Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 20.12.2018 11:31 На русском

Оштогу клиникалык оорукананын мурунку жетекчиси Ш.Сулайманов жаңы кызматка дайындалды

Turmush -  Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын мурунку жетекчиси Шайырбек Сулайманов Бишкектеги эл аралык медициналык университеттин илимий иштер боюнча проректору болуп дайындалды. Бул маалыматты Шайырбек Сулайманов өзү тастыктады.

Ал жаңы кызматка 3-декабрь күнү дайындалган. Буга чейин Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында 10 жыл жетекчилик кызматты аркалап келген.

Ал эми аталган медициналык университетти Роза Аманова жетектейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×