Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
21.12.2018 08:10 Жаңыланды: 21.12.2018 17:08 На русском

Ысык-Көлдө 200 тонна картошка жыйнаган Н.Чекиров: Дыйкандар банкрот болууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Темир-Канат айылында айыл чарба тармагында эмгектенген Нурлан Чекиров быйыл 200 тонна картошка жыйнады. Аймактык кабарчы ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1976-жылы Темир-Канат айылында туулган, 10 бир тууган. Атасы Рысбай Чекиров 1960-1970-жылдары СССРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты болгон. Ал атасынан эмгекти сүйүүнү, башкаларга жардам берүүнү үйрөнгөн.

«Мен чоң үй-бүлөдө чоңойдум, 10 бир тууганым бар. Ал учурда бир үй-бүлөдө 7-10 баланын тарбияланышы кадимкидей эле көрүнүш болчу. Азыр болсо жубайлардын 4 баласы болсо көп деп эсептешет. Биз убагында бир туугандарыбыздын кийимдерин кийип эле чоңойдук. Барыбызга ата-эненин мээрими жетчү. Учурда кээ бир ага-эжелерим Бишкекте турушат, мен болсо айыл чарба тармагында эмгектенем», - дейт ал.

Нурландын айтымында, Темир-Канат айылы Тоң районунун жогорку тарабында жайгашкандыктан, климаттык шарттар жергиликтүүлөргө мөмө-жемиштерди өстүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Кыш эрте келип, узакка созулат. Ал эми жаз кеч келет. Ошондуктан дыйкандар картошка, арпа өстүрүү менен алектенет.

«Мен улуу агам менен бирге чакан айыл чарба иштери менен алектенебиз. Бир аз кой, уй кармап, үйүр жылкы багабыз. Фермерлик менен алектенүү каныбызда бар. Айыл чарба менен алектенип жүрүп, бутубузга турдук. Турак үй салып, эки-жакка жүрүүгө унаа алдык. Үй-бүлөбүз эч нерседен кем эмес», - деди ал.

Нурлан жубайы Жазгүл экөө 3 баланы тарбиялоодо. Келинчеги Жумгал районунун Өрнөк айылынан болот.

«Жазгүл экөөбүз эки уулдуу жана бир кыздуу болдук. Учурда үй-бүлөм Бишкек шаарында ата-энем менен чогуу жашайт. Айылга аба ырайы жылып калганда келишет», - дейт Нурлан.

Ал ошондой эле, Темир-Канат айылындагы коомдук иштерге активдүү катышат. Өзүнүн демилгеси менен айылынын бир көчөсүн оңдоп берген. Мечиттин айланасына алма, өрүктүн көчөтүн отургузган. Мектептин ашканасына техника сатып берген.

«Быйыл жазында 7 гектарга картошка айдадым. Учурда 200 тонна картошкам бар, азыр Казакстандагы досторум менен сүйлөшсөм, ал жакта картошканын 1 килограммы 70 тенге экен (болжол менен 1 килограммы 4 сом). Ошондуктан Өзбекстан менен сүйлөшүп, учурда ошол жакка жөнөткөн жатам.

Биздин өкмөт өз фермерлерин колдобой, аларга шарт түзбөй жатат. Ар бири өз аракети менен ийгиликке жетүүдө, кээ бири алган түшүмүн сата албай, чыгымдары акталбай, банкрот болууда. Эрте жаздан кеч күзгө чейин иштеген адамдардын эмгеги акталбаганы өкүндүрөт. Кыргызстанда учурда картошканын баасы 3-4 сом болууда. Эмне үчүн өкмөт айыл чарба продукцияларын башка өлкөгө экспорттоо маселесин чече албайт? Мүмкүнчүлүктөр бар, бирок сатуу маселеси эч эле чечилбей жатат», - деди Н.Чекиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×