Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.12.2018 12:08

«Таежеси шымына сийгендиги үчүн сабаган»: 2 жаштагы наристенин өлүмү боюнча милициянын билдирүүсү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда катуу сабалгандан кийин ооруканада каза болгон 2 жаштагы баланын өлүмү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы С.Усубакунов маалымат берди.

Маалыматка караганда, 23-декабрда Жети-Өгүз районунун Светлая-Поляна айылынын 1978-жылы туулган тургуну тез жардым кызматын чакырган. Ага сиңдиси 2 жаштагы Б.Алим аттуу (2017-жылдын 4-июнунда туулган) баласын ушул жылдын 12-декабрында убактылуу карап туруу үчүн таштап кеткен. Сиңдиси 1997-жылы туулган, жолдошу менен 2016-жылы ажырашып кеткен. Алардын Б.Алим аттуу баласы энеси менен калган. Энеси 12-декабрда иштөө үчүн Москавага кетип, уулун бир тууган эжесине убактылуу таштаган.

Баланын таежесинин көрсөтмөсүндө, наристе шымына сийип салгандыктан аны чымчып, чыбык менен эки ирет чапканын айткан. Андан соң баланы уктатып, жаткырып койгон, бир аз убакыт өткөн соң баланы ойготоюн дегенде анын кыйналып жатканын көрүп, тез жардам кызматын чакырган. Бала оор абалда райондук ооруканага түшүп, өзүнө келбей каза болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза даярдалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Жети-Өгүз районунда 2 жаштагы баланы өлтүрө сабалгандыгы маалымдалган.

Райондун прокурору Мирлан Аширбаев маалымдагандай, 23-декабрда райондук ооруканага денесинен ар кандай оор жараат алган Б.Алим (2017-жылдын 4-июнунда туулган) келип түшкөн. Бир аз убакыттан кийин ал каза болуп калган. Баланы апасы туугандарына таштап, өзү Москвага иштөө үчүн кеткен.

Баланын өлүмүнө шектүү делип 1978-жылы туулган Б.Алина кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Жети-Өгүз райондук ооруканасынын дарыгерлери билдиргендей, наристе 23-декабрда саат 12:00 чамасында ооруканага оор абалда түшкөн. Алар баланы рентген аппаратка салып, башы катуу жабыркаганын аныкташкан. Мындан тышкары, денесиндө көк ала тактар болгон.

Оор абалдагы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Алган жаракаты оор болгондуктан, ал өзүнө келбей, түнкү саат 01:00 чамасында чарчап калган.

Кабыл алган дарыгерлер бала оор абалда түшкөндүктөн жана денесинде көк ала тактар болгондуктан милиция жана прокуратура кызматкерлерин чакырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×