Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Жалал-Абад облусуТоктогул району 26.12.2018 08:43 Жаңыланды: 26.12.2018 16:56 На русском

Дааратканага казылган чуңкурга түшүп кетип баспай калган А.Момошованы күйөөсү тойлорго көтөрүп алып барчу (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун 47 жаштагы тургуну Аксана Момошова даараткана үчүн казылган чуңкурга (жаңы казылып, пайдаланыла электе) түшүп кетип, анын кесепетинен баспай калган. Ошол учурда жолдошу каршылыгына карабай көтөрүп алып, тойлорго коноктордон биринчи жеткирип койчу.

А.Момошова Turmush басылмасынын кабарчысына башынан өткөргөн чоң сыноо жана жеңиши тууралуу айтып берди.

«2011-жылы 12-октябрь күнү кырсыктан жапа чектим. Тойдон келе жатканда тааныштардын үйүнө кайрылып калдык. Жанымдагы келин менин курбумдун абысыны эле, ал экөөбүз тойдо чогуу кызмат кылганбыз. Ал дааратканага чыгам десе кошо барып, жаңы казылган чуңкуруна түшүп кеттик. Караңгы болгондуктан байкабай калдык окшойт. Мен биринчи жыгылып, ал келин менин үстүмө кулады. Эшикте ойноп жүргөн балдарыбыз бизди көрүп, дароо чоң адамдарды чыкырып келишти. Бирок алар чыгара алышпай, куткаруучуларды чакырышты. Ал чуңкур 5 метрлик экен.

Менин белим сынып, дароо эле эч нерсе сезбей калдым. Ошондо "кыймылдатпай, жыгачка байлап алып чыккыла" деп кыйкырып жаттым. Ооруканадан дагы кыймылдатпагыла деп эле сайрап калгам. Кыймылдатып коюшканда жүлүнүм үзүлүп калмак экен. Ал эми жүлүнгө талкаланган омуртканын сөөктөрү сайылып калыптыр. Ушул окуяга аз калганда омурткасы сынгандар тууралуу китептерди кызыгып окуган элем. Кийин өзүмө кереги тийди.

Окуянын эртеси күйөөм шифоньердин каалгасын чыгарып келип, ага бешикке бөлөгөндөй жаткырып, байлап алып, унаасы менен Бишкекке ооруканага алып барган. Ошол күндөн тарта менин жашоом катуу өзгөрдү. Бишкектен текшергенде үч омурткам сынып, жүлүн жабыркаганын айтышты. Жамбашым, сол бутум да жабыркаптыр. Белден ылдыйкы тарабым эч нерсе сезбей жатып калдым. Дарыгерлер бардык жардамын көрсөтүп, бирок басат же баспайт деп айта албайбыз дешти.

Балдарым ошол кезде мектепте окуп жатышкан. Жолдошум, бир туугандарым, кайын журтум жардамын берип, эми эмне болот деген ой менен эле алагды болуп жүрүштү. Мен баспай каларымды билгенде катуу депрессия болдум, 15 күндө ооруканадан чыгам деп айттым. Бул оору жөнүндө жолдошум интернеттен көп маалыматтарды көргөздү. Ошондо Валентин Дикулдун окуясын көрүп күчтөндүм. Жолдошумду, балдарымды ойлоп, жашоого умтула баштадым. Аракет керек экенин билип, ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, биринчи ой жүгүртүү менен иштедим. Андан кийин эластичный бинт менен буттарымды байлап алып, тартып жатып үйрөндүм.

Акыры ишенич, талыкпаган мээнет менен 1,5 жылда бутума турдум. Ал эми жанымдагы келиндин (чуңкурга кошо кулаган) колу ооруп, ооруканада жатты. Ошондо 4 айлык боюнда бар экен. Мен болсо 1 жыл турбай төшөктө жатып, 8 ай араба менен жүрдүм. Мени таенем менен апам бакты. Апам 67 жашта болсо, атам 80 жашта. Акыры өз күчүм менен бутума турганыма сүйүнөм.

Жаңы бутума туруп басып калганда ооруканага бардым. Дарыгерим сүйүнүп кош бойлуу экенимди, төрөт мага жардам бере турганын айтып калды. Ошентип 2014-жылы 15-октябрда уулдуу болдук. Бишкектен операция жолу менен төрөп, азыр көкүрөк күчүгүбүз 4 жашка толду», - деди А.Момошова.

Ал эми төшөктө жаткан учурда жолдошунун колдоосу өзгөчө болгон.

«Жолдошум мени Ысык-Көлдүн жээгине алып барып, эл аз жерге арабам менен отургузуп койчу. Көрсө сууда адам өзүн жеңил көтөрөт экен, ошентип биринчи жолу бутума суунун ичинен тургам. Күйөөмдүн салымы өтө көп. Мени жонуна көтөрүп алып конокко, тойлорго барбайм дегениме карабай эрте жеткирип, отургузуп койчу.

Бир күнү жайында кызыбызга көрсөтөм деп жылан кармап келди. Бирок алар сүйлөшүп алып, ал жыланды менин бутумдун манжаларына ороп, коркконунан туруп чуркайт деп план коюшуптур. Бирок менин буттарымда сезим жок эле. Ушул сыяктуу ар кандай аракеттерди жасашты.

Азыр бир таяк менен басам, ал эми үйдө таяк жок жүрө берем. Балдарым мени бул депрессиядан, оорудан чыгарышты. Ал эми кыйын учурда мени менен мамилесин үзгөндөр да болду, кимдин ким экенин билдим. Бирок жакшы маанай тартуулап, жылуу сөзүн аябаган досторум дагы бар. Атам, апам, бир туугундарым, жолдошум, балдарым жанымда. Бутума туруп калдым, мен бактылуу инсанмын.

Азыр бош убактым жок, үй жумушун жасап, андан сырткары машина менен төшөк, жууркандарды тигем. Эргүү келгенде ыр жазып коём. Келечекте балдарыма өз ордун табууга жардам берип, үйлөнтүп, жайлантсак дейм», - деп кошумчалады.

Учурда жубайлар 3 кыз, 3 уулдун ата-энеси. Эки уулу жогорку окуу жайды аяктап, эмгектенип жатышса, эки кызы студент. Ал эми кичүү кызы 8 класста окуйт. Жолдошу айдоочу болуп эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×