Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуКемин району 25.12.2018 10:24 На русском

«Мектепке балаты алып келүүгө кетишкен»: 11-класстын окуучусу Чоң-Кемин суусуна агып каза болду

Turmush -  Кечээ, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Көк-Ойрок айыл аймагынын Тегирменти айылындагы мектепте 11-класста окуган окуучу Чоӊ-Кемин суусуна агып каза болду. Ал классташтары менен бирге мектепке балаты алып келгени кетишкен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын тургундары билдиришти.

WhatsApp Image 2018-12-25 at 09.53.48(1)

«4 классташ эч кимге айтпастан балаты алып келгени кетип калышыптыр. Алар балатыны кыйып, ат менен суудан экинчи өйүзгө өтөрдө балдардын бири аты менен чогуу кулап, сууга агып кеткен экен. Суу болсо күргүштөп көбөйүп калыптыр. Ошондо окуя болжол менен саат 18:30 чамаларында болгон. Коркуп калган классташтар өз алдынча издешип, таппай койгондо айылдан чоӊ кишилерди ээрчитип келишкен. Баланын тоӊуп калган сөөгү түнкү саат 00:00 чамасында табылды», -деп билдиришти алар.

Ал эми Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Абласов аталган окуяны тастыктап, окуучулар мугалимдерге менен ата-энелерге айтпай кетишкенин белгиледи.

«Балдар эч кимден уруксат сурабай эле кетип калышыптыр. Алар мектепке белек кылып балаты алып келели дешкен экен. Ата-энелер да билбептир. Мугалимдер да аларды алып кел деп айтышпаптыр. Жанында болгон балдар түшүнүк катын жазып беришти. Негизи ал балатыларды кыйганга да уруксат жок», - деди айыл өкмөт башчысы.

Маркум үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү болгон. Айыл тургундарынын айтымында, атасы каза болуп калган. Апасы болсо чет өлкөдө эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×