Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 19.12.2018 18:07

Айыл турмушу: Лейлектик Г.Мурадов күнөскана иштетип, 40 миң сомго жакын киреше тапты (фото)

Turmush -  Лейлек районунун тургуну Гафур Мурадов 2 жылдан бери күнөскана иштетип жатат. Аймактык кабарчы дыйкандын иши менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл жазында күнөсканага помидор, баклажан, капуста, калемпир жана болгарскийдин көчөттөрүн отургузган. Алардан 30-40 миң сомго жакын киреше тапкан. Азыр бул жерде помидор отургузуп, февраль, март айларында сатууну пландап жатат.

«Мен 2 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип, күнөскана иштетип келем. Кышында да дыйканчылык токтобой, эрте жазга помидорду бышырууга аракет кылып жатам. Анткени бул мезгилде помидордун баасы кымбат болуп, жакшы киреше тапса болот. Помидор эле эмес эки түп лимон да өстүрдүм. Буйруса эмки жылы мөмө берет», - деди ал.

Гафур Мурадов улуту тажик болгону менен мекени Кыргызстан экенин айтып, кыргыз достору көп экендигин кошумчалады.

«Мен азыр 48 жаштамын, 5 балам бар. Өзүм ушул Лейлекте төрөлгөм. 7-класска чейин Курбаналы Сабыров атындагы орто мектепте тажик тилинде билим алгам. Бирок 7-классты аяктаган соң Тажикстандын Канибадам деген жеринде айдоочу жана телерадиомастер кесибин бүтүрдүм. Окууну аяктаган соң өз кесибим боюнча эмес, дыйканчылык менен алектенип калдым. Шалы, тамеки экчүбүз. Үй-бүлөмдү бүгүнкү күнгө чейин дыйканчылык менен багып келем», - деди ал.

Гафур Мурадовго бейөкмөт уюмдар колдоо көрсөтүп, 160 миң сомго узундугу 16 метр, туурасы 4 метр болгон күнөскана курдуруп беришкен.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун айтымында, Евробиримдиктин каржылоосу менен Лейлекте 40 даана күнөскана курулган. Аларда помидор, бадыраң, лимон өстүрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×