Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 18.12.2018 12:28

ОшМУда айлык жогорулап, волейбол клубу түзүлдү

Turmush -  Ош мамлекеттик университетинде 2018-жылдын 1-декабрынан тарта айлык акылар жогорулады. Бул тууралуу чечим университеттин административдик кеңешинде кабыл алынган.

Окуу жайдын билдирүүсү боюнча, 2018-жылдын 1-декабрынан тартып профессордук-окутуучулук курамдын, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлеринин салыштырмалуу кызматтык окладына буга чейинки кошулган стимулдардан сырткары негизги кызматтык окладына 40 пайыздан жогору эмгек акы кошулду. Ош мамлекеттик университети жыл сайын айлык акыларды ырааттуу жана системалуу түрдө үзгүлтүксүз жогорулап келе жатат. Бул акыркы 7 жыл аралыгында 8-ирет жогорулашы.

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков айлык акынын жогорулашы боюнча: «Окутуучуларыбызга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып жатабыз. Мунун баары билим сапатын жогорулатуу максатында ишке ашууда.

Университеттин ички резервинен, окуу жайда ыксыз чыгымдарды кыскартуунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды өстүрүүгө шарт жаралууда», - деди.

Ошондой эле декабрь айында айлыктан сырткары ар бир кызматкер жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө сыйлык акчаларды да алышат.

Мындан сырткары ОшМУнун ректору, профессор К.Исаковдун демилгеси менен профессионалдык «Университет-ОшМУ» волейбол клубу түзүлдү.

Аталган клубга башкы машыктыруучу болуп Алмаз Атабаев, машыктыруучу болуп Эрлан Тайыр уулу дайындалды.

Өз сөзүндө окуу жайдын ректору К.Исаков: «Дүйнөдөгү белгилүү университеттердин баарында профессионалдык клубдар бар. Учурда Ош мамлекеттик университети ар тараптан өсүп-өнүгүү жолуна түштү. Бул жаатта спорт тармагы да унутта калган жок. Ар бир спорттук тармак боюнча ушундай профессионалдуу клубдарды түзөбүз. Муну менен биз университет спорт жаатында коомго кандай салым кошуп жатат деген суроого жооп беребиз. Волейбол клубу системалуу түрдө машыгууларды өткөрөт, ал үчүн биз бардык шарттарды түздүк. Буйруса заманбап спорт аянчаларды куруу, жаштарга максималдуу шарттарды түзүү жакынкы аралыкта аткарылуучу пландарыбызда бар. ОшМУнун 80 жылдыгына карата чоң деңгээлдеги турнирлерди өткөрөбүз», - деп билдирди.

16-декабрда Ош шаардык волейбол федерациясынын демилгеси менен уюштурулган Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата спорттун волейбол түрү боюнча ЖОЖдор аралык мелдешке ОшМУнун волейбол боюнча 2 командасы катышкан. Алар 1-2-орундарды багындырып, диплом, акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×