Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Ош облусуАлай району 06.01.2019 21:23

Айыл турмушу: Алайлык Мырзайым интернеттен үйрөнгөн өнөр аркылуу киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун 23 жаштагы тургуну Мырзайым Сарбанова буйрутма аркылуу түрдүү баштыктарды токуп сатат. Ал кесиби боюнча экономист экенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мырзайым бул өнөрдү интернет аркылуу өздөштүрүп алган. Ал баштыктарды кардарлардын табитине жараша токуп берет.

«Бул өнөрдү үйрөнгөнүмө төрт эле ай болду. Кызыгуум күндөн күнгө артып баштады. Кол өнөрчүлүк менен алектенгенде эс алам. Негизи бала кезимден эле токуганды билчүмүн. Учурда түрдүү формадагы сумкаларды, себеттерди токуйм. Азыркы жаштар өзгөчө буюмдарга көнүл бурат. Бир айда 15-20 баштык буйрутма алам. Бир баштыкты 2 күндө токуп бүтүрөм. Жасаган буюмдарымды интернет баракчамдан эле жарнамалайм. Кызыккан кишилер ошол жерден буйрутма беришет. Негизи буйрутма менен гана токуп, кардарларымдын табитине карап жасап берем. Өздөрүнө жаккан өңдөрдү тандап формасы кандай болуусу керектигин айткандан кийин гана токуп баштайм», - деди ал.

Мырзайым баштыктарды токуу үчүн жиптерди Бишкектен же Казакстандан атайын буйрутма менен алдырат.

«Атайын сумкалар үчүн жиптер бар. Бир баштыкты токуу үчүн 2 же андан көп ором жип кетет. Бир эмгегимден 500 сомго чейин киреше табам. Баштык, себеттен башка баш кийимдерди, үйгө кийүүчү бут кийимдерди токууну пландап жатам. Өзүңдүн фантазияңа жараша ар кандай нерселерди токусаң болот. Мисалы, жакынкы күндө улуттук кемселдерди токуу ниетим бар», - деди М.Сарбанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×