Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 25.12.2018 10:29

Бишкекте батирдин ичинен 79 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Turmush -  Бишкек шаарында батирдин ичинен 79 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-декабрь күнү саат 11:15де ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Исанов көчөсүндө жайгашкан №2 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1939-жылы туулган Л.Л.А. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×