 25 баш жылкы оор жарадар болуп, 1 баш кулун өлгөнүн такташкан.

Малдын дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу арыз милицияга 17-апрель күнү түшкөн.

Кийин чек арачыларга Казакстанга өтүп кеткен малды кайтарып келүүгө аракет кылган малчы, Жоон-Дөбө айылынын 1984-жылы туулган тургуну Алтынбек Супатаев Казакстандын чек ара кызматы тарабынан кармалгандыгы кабарланган.

Таластагы чек арадан документи жок 5 млн сомдук тамекилерди алып өтүп бара жаткандар кармалды

Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара пунктунан тиешелүү документтери жок 5 млн сомдук жүк кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкен.

Маалыматка караганда, аталган жүк кыргыз-казак чек арачылары менен биргеликте жүргүзүлгөн «Бирлик 2018» операциясынын алкагында кармалган. Чек арачылар УКМК кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга кетип жаткан «Мерседес-Гигант» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анын ичинен ар кандай маркадагы 100000 куту тамеки табылган. Алардын жалпы суммасы 5 млн сомдон ашкан. Көпчүлүк кутулар Тажикстандын акциздик маркасы болгон. Аны алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык 3 адам жана россиялык 1 адам кармалган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жүк УКМКга өткөрүлүп берилгени.

Бакай-аталыктар Суусамырга чыккан малчылар үчүн көпүрө курду (фото)

Суусамырдын Мадылбек аймагына Бакай-Ата району тарабынан көпүрө курулган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирген.

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевдин айтымында, көпүрө Кичи-Суусамыр дарыясына курулду.

«Малчылардын көйгөйлөрүнүн эң эле орчундуусу ушул көпүрө эле. Суусамыр жайлоосундагы Кичи-Суусамыр дарыясынын аркы бетине Талас облусунун малын алып өтүү үчүн көпүрө жок болгон. Таластан чыккан малчылар көпүрө жогунан айланып, 20 күн жолдо жүрчү экен. Бул көпүрө менен 3 күндө жетип, отурукташып калышат. Эң кызыгы бул жер бизнеске айланып кетиптир. Бул жерде асма көпүрө коюп, ар бир малды өткөрүү үчүн 8 сомдон алчу экен. Көпүрөнү Бакай-Ата району 1 аптанын ичинде 421 миң сомго жасатты», - деген ал.

Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолун куруп жаткандар иш ташташты (фото)

Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунун 3-фазасында иштеп жаткан жол куруучулар иш ташташкан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирген.

Жол куруучулардын айтымында, алар акыркы 6 күндөн бери жумушка чыгыша элек.

«2015-жылдан бери Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунун 3-фазасында иштеп, жол курдук. Башынан бери эле айлык маянаны убагында төлөбөй, кечиктирип берип жатышат. 4 айдан бери маяна ала элекпиз. Былтыр жалпы жол курулушунда 200дөн ашык жумушчу иштедик. Быйыл тротуар жасап 50 жумушчу иштеп жаткан. 4 айдан бери айлыгын албаган соң, 6 күндөн бери жумушка чыгыша элек.

Жумуш 2017-жылдын 26-августунда бүтмөк. Каражат которулбай, иштер 2017-жылдын декабрь айына жылдырылган. Анда дагы каражат убагында берилбей, аба ырайы да таасир этип, 2018-жылдын июнь айынын аягына чейин мөөнөт берилген. Учурда каражат берилбей, иш дагы токтоп турат», - деген «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКнын жетекчисинин орун басары Болотбек Сейдакматов.

Фото — Таластын Калба айылындагы классташтар жалгыз бой энеге үй салып берип жатышат

Талас районунун Калба айылындагы мектепти 10 жыл мурда аяктаган классташтар жалгыз бой айылдашы Мыскал Чойбековага үй куруп берип жатышканы кабарланган.

Мыскал айымдын өзүнүн айтымында, жолдошу каза болуп калган. Өзү 4 баланын апасы.

«Улуу 2 кызым турмушка чыгып кетишкен. Алардан кийинки кызым 1-классты аяктаса, кенже уулум 6 жашта. Азыр үчөөбүз жашайбыз. Жолдошум мындан 3 жыл мурун катуу оорудан улам көз жумган. Каражат жогунан үй кура албайбыз. Бул үйүбүзжүн акыбалы күндөн күнгө начарлап бара жаткан. Дубалдарынан жаракка кетип, полдор түшүп, кышта абдан кыйналып, балдарым ооруп чыгышкан. 10 жылдыктар 1 ай мурун келишип, 7 бала тамдын пайдубалын куя башташты. Аларга абдан ыраазычылыгымды билдирем. Рахмат ушул балдарга, кайдыгер карабай жардам берип жатышат. Көп жашап, балдарынын урмат-сыйларын көрүшсүн. Уулум менен кызым дагы акылдуу чоңоюуп, балдарым дагы өз учурунда башкаларга жардам беришсе деп тиленем», - деген ал.

Жалгыз бой апа балдарын талаачылык жумуштарда иштеп багат.

«Үйдөгү чарбакка төө буурчак, жашылча тигип балдарымды багам», - деген ал.

Классташтар үйдүн курулуш күзүндө аяктай турганын айтышкан.

«Барыбыз чогулуп, 10 жылдык мааракени да кылдык. Көптөн бери «айылыбызга жакшы иш кылып, келечекке үлгү болсок» деген оюбуз бар эле. Айылдашыбыз Мыскал эженин жашап жаткан үйүнүн акыбалын дайым көрүп жүрөбүз. Чогулуп сүйлөшүп «жаңы чакан үй куруп берели» деп ишти баштадык. Курулушту буйруса күз айларына аяктап калабыз», - деген алар.

А.Айтназаров Талас шаарынын прокурору болуп дайындалды

Талас шаарынын жаңы прокурору болуп Айтназаров Алмазбек Арстаналиевич дайындалган. Бул тууралуубүгүн, 31-майда прокуратурадан билдиришкен.

(А.Айтназаров)

Маалыматка караганда, А.Айтназаров буга чейин Талас шаарынын прокурору Анарбай Мамажакыповдун орун басары болуп иштеп келген.

(А.Мамажакыпов

mamajakipov-anarbai-kubatidinovich

Анарбай Мамажакыпов 30-май күнү Башкы прокурордун буйругунун негизинде Талас шаарынын прокурору кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун прокурору болуп дайындалган.

А.Мамажакыпов 18-ноябрь күнү Баткенде өлтүрүлгөн. Учурда анын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кара-бууралык тургун таап алган куралды сарайга катып коюп, аны менен ойногон балдардын бирине ок тийди

Кара-Буура районунда сарайда ойноп жаткан кошуна балдардын биринин колуна ок тийип, ооруканага жаткырылган. Талас ОИИБдин билдирүүсү боюнча, ойноп жаткан балдардын бири куралдан кокусунан ок чыгарган.

Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө 27-май күнү Кара-Буура аймактык ооруканасынан 2005-жылы төрөлгөн өспүрүм бала октон алган жаракат менен түшкөнү маалымдалган. Ыкчам топ тактоо иштерин жүргүзгөндө жабырлануучу кошуна балдар менен бирге ойноп жүрүп, сарайга киргенде ок атуучу курал таап алышканы аныкталды. Аны менен ойноп жатып, балдардын бири капысынан ок чыгарган. Ал эми сарайдын ээси ок атуучу куралды талаадан таап келгенин айткан.

Сарайдын ээси: «Бул курал эскирип, дат басып калыптыр. Пайдаланууга жарабай калды деп ойлоп, милицияга өткөрүп берем деген ой менен көңүл бурбай сарайга таштап койгом. Балдар ошол жерден таап алып, ойноп жатканда капыстан ок атылып кетиптир. Жабырлануучу бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, кийин ата-энеси борбордогу ооруканага алып кетишиптир. Учурда баланын абалы жакшы», - деген.

Бул факты боюнча керектүү материалдар чогулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Видео, фото — Кара-Бууранын Ак-Жар айылындагы короолорду суу каптады

11-июнда Талас облусундагы Кара-Буура районунда жаан жаап, турак жайларды суу каптаган.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылында жааган жаандын кесепетинен саат 18:00 чамасында сел жүргөн. Адамдар жабыркаган эмес.

Андан кийин, 11-июнда Кара-Буура районунун акиминин орун басары Таалайбек Айманбетов селдин себептери аныкталганын айткан.

Анын айтымында, селдин райондун Аманбаев айыл өкмөтүндө жайгашкан Ак-Жар айылын сел каптаган. Селдин суусу төө буурчак тигилген 8 гектар таалааны жууп кетен. Бүгүнкү күндө канча чыгым келтирилгендиги такталып жаткан.

«Селдин чыгышынын себептери дагы аныкталды. Биринчиден, айыл тоо жакка жакын айыл болгондуктан суунун көлөмү көп болгон. Ак-Жар айылына 1 км жерден таза суу тартып жатышкан экен, ошонун айынан айылды сел каптап кеткен. Ошол каналды жабышкан эмес. Эгер канал толук, бекем жабылса айылды суу каптамак эмес. Жараксыз деп табылган үйлөр катталган жок. Элдин мал-мүлкү аман», - деген ал.

Бакай-Атада тургундар алтын чайкоочу компаниянын ишине нааразы болуп чыгышты (фото, видео)

27-июнда Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн тургундары Үрмарал өзөнүнөн алтын чайкалып жатканына нааразы болуп чыгышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, нааразычылык акциясына болжол менен 100гө чукул адам чогулду.

«Урмарал өзөнүнөн эл суу ичет. Сууга химикат кошулуп, элдин ден соолугуна зыян болуп жатат», - дешкен тургундар.

Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Тынысовдун айтымында, алтын чайкоочу компания ушул жылдын 22-майында ишке киришкен. Айыл депутаттары компаниянын иштешине макулдугун беришкен.

Нааразычылык акцияга чыккан тургундар өкмөттүн облустагы өкүлүн жана алтын чайкоочу компаниянын иштешине макулдук берген документке кол койгон жергиликтүү кеңештин депутаттарынын келишин талап кылышкан.

Айыл өкмөт башчы ошол күнүн кечинде облус башчысы аталган компания ишин токтоткондугун айткандыгын кошумчалаган.

Видео — Таласта алтын өндүргөн компаниянын ишин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды

28-июнда Бакай-Ата районунун Акназаров айылы өкмөтүндө Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Азиз Сапаралиев катышкан жыйын өтүп, анда аймакта алтын өндүргөн «Полюс Голд Кей Джи» компаниясынын иши талкууланган.

Ага 200дөн ашык адам келип, алтын казган компания жөнүндө суроолор берилип, жооптор алынган.

Компаниянын Бакай-Ата районундагы өкүлү Нурбол Шырдакбаевдин айтымында, алар кен казууга лицензияны аукциондон утуп алышкан.

«Биз эч кимди алдаган жокпуз. Биз жөн эле көчөдөн келип казып жаткан жерибиз жок. Аукциондо 4 компаниянын ичинен биз утуп алганбыз. Бул жерде «посыпной» алтын өндүрүлөт. Ага уулуу зат колдонулбайт», - деген ал.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев аталган компаниянын иши убактылуу токтотулуп, техникалары чыгарылсын деген чечим чыккандыгын билдирди. Мындай чечимдин чыгышына аталган аймакта жашаган элге компания тарабынан маалымат берилбегендиги себеп болду. Бир дагы элдик жыйын өткөрүлбөй, көпчүлүктүн нааразычылыгы жаралган. Эми тиешелүү органдар компаниянын документтерин текшерүүдөн өткөрөт.

Россиядан Таласка келип, дайынсыз жоголуп кеткен аял жайлоодон аман-эсен табылды

Бакай-Ата районунун Кара-Коюн жайлоосуна келип жоголуп кеткен россиялык турист аял аман-эсен табылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда ӨКМден билдиришкен.

Маалыматка караганда, Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Кара-Коюн жайлоосуна 8 турист эс алууга келишкен. 3-июль күнү саат 16:30 чамасында эс алып жүргөн жеринен 1966-жылы туулган Пригожина М.А. жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 5 куткаруучу жана милициядан 8 кызматкер тартылган. Жоголгон турист саат 23:20 чамаларында Кара-Коюн жайлоосунан аман-эсен табылган.

11111

Милиция эмне дейт?

Талас ОИИБдин маалыматына караганда, 3-июлда Бакай-Ата районунун Кара-Коюн жайлоосуна келип жоголуп кеткен россиялык турист аял өз тобуна кошулуп, Сары-Челекке жөнөп кеткен.

Анын өзүнүн айтымында, кетип бара жаткан адамдардан адашып, Кара-Коюн жайлоосуна чыгып кеткен.

С.Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен келди (видео)

12-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен келген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдаган.

Маалыматка караганда, анын иш сапары Талас районундагы «Манас Ордо» комплексинен башталган. Андан кийин өлкө башчысы Талас районунун Таш-Арык айылындагы бала бакчанын курулушу, Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун оңдоо долбоору менен таанышты. Президентке жол боюнча маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Бактыбек Абдиев менен Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов берген.

Президент мындан ары Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» музей-комплексинин курулушу менен таанышат жана облус тургундары менен жолугушкан.

Тактама:

Таш-Арык айылындагы 140 орунга ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталган. Долбоордун баасы 57 339 442 сом. Курулуш иштери быйыл аяктамак болчу.

Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун оңдоонун 3-фазасы быйыл аяктайт. 2019-жылы кийинки фазасы башталып, анын алкагында Казакстандын Тараз шаарына чейинки жол оңдолот. Аталган долбоорго Азия Өнүктүрүү Банкы донор болгон.

Таласка барган президент С.Жээнбековго Шекер айылында Куран китеп белек кылышты (видео)

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-июлда Кара-Буура районунун Шекер айылына келген. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдаган.

Маалым болгондой, президент айылдагы «Чыңгыз Ордо» музей-комплексинин курулушу менен таанышты. Президентти парламенттиги депутаттар Рыскелди Момбеков, Зарылбек Рысалиев, Гүлкан Молдобекова жана Алиясбек Алымкулов коштоп кекелген. Шекерлик тургундар менен жолугушуу учурунда Чолпонбай айылында жашаган айым өлкө башчысына Куран китеп белек кылышкан эле.

Кара-Бууранын 2 айыл өкмөтүнүн депутаттары коррупциялык иштерди айтып чыгышты

18-июлда АКИпресс-Таласта Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтү менен Кызыл-Адыр айыл өкмөтүнүн депутаттары маалымат жыйын беришкен.

Кызыл-Адыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Кадича Барпиева айтымында, Чоң-Кара-Буура айылынын таза суу көйгөйү чечилбей келе жатат.

«Биздин Чоң-Кара-Буура айылына 2014-жылы таза суу киргизүү боюнча АРИС программасы аркылуу долбор жазылып келген. Ал жердеги жасалган иштер долбоордо көрсөтүлгөндөй жүргөн жок. Бүгүнкү күндө 3,5 миң калкы бар айылдын 3 көчөсү гана таза суу менен камсыз болушкан. Жаңы конушта 500 метрдей жерди казып, түтүк коюп кайра көмүп коюшкан. Бүгүнкү күндө таза суу системасынын айылдагы акыбалы бул сүрөттөрдө чагылдырылганын көрсөңүздөр болот.

Биз бул боюнча бардык тиешелүү органдарга кайрылдык эч кандай майнап болгон жок. Бул иш боюнча райондук газетага макала чыгарганыбызда таза суу бөлүмүнүн төрагасы бизди райондук сотко бериптир. Биз эл менен барып жаттык. Менин үстүмдөн 1 млн сом, газетадагы макаланын авторуна 100 миң сом айып салышкан экен. 5 жолу сотко бардык, бирок таза суунун өкүлдөрү өздөрү качып келишкен жок. Акырында иш кароосуз калды деген жыйынтык беришти. Учурда айылда таза суу маселеси 1-орунда турат. Ушундай мыйзамсыз иштер ачылып, элдин үнү бийликтегилерге жетсе дейм», - деген ал.

1111

Ал эми Аманбаев айыл өкмөтүнүн депутаты Тилек Өскөнбаев айыл өкмөттөгү коррупциялык иштер бар экенинин кошумчалаган.

«Биздин Аманбаев айыл аймагында жергиликтүү кеңеште коррупциялык топ бар болчу. Ал жерде төрага, жер адиси жана айыл өкмөт болушуп эки башка документ менен иштешкен. Текшерүү келсе бир документ, эл үчүн бир документи жасашкан. Мен алардын жасаган иштерин ачыка чыгарам деп токмоктолгон күндөр дагы болду. Айта кетсем 2 479 000 сом акча каражаты кеңешке салынбай бөлүнгөн. 427 000 сом жеке адамдын карызына берилген. Жайыт жеринен 217 гектар жер аянты айдоого келишимсиз берилген. Келишимдеги ижарачынын колдорун жер адиси өзү койгон. Кызматтык унааны сатып жиберишкен. 9 жылдан бери айылдык кеңештин токтомдору юстициядан катталган эмес. Вакумдук муздаткычтын курулушуна 200 000 сом бюджеттен которулду кылып акчаны жок кылган. Алардын ушундай мыйзамсыз кадамдары боюнча биздин райондук прокурорго кайрылабыз. Бирок ишти жылдырбайт. Жасалма документтер үчүн президентке чейин кат жазганда гана иш кайра каралып, 10 миң сом гана айып салынган. Прокуратуранын ишине нааразычылык көп», - деген Өскөнбаев.

Жергиликтүү депутаттардын аталган маалымат жыйынынан кийин 26-июлда Кара-Буура районунун прокурору Бакыт Эсенгулов Аманбаев айыл өкмөтүндө 2016-жылдан бери коррупциялык багытта 5 кылмыш иш козголгондугун билдирген.

Анын айтымында, айыл өкмөттө 2 жылдан бери чатактар токтобой келе жатат.

«Мен Кара-Буура районуна 2016-жылы келдим. Ошол жылдан тарта эле бул айылда чатак токтобой келет. Мурдагы айыл өкмөтү менен аксакалдар кеңеши чатакташып кетишкен. Аксакалдар бизге айыл өкмөттүн үстүнөн улам арыз жазып келе беришкен. Бирок текшерүү маалында бардыгы такталган. Биринчи иш Аманбаев айылында Ч.Айтматов орто мектебин оңдоого байланыштуу болгон. Ал жерде полун которууда стим гранттан акча которулуп, тендер өткөн. Бирок жасалган иш долбоордо көрсөтүлгөндөн башкача болуп, документте башкача сумма көрсөтүлгөн. Бул жерде 3 кабаттуу мектептин полун которууда 40 см калыңдыктагы тактайлардын ордуна 25 см калыңдыктагы тактай төшөп салышканы белгилүү болгон. Эксперт текшергенде 150 миң сомдон ашык айырма чыккан.

Андан кийинки козголгон иш айыл аймактагы маданият үйүнүн чатыры менен байланышкан. Ал жерде дагы долбоордук стандартына жетпей, туура эмес материалдарды колдонулуп, баалары курулган ишинен ашыкча чыккан. Бул иш сотто каралып, айыптуулар аныкталып, 300 миң сом айып салынган.

Кийинки иш 2017-жылдын башында козголду. Жайыт жерин ижарага берген деген арыз түшүп, ал боюнча текшерүү иштери жүргөн. Айыл четинде Тогунай деген жайыт жер бар. Мыйзам боюнча жайыт жерди жеке менчике жана ижарага берүүгө болбойт. Ошол жерден аймактык депутатка айыл өкмөт менен жер адиси ижарага 7 гектар жер бөлүп берип коюшкан. Ал жерге төө буурчак тигем деп айдаганда ызы-чуу чыккан. Экотехинспекция 210 миң сом зыян келтирилди деп аныктама чыгарып беришкен. Ошондон улам жер тилкесин мыйзамсыз колдонгон деп кылмыш иш козголгон. Бул боюнча тергөө иштери жүрүп, маселе сотто каралып бүтүп, айыл өкмөт күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып салынган.

2018-жылы дагы 2 иш козголгон. Бул иштер 2017-жылдын декабрь айындагы бюджеттен үнөмдөлгөн акчаны жергиликтүү кеңештин сессиясына салбай бөлүштүрүп жибергени тууралуу болгон. 427 миң сомду бир фондго берип салган деп арыз түшкөн.

Ал эми вакумдук муздаткычка дагы 250 миң сомду мыйзамсыз которуп жиберишкен деген боюнча дагы бир кылмыш иш козголгон. «Бул иштерди прокуротура создуктуруп жатат» деп айтып жатат. Бул дагы туура эмес маалымат. Биз иш козгоп, облустук прокуратурага аркылуу тиешелүү тергөө бөлүмүнө өткөрүп беребиз. Бул 2 иш дагы бирөөУКМКда каралып жатат. Дагы бир иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүндө тергелип жатат. Бул иштер кантип тергелип жатат, кайсы стадияда экендиги жөнүндө маалыматыбыз жок», - деген прокурор.

Таласта Австралиядан келген дарыгерлер балдардын ден соолугун текшеришти (фото)

Талас облусунда Австралиядан келген дарыгерлер шал оорусунан жабыркаган балдардын ден соолугун текшеришкен. Бул тууралуу Талас облусунун саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Аттокур Шадиев билдирген.

Анын айтымында, дарыгерлер 23-июлдан 25-июлга чейин Талас шаары жана Бакай-Ата райондорундагы балдарды текшерген. 26-27-июлда Кара-Буура жана Манас райондорунда иштешкен.

«Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаарынан жалпы 95 баланы текшеришти. Манас районунун тургундарын бүгүн көрүп жатышат. Эртең, 28-июль күнү түшкө чейин биздин сураныч боюнча кайра Талас шаарынын балдарын көрөт. Андан кийин Ошко кетишет», - деген ал.

Таласта тоодо чыккан өрт убайымга салып...

Таластагы Алмалуу-Тоодо өрт өчүрүү иштери 3 күндөн бери улантылып жатат (видео)

ӨКМ 31-июль күнү Таластагы тоодо өрт чыкканын кабарлаган.

Маалым болгондой, 28-июлдан бери Манас районундагы Алмалуу-Тоодо чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылып жаткан. 31-июль күнү саат 07:00дө Манас райондук №100 өрт куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу жана токой чарбасынан 12 кызматкер жөнөп кеткен. Ошондой эле саат 10:30да аларга Жайылган айылынан 15 адам кошулду. Казакстан менен чектешкен аймактагы Алмалуу-Тоодо куураган чөп 28-июлда өрттөнүп баштаган. Ошондон бери өрт өчүрүлүп, кайра тутанып жаткан. 29-июлда саат 19:30да өрт толук өчүрүлгөн, бирок 30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500 га куураган чөп күйүп кеткен болчу.

Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 18 куткаруучу, токой чарбадан 12 кызматкер тартылып, өрт 30-июлда саат 12:10дө толук өчүрүлгөн. Кайрадан саат 19:05те өрт тутанып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 100 гектар куураган чөп күйүп кеткен.

Ал эми Манас районунун акиминин орун басары Замирбек Курманалиев өрт өчүрүлгөндүгүн белгилеген.

«Өрт Казакстан менен Кыргызстан чектешкен жерде болуп жатат. Бүгүнкү күндө ӨКМден, биздин адамдар кошулуп 50 адамдай жүрөбүз. Өрттү өчүрүп, улам-улам күзөттө турабыз. Учурда өрт жок. Өрт чыккан эле жерде өчүрүү иштери жүрүп жатат», - деген ал.

Андан кийин Манас районунун акиминин орун басары Замирбек Курманалиев чыккан өрт өчүрүлүп, азыр адамдар күзөттө турушкандыгын билдирген болчу.

«Өрт казак чек арасы менен Кыргызстан чектешкен жерде болуп жатат. Бүгүнкү күндө ӨКМден, биздин адамдар кошулуп 50 адамдай жүрөбүз. Өрттү жок кылып, улам-улам күзөттө турабыз. Учурда өрт жок. Өрт чыккан эле жерде өчүрүү иштери жүрүп жатат», - деген ал.

ӨКМ 1-августта Манас районундагы чек арада кайрадан өрт чыккандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, өрт боюнча маалымат куткаруучуларга саат 17:30да түшкөн.

«Биз Манас районунун Кара-Арча айылынын четинде чек арада чыккан өрткө ыкчам топ менен келдик. Өрттү өчүрүүдө ӨКМден 23 кызматкер, 10дон ашык чек арачы, токой чарбасынан 15 адам иштеди», - деп айтылган маалыматта.

Таластагы Алмалуу-Тоодо 5 күн мурун тутанган өрт толук өчүрүлдү

ӨКМ 2-августта Манас районунун Покровка айыл аймагында 5 күн мурун өрт чыккан Алмалуу-Тоону көзөмөлгө алуу иштери улантылып, саат 20:30да толук өчүрүлгөндүгүн кабарлаган.

Министрлик 1-августка карата 1000 га куураган чөп жана бадалдар күйгөнүн билдирген.

Казакстан менен чектешкен аймактагы Алмалуу-Тоодо куураган чөп 28-июлда өрттөнүп баштаган. Ошондон бери өрт өчүрүлүп, кайра тутанып жаткан. 29-июлда саат 19:30 өрт толук өчүрүлгөн, бирок 30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500 га куураган чөп күйүп кеткен.

Тилсиз жоо: Алмалуу-Тоодогу өрттү өчүрүүгө 500дөн ашык адам тартылды

ӨКМ кайра 8-августта Алмалуу-Тоо жайлоосундагы тоо этектеринен чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жаткандыгын кабарлаган.

Казакстан менен чектешкен аймакта чыккан өрттү өчүрүүгө 8-августта ӨКМден 232 куткаруучу, РИИБден 5 кызматкер, РЭТ мекемесинен 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 210 адам, жалпы 513 адам тартылган. Ал эми Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүү үчүн жалпы 177 адам (Жамбыл облустук ӨКМ департаментинен 90 кызматкер, токой чарбасынан 87 адам) жана 1 тик учак тартылган.

Кечээ, 7-августта өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун тапшырмасынын негизинде жерине кошумча 67 куткаруучу Жалал-Абад облусунан чакырылган. Өрт кечээ саат 21:30да чектөөгө алынган. Өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербөө жана байкоо жүргүзүү үчүн ӨКМден тартылган жалпы өздүк курам (232 адам) жеринде нөөмөттө калышкан.

Кызыл Ай Коому тарабынан өрттү өчүрүү аракеттерин көрүп жаткан адамдарга суусундуктар жана нан жеткирилген.

Талас облусунун жетекчиси өкмөт башчыдан зеки угуп...

«Чай ичкени келдиңизби?», - премьер-министр Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевге

3-августта өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден эскертүү алган. Алар өкмөттүн отурумунда жолугушкан.

Жыйын учурунда өкмөт башчы облус жетекчисине суроо узатып, Талас облусунун аймагында канча мектеп каттоодон өтпөгөнүн сураган. Ал эми М.Мураталиев бул тууралуу маалыматтар жазылган баракты унутуп калганын айткан.

«Сиз чай ичкени келдиңизби? Же сиз компьютерсизби? Сиз өкмөттүн жыйынына келдиңиз, мындайда жок дегенде керектүү кагаздар же планшет болушу зарыл. Эгерде дагы бир жолу жыйынга ушундай абалда келсеңиз, анда залга кире албайсыз. Облустун жетекчиси болгусу келген адамдын көрүнүшү ушул», - деген Абылгазиев.

Марат Мураталиев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2017-жылдын декабрь айында дайындалган болчу.

Тарыхчы М.Тур «Манас Ордо» комплексине орто кылымдарга таандык 118 экспонат тапшырды (сүрөт)

Талас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан «Манас Ордо» комплексине Кара-Буура районунун тургуну Михаил Тур орто кылымдарга таандык 118 экспонат тапшырган. Бул тууралуу аталган комплекстин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирген.

Тур Михаил Феодорович кесиби боюнча сүрөтчү, тарых адистиги боюнча илимий кызматкер. Ал Кыргызстанда тарыхчы-археолог катары белгилүү. Окуучулар менен (жаш археологдор уюму) өзү жашап жаткан аймактагы эстеликтерди изилдеп, археологиялык казуу иштерин жүргүзгөн. Анын негизинде мектепте тарыхый-археологиялык музей ачылып, миңден ашуун экспонаттар коюлган. Алардын арасында I-V кылымдарга таандык арча табыт, мамонттун мүйүзү жана сейрек кездешүүчү буюмдар бар.

М.Тур буга чейин да «Манас Ордо» комплексине тарыхый экспонаттарды тапшырган.

«Экөө эротика көрүп жатышкан»: Таласта эркек кишини зордуктоого шектелип таанышы кармалды (толукталды)

Талас районунда эркек кишиге сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган деп шектелген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалым болгондой, 7-август күнү Талас районунун 1980-жылы туулган тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, өзүнүн үйүнөн 1981-жылы туулган таанышы күч колдонуп, зордуктаганын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголгон.

Айылдаштарынын айтымында, милиция кызматкерлерине арыз жазган тургун намаз окуган адам болгон.

«Эч кимге зыяны жок, тынч жүрчү. Намаз окуган бала эле. Жубайы экөө ажырашып, 2 баласынын бири өзүндө калып, экинчисин аялы өзү менен чогуу алып кеткен. Окуя 2-августтан 3-августка караган түнү болуптур. Таанышы экөө эротикалык тасма көрүп жатышкан экен. Бирок өзүнүн макулдугу менен эмес, зордуктоо болгон деп айтып жатышат. Ал эми шектүү катары кармалган адам да Талас районунун тургуну болгон», - деп билдиришкен тургундар.

Талас шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн үй курууга жер тилке берилди

Талас облусунун жетекчилигинин унаа токтотуучу жайы жайгашкан жер тилке УКМКнын кызматкерлерине үй куруу үчүн өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына облус жетекчиси Марат Мураталиев билдирген.

Анын айтымында, УКМК кызматкерлерине үй куруу үчүн жер тилке берүү жөнүндөгү кайрылуу мурда эле келип түшкөн.

«Мен жаңы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келген учурда эле кайрылуу түшкөн. Бул Мамлекеттик мүлк фондунун карамагындагы жер. Атайын облустагы мамлекеттик унаалар тура турган гараж. Бизде бул жерге кое турган унаа деле жок. Облус жетекчисинин унаасы резиденциядагы 2 гаражда турат. Ар бир райондогулардыкы өздөрүнүн аймактарында турат. Ал жер жөн эле акырындап бузулуп жаткан. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери үчүн үй курууга шаарда жер болбогондуктан, кабаттуу үй курууга ыңгайлуу жер ошол гараждын участкасы болду. Ал жер 30 сотыхдан ашык. Биз дагы макулдугубузду берип, Маммүлктөн УКМкага өткөрүлүп берилди», - деген ал.

Фото — Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын атынан катышмак болгон, чоң акчага бааланган Учар аттуу тайганды уурдап кетишти

Көчмөндөр оюндарындагы мелдештерге Кыргызстандын атынан катыша турган Таластын Учар аттуу тайганы жоголгон. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына тайгандын ээси Кубатбек Алчымбаев маалымдаган.

Кубатбек Алчымбаев Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында жашайт. 1,5 жаштагы Учар сентябрь айында боло турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн тапталып жаткан. Ал таза кандуу мыкты тайган болгондуктан ага кызыккандар көп болчу. 150 миң сомдон өйдө акчага сурап келгендер болгон. Бирок сатпай койгон.

«2-август күнү үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө эс алганы кеткенбиз. Ал жакта 4 күн эс алып, 6-август күнү түндө үйгө келдик. Келген учурда тайгандарымды бир сыйра карап келип жаткам. Эртең менен болжол менен саат 10:00 чамасында тайгандарга тамак берүү үчүн сарайга кирсем 1,5 жаштагы Учар аттуу тайганым жок болуп чыкты. Калган тайгандарым ордунда экен. Дарбазанын асты кыштар (кирпич) менен тосулган болчу. Дароо сыртка чыгып карасам, ошол кыштар сыртка чыгып калыптыр. Тайганым байгелүү орундарга ээ болуп жүрчү. Кымбат баалуу, таза кандуу тайган болгондуктан кызыккандар көп болчу. Шек санаган адамдарым көп, бирок кайсы бирин айтарымды билбейм. Келип калат деп ойлоп күттүм, бирок келген жок. Ошол учурдан баштап издеп жатам. Буга чейин жоголгон эмес. Эмнеси болсо да табылып калышын күтөм. Ким уурдап кетсе дагы эл арасында жетелеп жүрө албайт. Анткени таанымал тайган. Ошондуктан ким алса дагы эртеби-кечпи берип койсо жакшы болот эле. Азыркы учурда Талас облусу жана Бишкек шаарларында укук коргоо органдары издеп жатат. Кимде ким тайганды таап алса сүйүнчүсүнө 20 миң сом берилет», - деген ал.

Учардын өңү кара, төшүндө ак белгиси бар. Бою 60-70 см, эркек.

Андан кийин:

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кубатбек Алчымбаев уурдалып кеткен Учар 17-август күнү Чүйдөн табылгандыгын кабарлаган.

«Издөө иштери тынымсыз жүрүп, 17-август күнү «Манас» аэропорту жакта жайгашкан Дача СУ деген аймактан табылды. Азыркы учурда абалы жакшы. Көчмөндөр оюндарына карата кызуу машыктырылып жатат. Издөө иштерине көмөк көрсөткөн бардык адамдарга ыраазымын. Тайганды алып кеткен адам аты-жөнүн ачыктабашымды өтүндү», - деген ал.

Таласта тротуар жасаган 180 адам маяналарын ала албай, ишкананын үстүнөн даттанууда (видео)

Талас облусундагы Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунун жээгиндеги тротуарларды куруп жаткан 180 адам айлык акыларын ала албай жатышканы белгилүү болгон. Бул тууралуу жумушчулардын бири Талант Жапаркуловдун апасы Калбү Жапаркулова билдирген.

«Мен Талас районунун Талды-Булак айылынын тургунумун. Мен дагы башкаларга окшоп эле бул жерде баламдын айлыгын берсе экен деп жүрөм. Бул жердеги 180 бала бир үй-бүлөнүн оокат-ашын камсыздагандар. Бул тротуарды куруу үчүн жумушка алыскы Жалал-Абад, Алайдан, Ысык-Көлдөн бери келишкен балдар бар. Үйлөрүнө кете албай, жол киреси жок жүрүшөт», - деген ал.

Куруучулардын өздөрүнүн айтымында, Талас районунун Чат-Базар айылынан баштап Талас шаарына чейин бордюр коюшуп, тротуар курушкан.

«Биз май айынан баштап «Ата кенч» фирмасында тротуар куруу үчүн иштеп жатканбыз. Талас районунун Чат-Базар айылынан баштап, Талас шаарына чейин бордюр коюп, тротуар жасадык. Жалпы 180 адам 2 айдын айлык акысын ала албай жатабыз. Убада боюнча ар бирибизге эң азы 60 миң сомдон берилмек», - дешкен алар.

Жумушчулар айткан фирма менен байланышып, бул маселе боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев жумушчуларга буга чейин жергиликтүү бийлик катары жарымысынын маяналарын алып беришкенин билдирген.

«Бул Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолу биздин баланска өтө элек. Ал Транспорт министрлигинин карамагында. 20-августта бизге тапшырылып берилмек. Бирок иш бүгүнкү күнгө чейин толугу менен бүтө элек. Алардан кабыл алуу актысы алынып, бизге өткөндө гана бизге тиешелүү болот. Азыр булардын ишине кийлигишүүгө мыйзам жол бербейт. Биз жергиликтүү бийлик катары гана иш-чараларды жүргүзүп, жарымынын айлык акысын алып бергенбиз. Бүгүнкү күндө айлыктарын ала албай жатабыз деген тургундар финполицияга, прокуратурага арыз жазышты. Ал унаа жолдун курулушунда "Чакыр-Япык" ишканасы подрядчик болсо, тротуарларды куруу боюнча субподрядчик "Ата-Кенч" болуп жатат. Маалыматтарга караганда алар да өз ара соттошуп жатыптыр», - деген Мураталиев.

Курман айтта Таласта 70 уй союлуп, 500 адамга эт таркатылды


21-августта Курман айт майрамына карата Талас облусунда 70 баш уй союлуп, эти элге таркатылган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга коомдук фонддун өкүлү Нурсултан Майрамбек уулу билдирген.

Анын айтымында, эт майып жана жардамга муктаж болгон адамдарга, балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой адамдарга таратылды. Жалпысынан 500 адам жардам алды. Курмандык чалууга колунда бар адамдар көмөк көрсөтүшкөн.

Таласта 60 миң куб көлөмдөгү суу батуучу суу сактагыч ачылды (фото)

17-августта Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында 60 миң куб көлөмдөгү суу батуучу суу сактагыч ачылган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын башчысы Бакыт Умарбеков билдирген.

Анын айтымында, бул суу топтоочу жай союз учурунда эле курулган. Бирок 40 жылдан бери тазаланбай келген. Суу күз айларында топтоло баштайт.

«Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылына деп атайын демөөрчүлөр тарабынан тазаланып, пайдаланууга берилди. Бул жерге 60 миң куб суу батат. Анын жыйынтыгында 300 гектар айдоо аянты суу менен камсыз болот. Буйруса айдоо аянттарына суу кенен болот деген үмүттөбүз», - деген ал.

Суу сактагычты кайра ишке киргизүүгө ишканалардын бири 3,5 млн сом бөлүп берген.

Манастын Покровка айыл аймагы «Эң мыкты айыл өкмөт» сынагында 3-орунду алды

Манас районунун Покровка айыл аймагы республикалык «Эң мыкты айыл өкмөт» сынагында 3-орунду алган. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришкен.

Маалыматка караганда, жеңүүчүлөргө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 28-августта сыйлыктарды тапшырды. Жалпысынан сынакка 13 айыл өкмөт катышкан. Алардын ичинен Покровка айыл өкмөтү 3-орунду алып, 500 миң сомдук акчалай сыйлыкка ээ болгон. Сынак 2017-жылдын жыйынтыгынын негизинде уюштурулган.

Жыйынтыгында 1-орунду Жайыл районундагы Суусамыр айыл өкмөтү (1,5 млн сом), 2-орунду Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтү (1 млн миң сом) ээлеген.

Эгемендүүлүк майрамы: Таластык 5 жаштагы Нуркыргыз 3 тонналык унааны 20 метрге сүйрөдү (видео)

31-август — Эгемендүүлүк майрамына карата Талас шаарында өткөн салтанатта бакай-аталык 5 жаштагы Нуркыргыз аттуу бала салмагы 3 тонна жакын «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унааны 20 метр аралыкка сүйрөгөн. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдаган.

Анын устаты Нурлан Алишеровдун (Ташчайнар) айтымында, шакирти Россиядагы, Америкадагы шоуларга катышууга жолдомо алган.

«Бүгүнкү күндө 17 шакиртим бар. Алардын эң кенжеси Нуркыргыз. Өзүнүн аты азырынча сыр болуп турсун. Ата-энесинин уруксаты менен алып жүрөбүз. Алар да чогуу жүрүшөт. Машыкканына аз эле убакыт болсо дагы Бишкектен «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унааны сүйрөгөн. Нуркыргыз Россиядагы Максим Галкиндин «Лучше всех» аттуу теледолбооруна жолдомо алган. Октябрь айында дагы Америкага жолдомо алганбыз. Американын 50 штатына өнөрүбүздү көрсөтөбүз деп даярданып жатабыз», - деген ал.

Нуркыргыз үй-бүлөдө 4 бир тууган.


Айыл турмушу: Жалгыз бой эне Б.Агымбетова 1 даанасы 1,5 кг жеткен картошка өстүрдү (сүрөт)

Талас районунун Калба айылынын 50 жаштагы тургуну Бегимжан Агымбетова салмагы 1,5 килограммга жеткен картошкаларды өстүргөн. Дыйкандан аймактык кабарчы кабар алган.

Өзүнүн айтымында, орточо картошкалардын салмагы 1 килограммга жеткен.

«Биз айылда дыйканчылык менен алекпиз. Күнүмдүк тиричиликке колдонуу үчүн чарбактагы 3 сотых жерге картошка өстүрөбүз. Алгач урук катары 1,5 кап кортошка тигилген. Аны тигип жатканда жерди семиртүү үчүн кык аралаштырганбыз. Учурда абдан түшүмдүү болуп, 1 даана кортошканын эң чоңдорунун салмагы 1,5 килограммга жетүүдө. 3 сотых жерден 1,5 тонна түшүм алдык. Базардагы баасы да жакшы болду, 1 кг картошканы 10-12 сомдон сатып жатабыз», - деген ал.

Жалгыз бой эне 2 уул жана 3 кыздын апасы.

Казакстанда таластык 30га жакын соодагерди камап салышты: Облус жетекчилиги маселени угуп «документтери туура эмес» деп жооп берди (видео)

16-сентябрда түндө Казакстанда таластык 30га жакын соодагер камакка алынгандыктан башка соодагерлер аларды бошотууга жардам сурап, эртеси 17-сентябрда облустук администрацияга кайрылышкан.

Соодагерлердин бири Нурзада Дүйшееванын айтымында, кыргыз-казак чек арасынан кыргызстандык 16 соодагерди казакстандык укук коргоо органдары «тиешелүү документтери жок» деген себеп менен кармап кеткен.

«Талас облусу боюнча бул жерде тургандардын барыбыз Казакстандын Жамбыл облусуна алма-өрүк ташыйбыз. Менин иштегениме эле 7 жыл болду. Бүгүн түнү 16 кишини депортация кылып коюшту. «Эмне себеп менен кылып жатасыңар? Бизге алдын ала эскертүү берген жок» десек «биз 600 адамды депортация кылышыбыз керек» деп жооп берип жатышты. Биз барыбыз соодагерлик менен жан багабыз. Бажыдан өтүп жатканда айдоочуларды кыйнашат, өтүп жатканда кошумча акча төлөп өтөбүз. «Спринтер» менен барсак 20 миң теңге, «Портерлерге» 12 миң теңге беребиз. Жеке ишкер деген документти ачтырганда деле кошумча чыгаша гана болосуң. Жеке ишкер кагазы менен деле ал жактан соода кылууга болбойт», - деген ал.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канымет Осмонбеков келген соодагерлерди кабыл алып, соодагерлердин өздөрүндө да күнөө бар экендигин айткан.

«Мен бул маселени эртең менен гана уктум. Бул боюнча Казакстандын Жамбыл облусунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Силерде дагы күнөө бар. Өзүңөр документтериңерди туура кылып, патент алуу керек да. Болбогон эле акча кетет ошого. Документтериңер туура болсо эмнеге кармайт силерди? Ар бир мамлекеттин өзүнүн мыйзамы, тартиптери бар. Биз Советтер Союзунан 30 жыл мурун чыгып кетсек дагы аң-сезимибиз ошол жакта жүрөт. Ал бүгүнкү күндө башка мамлекет. 30га жакын адамды алып кеткен экен депортацияга. Сен экөөбүз азыр көзүбүздөн каныбызды агызып ыйласак дагы эч нерсе кыла албайбыз. Ал деген казактар.

Менин түшүнүгүм боюнча кечинде рейд болгон. Рейдде камагандан кийин документтиң туура эмес болсо депортация кылат», - деген Осмонбеков.

Таласта төө буурчактардын тазалары 50 сомго чейин сатылууда

18-сентябрда Кыргыз өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облусундагы бөлүмүнүн адиси Заирбек Жунусалиев Талас облусундагы төө буурчактар тазаланып, Иран жана Грузия мамлекеттерине экспорттолуп жаткандыгын билдирген.

Анын айтымында, төө буурчактын лопатка сортунун тазаланбаганы 43 сом, тазасы 50 сом болуп жаткан.

«Биз өкмөт тарабынан бекитилген, атайын социалдык мааниге ээ болгон продукциялардын баасына ар жума сайын көзөмөл жүргүзүп турабыз. Алардын ичине төө буурчак дагы киргизилген. Ар жуманын төртүнчү күнү бизде мониторинг өтөт. Төө буурчактын лопатка сорту Талас өрөөнүндө кеңири өстүрүлгөндүктөн ошол сортунун баасы үзгүлтүксүз кароодо турат. 13-сентябрдагы маалымат боюнча төө буурчактын лопатка сортунун тазаланбаганы 43 сом, тазасы 50 сом болгон. Райондордо дагы 1-2 сом гана айырма болбосо, баасы ушундай эле», - деген ал.

Талас облусундагы төө буурчак экспорттоочу фирмалардын биринин жетекчиси Адилет Токторбаевдин айтымында, дыйкандардын көйгөйү — төө буурчактын баасы болуп жаткан.

«Бүгүнкү күндө Таласта төө буурчака болгон баа (тазаланбаганы) 35 сомдон 45 сомго чейин болууда. Төө буурчактар Иран, Грузия мамлекеттерине экспорттолот. Бардык эле дыйкандардын көйгөйү — бул төө буурчакка болгон баанын туруксуздугу. Баанын туруксуздугуна бир нече себептер бар. Биринчиден төө буурчак Таласта гана өспөйт. Дүйнөлүк рынокто төө буурчак өстүргөн мамлекеттер көп. Бизден чыккан төө буурчактар аз гана пайызда болуп калат. Эгерде төө буурчак өндүргөн башка мамлекеттерде кандайдыр бир жаратылыш кырсыктарынан улам түшүмү аз болуп калса анда төө буурчактын баасы жогору болот. Экинчиден бүгүнкү күндөгү валюталык кризис дагы төө буурчактын баасына таасир этет. Биз төө буурчак экспорттогон мамлекеттерде долларга болгон баа эки эсе көтөрүлүп кетти дагы төө буурчака буйрутма аз болуп, баалары арзан болду», - деген ал.

Адилет Токторбаев төө буурчактар Талас облусунан тазаланып, 25 жана 50 кг салмактагы стандарт менен экспорттолоорун кошумчалаган.

Кара-Бууранын Чолпонбай айылында 72 орундуу мектеп ачылды (фото)

18-сентябрда Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында жаңы салынып бүткөн мектептин ачылыш аземи болуп өткөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирген.

Айыл башчысы Айдар Маткеримов билдиргендей, атайын башталгыч класстар үчүн салынган бул мектептин курулуш иши 2017-жылы башталган. Ага кеткен 4 млн сом каражат Талас өнүктүрүү фондунан, айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланган. Мектептин ачылыш аземине облустун, райондун жетекчилери жана айыл тургундары катышкан.

Элетте мындан башка да чоң мектеп бар.

Таласта бычакталган жаш келин каза болду. Кылмышка шектелген адам аныкталды (толукталды)

23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келин бычакталып мерт болгон. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришкен.

Маалыматка караганда, окуя 1 күн мурда түндө болгон. Келиндин денесине бир нече жолу бычак сайылып, ооруканага жетпей каза болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, анын жолдошу экөөнүн ортосунда 3 баласы бар экендиги айтылган.

Талас ОИИБдин маалыматына караганда, саат 20:00 чамасында милицияга Талас шаарынын тургуну кайрылып, анын 1993-жылы туулган А.Ж. аттуу кызын белгисиз адам бычактап өлтүргөндүгүн билдирген. Учурда кылмышка шектелген адам аныкталды. Бирок азыр бул факты боюнча эч ким камакка алынган жок. Иликтөө иштери улантылып жаткан.

Ал эми кошуналарынын айтымында, каза болгон келин Талас шаарында көп кабаттуу жатаканалардын биринде апасы менен жашачу.

«Жаркылдаган, жардамын аябаган кыз эле. Бакай-Атага турмушка чыккан экен. Өздөрү Кара-Балтада турушчу экен. 1,5 айдан бери жолдошу менен ажырашып Таласта жүргөн. «Жолдошум тынчымды алып жатат» деп айтып жүрчү. Кечээ үйдө сиңдиси экөө калыптыр. Сиңдисин «тишим ооруп жатат» деп аптекага жөнөткөн экен. Сиңдиси 2 таблетка дары алып келгенче бычакталып калыптыр. Бирок бычактаган адамды милиция таппай калды», - деген алар.

Кылмышка шектелип күйөөсү кармалды:

25-сентябрда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы келиндин өлтүрүлүшүнө шектелип, 34 жаштагы жолдошу кармалгандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, келин буга чейин жолдошу менен Бишкекте жашагандыгы такталган. Бирок ал 1 айга жакын убакыт мурда күйөөсү менен ажырашып, Таласка апасына баса берген. Күйөөсү анын артынан келген. Бирок экөөнүн ортосунда чатак чыгып, урушуп кетип, аны бычак менен сайып салган.

«Бул кылмышка шектүү адам кечээ күнү кармалды. Ал каза болгон жарандын (келиндин) күйөөсү. Шектүү Бакай-Ата районунун тургуну 1984-жылы туулган тургуну экендиги такталды. Буга чейин жубайы экөө Бишкек шаарында жашап келишкен. Ал кылмыштан кийин 1 суткага жетпей Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетине жакын жерден кармалды. Өлтүрүүгө кызганыч себеп болгон. Кармалган адам азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылган маалыматта.

Күйөөсү көрсөтмө бере баштады

Кийин Талас ОИИБ кийин бычакталып көз жумган 25 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип кармалган күйөөсү күнөөсүн мойнуна алгандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, келин өлтүрүлгөндөн кийин кылмышка шектелип өзүнүн 34 жаштагы жолдошу — Бакай-Ата районунун тургуну Н.Ж. кармалган болчу.

«Кармалган адамдын айтымында, аялы менен бир нече убакыттан бери урушуп жүргөн. Ага алып кетем деп келген экен. Кылмыштын себеби кызганыч деп айтты. «Ошол учурда мас абалында болгом» деп жатат. Бирок тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бүгүнкү күндө ал убактылуу кармоочу жайда. Тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылган маалыматта.

Булардан соң аталган кылмыштын материалдары сотко жиберилгендиги белгилүү болгон.

Кара-Буурада «Чыңгыз ордо» мемориалдык комплексинин курулушу башталды (сүрөт)

6-октябрда Кара-Буура районунун Шекер айылында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Чыңгыз ордо» тарыхый-маданий мемориалдык комплексине капсула салуу аземи өттү, деп билдирген аймактык кабарчы.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев, экс-вице-премер министр Даир Кенекеев, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев катышкан. Жалпысынан куруу долбоору 8 этапка бөлүнүп, биринчи этаптын болжолдуу наркы 68 млн 970 миң 509 сом болгон.

Парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков: «Чынгыз ордо» тарыхый-маданий мемориалдык комплекси келечекте Ч.Айтматовду дүйнөгө даңазалап турган жер болот. Комплекстин курулушу соңуна чыккыча жол көйгөйлөрү да чечилет», - деген.

С.Жээнбеков Таласта төө буурчак иштетүүчү заводдун ачылышына катышты (фото)

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда иш сапары менен Талас облусуна келген. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдаган.

Маалыматка караганда, өлкө башчысы иш сапардын алкагында Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы төө буурчакты тазалап, сорттоп, каптоочу жаңы заводдун ачылыш аземине катышкан. Завод эл аралык талапка жооп берген продукцияны экспортко чыгара алат.

Жеке ишкер Миргазы Оморовдун айтымында, заводдун 1 сааттык кубаттуулугу 15-17 тонна. 1 күндө 10 саат иштесе 170-200 тонна продукцияны иштетип чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Ири заводдун ичинде 8-10 миң тонна көлөмдөгү буурчакты батыра алган складдар бар. Жалпы 150-200 адам иш менен камсыз болот.

Президент менен кошо Таласка Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев, Рыскелди Момбеков, билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева жана айыл чарба министри Нурбек Мурашев келген болчу.

Таласта атайын завод ачылганына карабай дыйкандар төө буурчактарын сата албай жатышат (фото)

Талас облусундагы дыйкандар төө буурчактын быйыл көп өстүргөн лопатка сорту (ак түстө) сатылбай жатканына нааразы болушкан.

Бакай-аталык дыйкан Алмазбек Жапаркуловдун айтымында, аталган сорттогу төө буурчагын 3 күндөн бери сата албай убара.

«Азыр тойлордун убагы. Тойго кошумча үчүн деп түшүмдү четинен сатып жатабыз. 3-4 күндөн бери Талас шаарындагы төө буурчак алуучу жайларга лопатка сортундагы төө буурчакты алып барып жатабыз. Бирок албай жатышат. Акыркы жолу 1 жума мурун лопатка сортундагы төө буурчактан 54 кг саткам. Аны дагы 1 кг 45 сомдон өткөргөм. Баарыбыз төө буурчак өстүргөн соң мындай абалга нааразыбыз», - деген ал.

Талас шаарынын тургуну Сүйүнт Амангелдиевдин айтымында, төө буурчактар башында 55 сомдон сатылса, кийин 10 сомго арзандап кетти.

«Мен кошумча киреше катары 1 гектарга төө буурчак өстүргөм. Биз төө буурчактын лопатка түрүн тигебиз. Башында улам баасы көтөрүлүп 55 сом болуп турду эле, андан соң баасы 10 сомго түшүп кетти. Президентибиз төө буурчак иштетүүчү заводдун ачылышына келип кеткен. Бирок төө буурчак маселесинде баасы жөнүндө сөз айтылган жок. Бир нече күндөн бери төө буурчактын лопатка түрүн көп жерлерде албай да калышты», - деген ал.

Талас шаарындагы төө буурчак сатылуучу жайдагы алармандардын айтымында, лопатка төө буурчактар буйрутма жоктугунан улам алынбай жатат.

«Төө буурчактын лопатка түрүн албай калганыбызга буйрутма жок болуп калгандыгы себеп болуп жатат. Лопатка сортун албай жатканыбызга бир нече күн болду. Ал эми кызыл чаар, скороспелка түрлөрүн 52 сомго чейин алып жатабыз», - деген алар.

Талас облусунун жетекчилиги эмне деп жооп берди?

Ал эми Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Таластагы дыйкандардын төө буурчактары жакынкы арада толук кандуу сатылып алына баштайт. Быйыл Талас облусу боюнча 57 миң гектар жерге төө буурчак айдалган. Учурда анын 92% жыйналып бүттү. Түшүмдүүлүк орто эсеп менен 18 центнерден айланып, жалпы жонунан 95 миң тонна түшүм алынды.

«Жалпыңыздарга белгилүү болгондой 2017-жылы төө буурчактын эң кеңири таралган лопатка сортун сатып алуу 35 сомдун тегерегинде башталган. Үстүбүздөгү жылы сатып алуу 45-48- сомдун тегерегинде башталды. Андыктан эгерде дүйнөлүк рынокто төө буурчакка талап көбөйүп, баа жогоруласа Кыргызстанда да баа жогорулайт. Башкача айтканда баалардын өсүүсү же тескерисинче төмөндөп кетүүсү төө буурчакка болгон талаптарга жараша болот.
Мындан тышкары «кандайдыр бир кызмат адамдары төө буурчакка энчиге отуруп алды» деген ойдон чыгарылган сөздөр да чындыкка дал келбейт. Анткени төө буурчакты сатып алуу боюнча эч кандай чек коюлган эмес. Каалаган фирма, каалаган баасында сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бүгүнкү күндө Талас облусунун аймагында төө буурчакты кабыл алуу боюнча 75 фирма өз ишин жүргүзүп жатат. Аталган фирмалар аркылуу Таластын төө-буурчагы Түрция, Албания, Македония, Болгария, Россия жана башка ушул сыяктуу 23 өлкөгө экспортолууда. Ал эми лопатка сортун кабыл алуу фирмалардын каржылык маселелерине байланыштуу убактылуу гана азайтылган. Аталган фирмалар жакынкы арада кайрадан толук кандуу кабыл алынып баштарын билдиришти», - деп айтылгант маалыматта.

Фото — Таластын мэриясы жалгыз бой Наталья апага убадалаган үйдүн курулушу толук бүтө элек

Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Наталия Аносовагаубадаланган үйдүн курулушу бүтө электиги кабарлаган. Аймактык кабарчы андан кабар алып кайткан болчу.

Наталя Аносованын айтымында, үйдүн курулушу кыш (кирпич) жоктугунан улам токтоп турат.

«1 жума мурун мэр келип кеткен. Андан кийин күн суук болду. Кар жааганда эски үй өзүн көрсөттү, тешиктерден суук кирди. Мешке күнү-түнү от жагып отурдум. Үйгө (курулуп жаткан) күн суук болгончо кирип алсак жакшы болмок. Бирок үй быйыл кышкыга бүтпөй калат окшойт. Кыш (кирпич) табылбай жатат. Мэриядан келген кишилер «электр меш сайып отура бер» деп айтышты. Мага жеңилик каралган экен. Кечээ жакында эле студенттер дагы келип, азык-түлүк тапшырып кетишти. Мэриядан Дамирге (вице-мэри Дамирбек Курманалиев) рахмат. Улам акыбалымды сурап келип турат», - деген ал.

Ал эми Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиев үй куруу боюнча убада жай айларында берилгенин айткан эле.

«Биринчиден биз жарандарга там куруп берүүгө милдеттүү эмеспиз. Биз Наталя Аносовага үй куруп берүүгө убада берген элек. Убадабызга туруп, 2 бөлмөлүү үйдүн пайдубалы салынып, кыш (кирпич) коюлуп жатат. Кыш жетпей калгандыктан дагы кыш түшүрүп беребиз. Биринчи кар түшкөндө азык-түлүк алып, өзүм барып келдим. Көмүрү бар экен. Кичине мешине от жагып отурган. Баласы үйүндө жок болуп чыкты. Үйүнө келбей, кайсы жакта жүргөнүн белгисиз экен», - деген вице-мэр.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 26-июнда Turmush басылмасы Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Наталья Аносова 70 жыл мурда курулган авариялык абалдагы үйдө жашап жаткандыгын кабарлаган.

Анын айтымында, 2 бөлмөлүү бул үй 1947-жылы курулган. Анын дубалдары эскирип калгандыктан толук оңдоп-түздөсө да мурдагы калыбына келбейт. Бир аз жер титиресе көчүп түшүп калышы мүмкүн. Азыр 1 бөлмөлүү үй курууга бийликтен жардам сурап жаткан болчу.

«Бул үйдү кайын энем 1947-жылы курган экен. Өзүңөр үйдүн абалын көрүп турасыңар. 2 баллдык жер титирөөгө чыдабайт. Жолдошум 2009-жылы каза болгон, ошондон бери жалгыз жашайм. 1 кыз, 2 уулум бар. Кызым 85 жаштагы апамдын колунда турат. 2 уулумдун бири абакта. Экинчиси жаңы эле абактан чыгып келди. 5250 сом пенсия алам. Ал тамак-ашка гана жетет. Өзүм, ичпейм, чекпейм. Чарбагымда картошка жана башка жашылча тигем. Үйдү колумдан келишинче таза кармаганга аракет кылам. Ушундай кулап калайын деп турган үй болсо да актап, сырдап турам, кошуналарым макташат. Үйгө 2 миң сомго меш жасатып, быйыл кыштан аман чыктым. Азыр корообузга 1 бөлмөлүү үй курууга орун даярдап койдук. Ошол үйдүн курулушуна жардам берүүңүздөрдү суранам», - деген ал.

Талас шаарынын вице-мэри Асел Күрүчбеков Наталья Аносовага буга чейин бир топ жардамдар берилип келгендигин айткан.

«Бизде Наталья Аносова жалгыз бой катары катталган. Бүгүнкү күнгө чейин социалдык, гуманитардык жардамдарды алып келген. Бизге үйүн авариялык абалда деген чечим чыгарып бергиле деп кайрылган. Кечээ, 25-июнь күнү өзгөчө кырдаалдар бөлүмү үйүнүн абалын текшерип, «авариялык абалда, жашоого жараксыз» деп бүтүм чыгарды. Абактан жаңы чыгып келген уулунун колунан келет экен, жаңы үйдүн пайдубалын даярдап баштаптыр. Үй куруп баштаса мэрия тараптан топурак, шагыл, таш камсыздап беребиз», - деген Күрүчбекова.

Жардам берүү:

Аталган макала чыккандан кийин эртеси 27-июнда Наталья Аносованын жаңы үйүнүн курулушу үчүн 1 тонна цемент жеткирилген.

Кызыл Ай Коомунун Талас облусундагы жетекчиси Дилдекан Шадыбекованын айтымында, Наталья Аносова буга чейин аларга атайын арыз менен кайрылган.

«Мурда бизден кийим-кече, азык-түлүк алчу. 26-май күнү гигиеналык колдонуучу заттарды, тамак-аш жана жылуу төшөнчү алып барып бергенбиз. Баласы аракет кылып, 1 бөлмөлүү үйгө жер даярдап койгонун көрүп, 1 тонна цемент түшүртүп бердим. Азыр дубал тургузууга керектүү жабдыктарды алып келип бердик», - деген ал.

Бийликтегилердин «үй курдуруп беребиз» деген убадасы:

Аталган макалалар чыккандан кийин 26-июнда Талас шаарынын мэриясы Наталья Аносовага 2 бөлмөлүү үй куруп берүүнү убадаладалаган. Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековд бул маселе анын жеке көзөмөлүндө болорун айткан.

«Шаарыбыздын тургуну Наталья Аносова бизде 2-топтогу майып катары катталып, ага жыл сайын 250 кг көмүр, тамак-аш берилип турган. Өздөрү 1 бөлмөлүү үй курабыз деп аракет кылып жаткан экен. Талас шаарынын мэриясы демилге көтөрүп, 2 бөлмөлүү чакан үйдү толугу менен бүтүрүүгө жардам бермек болдук. Бүгүнкү күндө архитектураны чакыртып, тамды мыйзамдаштырып жатабыз. Ушул иш аягына чыгып, ачкычын тапшырмайынча жеке көзөмөлүмө алам», - деген болчу мэр.

Талас шаардык кеңешинин төрагасы Мирлан Эсенгулов депутаттар дагы үй курууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирген.

«Бул үй-бүлө өтө жакыр жашайт экен. Бир уулу жакында эле абактан чыгып келиптир. Бул үй маселесин жакын арада сессиядан көтөрүп, жардам бергенге аракет кылабыз. Жалпысынан айтсак кышында өтө оор экен. Барыбыз биригип, каражат чогултуп үйүнө салым кошконго аракет кылабыз», - деген болчу депутат.

Наталья Аносованын уулу Сергей Аносов мэрия паспорт алууга жардам берип жаткандыгын кошумчалаган.

«Талас шаарынын вице-мэри Асел Күрүчбекова мага паспорт алуу үчүн документтерди тапшырууга жардам берди. 20 күндөн кийин паспортум келсе жумушка орношуп иштейм», - деген ал.

Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиев үй күзгө чейин курулуп бүтө тургандыгын айткан.

«Бүгүн 2 бөлмөлүү үйдүн пайдубалы дубалына кум-шагылдарды түшүрүп жатабыз. Ушул үйдү күзгө чейин ашар жолу менен бүтүргөнгө аракет кылабыз», - деген болчу Курманалиев

Мэриңерди кол алдындагылар тоготпой жатат: Талас облусунун жетекчиси М.Мураталиев мэриянын ишине сын айтты

24-октябрда Талас облусунун жетекчилигинин 9 айдагы ишинин жыйынтыгы боюнча отурум өткөн. Жыйында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 9 ай аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилген. Облус аймагында билим берүү тармагына 24 мугалим, саламаттыкты сактоо багытында 124 адис жетишпей тургандыгы айтылган.

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев Талас шаардык мэриясынын ишине сын айткан болчу.

«Быйылкы иш планда Талас шаарын өнүктүрүп, көрктөндүрүү иштерине басым жасалган. Эң эле жөнөкөй маселе чуңкурлар (жолдордогу) оңдолгон жок. Мэриңерди шаардагы эле жетекчилери тоготпой жатат. Тапшырма берип эле жөнөтсөң мэр кайра «өзүңүз айтыңызчы, укпай жатат» деп чалат. Таң эрте туруп алып, шаарын кыдырып, толук көйгөйлөрдү көргөн шаар жетекчиси жок. Мэрия даяр нерсени жасай албай жатат», - деген ал.

Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев иштер өз убагында эле аткарылып жаткандыгын билдирген.

«Талас шаары акыркы 9 айдын жыйынтыгы боюнча салыктын 3 түрүнөн чыкпай калды. Ооба, бул жактан кемчилигибиз бар. А башка иштер мэрияда өз убагында эле аткарылып жатат», - деген ал.

Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековдон комментарий алуу үчүн байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Таластагы депутаттар мэрдин отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты

26-октябрда Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында кезектеги сессия өткөн. Анда шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айда аткарылган иштери боюнча мэр Айдар Жузупбековдун отчету депутаттар тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылган.

Жыйынга жалпы 18 депутат катышып, 16 депутаттын макулдугу менен чечим чыкты. Мындан тышкары сессияда таштандыга тарифтерди которуу, бир нече шаардык мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча маселелер каралган болчу.

Айылдагы автобуста той... Тойго кеткен чыгымды үнөмдөп (фото)

Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 24 жаштагы тургуну Калмурат Эшималиев 23-октябрда өткөн үйлөнүү тоюнда кортеждин ордуна автобус жалдаган.

Өзүнүн айтымында, жубайы Муктарбек кызы Сайкал экөө мындай кадамга чыгымды азайтуу жана коопсуздукту сактоо максатында барган.

«Мен башкалардай эле окшош өңдөгү кымбат баалуу унаалар менен чыгабыз го деп ойлоп жаткам. Бирок ата-энем кооптонушуп, мага автобус болсо кандай болот деп кеңеш беришти. Чындап эле ойлонуп көрсөк коопсуз экен. 10 чакты унаа менен чыгып, жолдо бири-бири менен жарышып, ар жерге токтоп жүргөн жаштарды көп эле көрүп жүрөбүз. «Бул тойдо мындай кырсык болду» деген сөз дагы жаман эмеспи.

Ошентип акыры тойдогу кортеждин ордуна 50 кишилик автобуска токтолдук. Бир айдоочу тынч, мыйзамдуу ылдамдыкта айдап жүрдү. Ичинде 30дай адам болдук. Жалпы тойдогу унааларга 15 миң сом сарпталды. Досторубуз автобусту экөөбүздүн сүрөтүбүз менен жасап коюшкан экен. Той кызыктуу өттү», - деген ал.

Таласта жол кире кымбаттады: Айдоочулардын, тургундардын дооматы, бийликтин жообу

Октябрь айынын этегинде Талас облусунда таксилерге берилүүчү жол кире жогорулап, жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жараткан.

Талас шаарынын тургуну Калыс Бердияровдун айтымында, Талас шаарынын ичинде маршруттук каттам 10 сомдон, ал эми такси менен каттоо 15 сомдон болуп жатат. Өзүң жалгыз такси жалдасаң 60-80 сом берүү керек.

«Талас шаарынын ички аралыгы жакын эле болгондуктан бул баалар кымбат деп ойлойм. Айлык акылардын аздыгы, анан кымбатчылык көйгөй. Маршрут каттамдары кеч өткөндүктөн көптөр күтпөйт. Таксинин баасы мурда 10 сом болчу. 3 айдан бери 5 сомго кымбаттап, 15 сом болду», - деген ал.

Ал эми Талас шаарынын ичинде каттаган айдоочу Манас Кайыповдун айтымында, бүгүнкү күндө бензиндин баасы кымбат болуп жатат.

«Мен 1,5 жылдан бери бул жерде иштейм. Таластын таксилери республика боюнча эң арзан. Бир күндө 200 сом гана табабыз. Күнүгө ушул айдоочулук менен оокат кылгандарыбыз бар. Бензин бүгүнкү күндө 45 сом 50 тыйын болду. Биздин унааларыбызга төрттөн киши түшөт. Барып-келген аралыгыбыз 8 км болот. Ал жерге 1 литр бензин гана кетпейт да. Баарыбыз акылдашып, 2 ай мурун жол киренин баасын 5 сомго көтөрдүк», - деген ал.

Дагы бир айдоочу Эмиркан Мырзалиевдин айтымында, алар үчүн эч кандай шарт түзүлгөн эмес.

«Чынында баарыбыз оокат деп жүрөбүз. Бизде деле көйгөй көп. Биз Талас шаарынын борбордук базары тарапта А.Оторбаев көчөсүндөгү аялдаманын жанында турабыз. Бул жерге айдоочулар өзүбүз 2 «КамАЗ» кум түшүртүп, тегиздеп алганбыз. Бул жерди оңдойбуз деп мэрия сүрдүрүп салган. Минтип жаан жааган учурда жердин баары баткак, элге дагы жаман, бизге дагы жаман. Бул жагын дагы мэрия карап койсо жакшы болмок. Таксинин баасы кымбаттады деп нааразы болушат. Биз айына 320 сомго патент алабыз. Салыкчылар дагы келип, таксиге киши салдырбай тоскон учурлары болот. Биз бул жерде 15 күн иштеп, 15 күн иштебейбиз. Бизге шарт түзгөн эч ким жок. Жолдор жаман, унаа өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн оңдолот. Бензин былтыр 38 сом болсо, быйыл 7 сомго кымбаттады», - деген ал.

Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Нуржан Курманкуловдун айтымында, күйүүчү майдын максималдуу баасы 45 сомду түзөт.

«Социалдык мааниге ээ болгон продукциялардын ичине күйүүчү жана майлоочу майлар дагы кирет. Биз баалары боюнча байкоо жүргүзүп келебиз. Бүгүнкү күндө бензиндин АИ-80 маркасынын минималдуу баасы 38 сомду, максималдуу баасы 42 сом 30 тыйынды түзөт. АИ-92 маркасындагы бензиндин арзаны 40 сом, кымбаты 45 сом. Солярка 42 сомдон 46 сомго чейин сатылууда», - деген ал.

Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков айдоочулар токтогон жер жакында оңдоло тургандыгын белгилеген.

«Талас шаарында Базар—Автобекет каттамында такси турган жер жакында оңдолот. Бүгүнкү күндө Ш.Шеркулов атындагы көчөнү оңдоп жатабыз. Кийинки кезекте А.Оторбаев көчөсү турат. Ички каттамдагы таксилер үчүн жер аныктап беребиз. Аларга дагы мыйзам чегинде шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз. Былтыркы жылдан бери транспорттук салык жана патентке көп көңүл бурулууда. Патент баасы айына 400 сом болуп жатат», - деген мэр.

Аймактык кабарчы райондордун айдоочуларынан жол киренин бааларын тактады:

- Талас шаарында такси турган жерден баштап, Талас районунун жогорку Талды-Булак айылына чейин жол кире баасы 200 сом (86,5 км);

- Талас шаарынан Кара-Буура районунун борборуна чейин 100 сом;

- Жогорку Арчагул айылына чейин (112 км) жалпы 220 сом жол кире сарпталат;

- Талас шаарынан Манас районунун Чоң-Капка чек ара постуна чейин 250 сом;

- Талас шаарынан Бакай-Ата районунун борборуна чейинки жол кире 60 сом (39 км).

Байгеге коюлган унаалар, союлган жылкылар, 100 боз үй, 5 миң адам: Таласта Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси өткөн. Видео

8-ноябрда Талас облусунда жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси өткөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирген.

Маалыматка караганда, иш-чара саат 10:00до Ч.Айтматовдун Талас шаарындагы айкелинин алдына гүлчамбарларды коюу менен башталды. Мааракеге Ч.Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, уулу Эльдар Айтматов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баш болгон бир топ депутаттар келишти.

Салтанатка карата мурдатан даярдык көрүлүп, «Манас Ордо» комплексине 100 боз үй тигилген болчу.

Катар-катар жол тандабас унаалар, тосулган адамдар: Ч.Айтматовдун мааракесине келген депутаттардын, чиновниктердин кортежи. Видео

Саат 12:15 чамасында Талас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан «Манас Ордо» комплексине депутаттар жана чиновниктер жол тандабас унаалар менен келишкен. Алар келе жаткан учурда мааракеге жаңы келген адамдарды тосуп турушкан болчу.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, депутаттар Иса Өмүркулов, Алмамбет Шыкмаматов, Зарылбек Рысалиев, Садык Шернияз «Учкун» ААКтын директору Даир Кенекеев, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев жана башка чиновниктер келишкен.

Мааракесинин алкагында Талас шаарында К.Медетбеков атындагы драма театрында Ч.Айтматовдун айылы Шекерден келген элдик театр анын чыгармаларындагы каармандарын чагылдырып келишкен.

«Айтыш» фондунун жетекчиси Садык Шернияздын айтымында, мааракеде төкмө акындардын айтышы уюштурулат. Сынакка катышууга жалпы 50 акын аракет кылган. Анын ичинен тандалып алынган 16 акын айтышкан.

Мааракенин алкагында Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын негизинде тартылган 28 сүрөт көргөзмөгө коюлду. Сүрөттөр келген конокторго тааныштырылган.
Ар кандай тамак-аштар жасалып, боз үйлөргө коюлган. Эттер кайнап, түркүн даамдар жасалган. Бул даамдарды мамлекеттик мекемелер жасашкан. Өздүк булактар маараке үчүн 12 жылкы союлгандыгын айтышкан.
Салтанатта көк бөрү боюнча мелдештин финалдык таймашы уюштурулган Күч сынашууга Бакай-Ата районунун «Ынтымак» командасы менен Кара-Буура районунун «Кара-Буура» командасы чыккан. Мелдештин байгелерине унаалар коюлган.
Көк бөрүдө 35 кг серке тартышка түштү. Оюндагы биринчи упайды тайказанга Султан уулу Кубаныч таштаган. Уюштуруучулар 1-упайга 35 миң сомдук ээрди байгеге койгон болчу.
Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, салтанатка жалпы 6 млн 900 миң сом чогулганын айткан. Анын ичинен 500 миң сому президенттин фондунан бөлүнсө, 300 миң сому Жогорку Кеңеш тарабынан каржыланган. Мааракеге 5 миңден ашык адам катышкан.

Төкмө акындардын айтышынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.

- Баш байге — Амантай Ктманалиев (200 миң сом);

- 1- орун — Баян Акматов (150 миң сом);

- 2-орун — Абдылда Нуралиев (80 миң сом);

- 2-орун — Асылбек Маратов (80 миң сом);

- 3-орун — Кадырбек Бейшенов (50 миң сом)

Дагы 10 акынга 20 миң сомдон кызыктыруучу байге тапшырылган.
Көк бөрү боюнча мелдештин жыйынтыгы:

- 1-орун — Бакай-Атанын командасы алды (400 миң сом);

- 2-орун — Кара-Бууранын жаштар командасы (300 миң сом);

- 3-орун — «Бакайыр» командасы (200 миң сом);

Активдүү катышкан командаларга кызыкытруучу белек катары 100 миң сом бөлүнүп берилген.
Кыргыз күрөш боюнча мелдештердин жыйынтыгы.

60 кг салмактагылар:

- 1-орун — Токтогул районунун келген Эсенбек уулу Амангелди (унаа утту);

- 2-орун — Баястан Сүйүнбеков (70 миң сом);

- 3-орун — Сыймык Алымкулов (50 миң сом).

75 кг салмактагылар:

- 1-орун — Санжар Аманов (унаа утту);

- 2-орун — Муратбек уулу Нурмат (70 миң сом);

- 3-орун — Зиямидин Сатыбеков (50 миң сом).

Жогорку салмактагылар:

- 1-орун — Нурбек Кожобеков (унаа утту);

- 2-орун — Токтогонов Нурболот (70 миң сом);

- 3-орун — Кожомуратов Бексултан (50 миң сом).

Фото — Таласта «Супер кайын ата» сынагы өтүп, ырчы Оманын атасы жеңүүчү болду

20-ноябрда Талас шаарында «Супер кайын ата» сынагы өткөн. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына сынактын уюштуруучусу Марина Эдигеева кабарлаган.

Анын айтымында, иш-чара БУУнун долбоорунун негизинде ишке ашырылды.

«Бул сынактын максаты — улуу муундар менен жаштардын ортосундагы мамилени көрсөтүп, туура маалымат жеткирүү. Ала качуунун, эрте никеге туруунун алдын алуу. Бул сынак бир катар айылдарда дагы уюштурулуп жатат. Кечээ Талас шаарында өттү. Ага 55 жаштан өйдө курактагы 4 ата, жубайлары менен катышты. Алар 4 сценка аткарып, атайын даярдалган кырдаалдардан чыгышты. Мисалы баласы келип, «Ата, апа, үйлөнөм, бирок кыздын көңүлү жок болуп жатат. Досторум менен алып келе берели» дегенде апасы макул болуп, ал эми атасы аны мыйзам жолдорун айтып токтотуш керек болчу.

Сынактын жыйынтыгында «Супер кайын ата» наамын 66 жаштагы Майлыбеков Андарбек ата, «Чыгармачыл кайын ата» наамын 83 жаштагы Күрүчбеков Сыргабай ата, «Шайыр кайын ата» наамын Назеков Алымбек алды. «Акылман кайын ата» наамын Оморбеков Адамкалый ата жеңди. Баарына номинациялар жана кызыктыруучу белектер берилди», - деген ал.

«Супер кайын ата» болгон Андарбек Майлыбеков ырчы Оманын (Өмүрбек Андарбеков) атасы. Ал Талас шаарындагы «Кырк чоро» кинотеатрында башкы адис болуп иштейт.

М.Абылгазиев Таласта чек арачылардын үйүнүн курулушун текшерип, асыл тукум букалар багылган ферманын иши менен таанышты (фото)

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-ноябрда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагындагы «Нур» айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдаган.

Маалыматка караганда, кооперативдин 171 мүчөсү бар. 50 адам жумуш орундары менен камсыздалган. Кооператив ар түрдүү, анын ичинде абердин-ангусс породасындагы букаларды өстүрөт. Жыл сайын «Нур» кооперативинде 40 тоннадан 45 тоннага чейин эт өндүрүлөт.

Премьер-министр ырастагандай, айыл чарбага өкмөт тарабынан бөтөнчө көңүл бурулууда. Өкмөт берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмүн жыл сайын көбөйтүүгө умтулуп жатат.

«Агрардык тармактын механизация деңгээлин жогорулатуу жана айыл чарба техникасы паркын жаңылоо максатында облустун фермерлерин лизингдик программага активдүү катышууга чакырам. Биз айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга, анын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана чет элдик рынокко атаандаштыкка жөндөмдүү продукция менен чыгуу үчүн зарыл көлөмдү камсыздоого жетишүүгө тийишпиз. Айыл чарбасы атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармагы болуп саналат. Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү фермерлердин ишине колдоо көрсөтүүнү мындан ары да улантат», - деген Абылгазиев.

Өкмөт башчы мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы №2029 аскердик бөлүгүнүн жеке курамы үчүн курулуп жаткан көп батирлүү үйдүн курулушунан кабар алган. Өкмөт башчыга 24 батирлүү үйдүн курулушу 2016-жылы башталгандыгы тууралуу маалымат берилген. Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, жасалгалоо иштери жүрүп жаткан. Мухаммедкалый Абылгазиев курулуш учурундагы айрым кемчиликтерди көрсөтүп, аларды жоюуну талап кылган.

Таластагы 211 млн сомдук театрдын курулушу боюнча документтер прокуратурада текшерилип жатат

Таласта курулган Капар Медетбеков атындагы драма театрдын документтери прокуратурада экспертизадан өтүп жатканы айтылган. Бул тууралуу Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Улан Нуралиев билдирген.

Анын айтымында, театрдын курулушу 2008-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган.

«Драма театр боюнча коррупциялык схемалар бар» деп бир катар массалык маалымат каражаттары жазып жатышат. «Курулуш иши кагаздар боюнча октябрь айында бүттү деп жазылып, иш февраль айына чейин жүргөн» деп жүрөт. Мен бул маалыматты четке кагам. Драма театрдын иши октябрь айында бүткөн. Андан кийин иш жүргөн жок. «Сахнасы дагы айланбайт» деп чыгышты. Ал сахна дагы айланат. Театрга керектүү учурда айлантып колдонушууда. «Жабдыктарды монтаждоо иштерине көп каражат кеткен» деп жатышты. 25 млн сом кеткен. Биз Россиянын фирмасы менен келишим түзүп, сапаттуу жабдыктар менен жабдыдык.

Драма театрдын иши 2008-жылы башталып, 10 жылга жакын курулду. Иштин бүтүшүнө ошол учурда маданият министри болуп турган Түгөлбай Казаковдун салымы чоң. Президентке кирип айтып, акча бөлдүргөн эле. Президент тарабынан 45 млн сом бөлүнгөндө, 1 ай мөөнөт берилген. 150 адам иштеп, 1,5 айда бүткөн. Жалпы курулуш иштерине 211 млн сом кетти.

Драма театрдын кагаздары жыл сайын эле текшерилип турду. Финансы полициясы тарабынан 2 жолу текшерилди. Арыздын негиздеринде УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматында, прокуратурада текшерилип жатты. Бүгүнкү күндө дагы Талас облустук прокуратурасында жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматында кагаздар экспертизадан өтүп жатат», - деген Нуралиев.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 18-октябрда Талас облусунда 2018-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отурум өткөн. Анда облус жетекчиси Марат Мураталиев К.Медетбеков атындагы драма театрдын курулушунда жемкорлук болгондугу жөнүндөгү сөздөр боюнча суроого берген.

Журналист: «Талас облусундагы К.Медетбеков атындагы драма театрын салууда жемкорчулук болгон» деп, ошол кезде сиз менен чогуу иштеген адам УКМКга кат жазган экен. Бул кишини тааныйсызбы? Коррупциялык схемалар болгонбу?

Марат Мураталиев: Ал бала менде юрист болуп иштеген. 3 ай сыноо мөөнөтүндө жүргөн. Бизден документтер чыга баштаганын байкадык. Иштен кетирген соң менин үстүмдөн ар нерселерди жазып баштады. Ал мурун түрмөдө отуруп чыккан. Драма театр боюнча тиешелүү органдар 3-4 жолу текшеришти.

Патриоттук сезим менен курулуш үчүн 10 жыл жүрдүк. Акыркы жолу Алмазбек Атамбаев тарабынан акча которулганда 40 күн ичинде күн-түн дебей 150 бала иштеп бүтүрдүк эле. Жакшы ишке эл кубанууда, ыраазычылыгын айтууда. Ошол жерде бир жемкорлук иш болсо кудай уруп кетет.

Театр курулуп жаткан учурдагы сүрөттөр

Тактама:

500 орунга ылайыкташтырылган Капар Медетбеков атындагы театрдын курулушу 2008-жылы жайында башталган. Курулуш иштеринин сметалык баасы 208 млн сомду түзгөн. 2016-жылы анын курулушуна республикалык бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөн. 2017-жылы негизги курулуш иштери аяктаган. Курулуш иштери толук аякташы үчүн 2017-жылдын сентябрь айында президент А.Атамбаев 45 млн сом бөлдүрүп берген болчу.

Бакай-Атанын Көк-Таш айылында таза суу чыкпай, эл арыктан суу ичүүдө

Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында таза суу чыкпай, эл арыктан суу ичип жатканы кабарлаган. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришкен.

«Биздин айылда А.Асантуров көчөсүндө гана 6 жерде суу кудуктары бар. Бул кудуктар киргизилгенине 6-7 жылдын жүзү болду. Жайында суу жакшы эле чыгат. Бирок кышта минтип суу чыкпай, айыл эли суусу жок калабыз. Башка көчөдө жашагандар жайдын күнүндө деле биринчи көчөдөн ташып ичишет. 2 айдай такыр суусу жок калып, кошуна айылдан ташып жаттык. Унаасы жоктор сууну арыктан алып келип, чыпкалап кайнатып ичебиз. Мындан 2 күн мурун эле 6 кудуктун биринен суу чыкты. Бир айыл эли кезекте турабыз. Ал эми малга, кир жууганга, идиш жууганга арыктан алып жатабыз. Арыктагы суу дагы тоңуп, акпай калса тиричилигибиз токтоп калчудай», - деген тургундар.

Көк-Таш айылы жайгашкан Акназаров айыл аймагынын башчысы Урматбек Тынысов менен байланышуу мүмкүн болгон эмес.

Көк-Таш айылынын тургундары буга чейин 2017-жылдын январь айында да таза суу көйгөйүнөн кыйналып жатышкандыгын айтып чыгышкан болчу.

Видео — Таластагы Беш-Таш паркын байырлаган тоо текелер тасмага түштү


Талас районундагы Беш-Таш жаратылыш паркын байырлаган тоо текелер тасмага тартылган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлаган.

Маалыматка караганда, бул тасма 28-ноябрда Атчыкпас чокусунан тартылган. Муну менен Беш-Ташта тоо текелердин санын тактоо иштери аткарылган болчу.

Бөрүлүү мезгил: Манас районунда 1 күн ичинде 6 чөө атылды (видео)


8-декабрда Манас районунун Кайыңды айыл өкмөтүнө жакын аймактан 1 күн ичинде 6 чөө атылган. Бул тууралуу Талас облусундагы аңчылык жана балык уулоо коомунан билдиришкен.

Маалым болгондой, Мурат Жанкорозов башында турган аңчылардын бригадасы ууга чыккан. Анын жыйынтыгында элдин малына кол салып жүргөн жырткычтар жок кылынган.

Таласта алтын чыккан кенде 27 жаштагы жигитти таш басып калып каза тапты

Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагында Шыралжын алтын кенинде иштеген жумушчуну таш басып калып мерт болгон. Бул тууралуу маалыматты кенди иштеткен «Шыралжын Майнинг» компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Кубандыков тастыктаган.

Маалыматка караганда, кырсык 9-декабрда катталган. Каза болгон 27 жаштагы жигит Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болгон. Ал аталган ишканада 2 жылдан бери иштеп жаткан. Анын артында 3 баласы калган.

«Шахтада жер алдындагы иштерди аткарып жүргөндө таш басып калган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Компания тарабынан компенсация катары маркумдун 3 баласына үй куруп берилери болжолдонууда. Ошондой эле акыркы сапарга узатуу чыгымы үчүн кыркына чейин 800 миң сом берилет. 3 баласы 18 жашка чыкканга чейин атасынын айлыгы берилип турат», - деген Ж.Кубандыков.

Сүрөт: Талас облустук ооруканасына бир жылда 11 жаш адис келди

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасына бир жыл ичинде 11 жаш адис жумушка орношту. Бул тууралуу медициналык мекеменин директору Нурдин Усупбеков билдирген.

Жаңы кызматкерлердин келиши менен элдин саламаттыгын сактоого жакшы өбөлгөлөр түзүлгөн.

Бакай-Атада жаңы бала бакча ачылды. Ага жогорку кызматтагы чиновниктин жубайы директор болуп дайындалды (сүрөт)

Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында 75 орундуу бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди, деп билдирген аймактык кабарчы.

«Макей-Агай» бала бакчасынын ачылыш аземине айыл тургундары, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Мураталиев, биринчи орун басары К.Осмонбеков, мурдагы ыйгарым укуктуу өкүл Д.Кенекеев, Бакай-Ата районунун акими Ч.Төрөкулов катышкан.

75 орундуу заманбап бала бакчага өкүлдүн биринчи орун басары Канымет Осмонбековдун жубайы Айгүл Дүйшөналиева жетекчи болду. Өз сөзүндө А.Дүйшөналиева 30 жылдан бери кенже класстардын мугалими болуп эмгектенип келе жатканын айткан.

Иш-чарага катышкан адамдар Боо-Терек айылына жалаң жетекчилердин жубайлары жетекчилик кызматка келип жатканына нааразычылык билдиришкен. Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Дооронбековдун жубайы да ушул айылдагы мектептин директору болуп эмгектенет.

Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Дооронбеков: «Бул жерге өкүлдүн орун басарынын тиешеси жок деп ойлойм. Бакчанын уюштуруу иштерин аткарууга бирөө керек болуп, айыл аймак башчысы Эрнис Бейшебаев Айгүл Дүйшөналиеваны сунуштады. Андан соң өзү да бул бакчага жетекчи болуу боюнча арыз жазды. Бардык талаптарга жооп бергендиктен бала бакча жетекчилигине туура көрдүк.

Менин жубайым Гүлнара Сатымкулова да Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында мектепте директор болуп иштейт, ал чындык. Ал район ичинде эмес, облус деңгээлинде мыкты педогог. Директор мамлекеттик кызматкер болбогондуктан экөөбүздүн жумушта эч кандай тоскоолдук болбойт. Жолтоо болмок тургай районубуздун билим берүү бөлүмүнө жакшы көрсөткүчтөр менен сыймык болуп жатат», - деген.

Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канымет Осмонбеков комментарий берген эмес.

Таласта жаңы жылдык балатыны жандырышты (сүрөт)

25-декабрда Талас шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балаты жандырылган. Бул тууралуу Талас шаардык «Коммуналдык чарба» ишканасынын жетекчиси Эркин Аскаров билдирген.

Анын айтымында, балаты 12-декабрь күнү орнотулган. Анын бийиктиги 14,5 метрди түзөт.

«Балатыны кооздоого жергиликтүү бюджеттен 137 миң сом бөлүндү. Ошондой эле балатынын аймагын кооздоо үчүн мамылар орнотулуп, гирляндалар илинди. Бүгүнкү күндө аны жасалгалоо иштери толугу менен аяктады. Каражат аз болгонуна карабай, жылдагыдан өзгөчө жасалгаланды», - деген ал.

деген ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×