Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Жалал-Абад облусуСузак району 23.12.2018 11:46

Сузакта наристеге жардам көрсөтүүдөн баш тарткан дарыгер кандай жаза алды?

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дене табы көтөрүлгөн наристеге жардам берүүдөн баш тарткан дарыгерге чара көрүлдү. Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Нурдин Эрматовдун айтымында, бул окуя Кызыл-Туу айыл аймагынын Благовещенка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда болгон.

Окуядан көп узабай педиатр-дарыгердин ысымы аныкталып, жумушунан бошотулганы маалым болду. Ошондой эле жамаатка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү иштер аткарылды.

Окуя тууралуу:

2015-жылы төрөлгөн наристенин дене табы көтөрүлүп, ата-энеси жакынкы ооруканага алып барышкан. Бирок педиатр-дарыгер аларды дароо кабыл албастан, күттүрүп койгон. Арадан убакыт өткөндөн кийин кабыл алуудан такыр баш тартып, андан улам баланын атасы дарыгерден анын себебин түшүндүрүп берүүнү талап кылган.

Дарыгердин иш бөлмөсүндөгү кайым айтышуу коридордо дагы уланып, андан кийин наристе ата-энеси менен бирге райондук ооруканага жөнөтүлгөн болчу. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×