Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ысык-Көл облусуТоң району 28.12.2018 22:13 На русском

Айыл турмушу: Гүлмира Сарыкова чет өлкөдө иштеп чогулткан каражатына жеке бизнесин түптөдү (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 53 жаштагы тургуну Гүлмира Сарыкова тамак-аш жасалуучу цех ачып, киреше таап жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлмира Сарыкова Бишкектеги И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде билим алган.

«1998-жылы Бишкек шаарында Фридерик Берик аттуу француз наабайкана ачкан. Аны 2000-жылы таежем сатып алган эле. Ал жерде төрт жыл ичинде нандын түрүн жасоону үйрөндүм. Аталган француз 2 ай иштеп, бизге бардыгын үйрөттү. Эжемдин жардамчысы болуп иштеп жүрдүм. Ошол кезде шаарда жалгыз наабайкана биздики болчу. Кийинчерээк ал жерде иштеген балдар өздөрүнүн наабайканасын ачты. Мен да Алматада цех ачып, андан кийин Якутскка бардым. Эмгектенип, акча чогултуп, Бөкөнбаев айылына цех курдум. Азыр тойлорго буйрутма алып иштейм. Нандын түрүн, самса, тоок, балык бышырам. Цехте эки жаш келин иштейт», - дейт ал.

Гүлмира Сарыкованын айтымында, таттуу нандардын бир даанасы 4 сомго, пирамида нан 150 сомго, самса 35 сомго, кекстин килограммы 170 сомго, тоок-балыктар 50 сомго бааланат.

«Кээде бир күндө 4 тойго буйрутма алабыз. Той ээси бардыгын толук буйрутма берсе, 16-18 миң сомго жетет. Айрымдар тоок же балык эле бышыртышат. Буйрутмаларды эки күндө жасап бүтөбүз. Нандарды бир күн мурун, ал эми тоок-балыктарын той күнү эртең менен бышырып баштайбыз. Келиндерге күнүнө 250 сом, буйрутма көп болуп калса 400 сомдон төлөйм. Келечекте цехти кеңейтип, көптөгөн жаш келиндерди иш менен камсыз кылсам деген оюм бар», - деди ал.

Ал бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
44.05% (111)
«Банк Компаньон»
18.25% (46)
«РСК Банк»
9.92% (25)
...
Всего голосов: 252
×