Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 08.01.2019 23:30 На русском

Айыл турмушу: Тоңдук Ф.Догочиев үй-бүлөлүк кол өнөрчүлүктү улантып, жылына 700 миң сомго чейин киреше табат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылынын 31 жаштагы тургуну Фархад Догочиев 17 жылдан бери боз үй жасоо менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кыргыз агрардык университетинин механика факультетин бүтүргөн.

«Акыркы 17 жылдан бери боз үй жасайбыз. Бул өнөрдү атамдан, агамдан үйрөнгөм. Негизи эле биз үй-бүлөбүз менен боз үй жасайбыз. Атам, агам боз үйдүн өзүн жасаса, апам, келинчегим кийизин, жабык баш чийин, чачыгын жана бардык кооздуктарын жасашат. Мен болсо жыгачын, кереге, уук, түндүгүн жасайм. Кийизин Бишкек, Токмоктон, жиптерин Бишкек шаарындагы базарлардан алабыз. Жыгачын Жети-Өгүз районунан сатып алабыз. Бир боз үйдү 2 айда жасап бүтөбүз. Жылына орточо 200 миңден 700 миң сомго чейин киреше табабыз», - дейт ал.

Анын айтымында, кол өнөрчүлүк менен алектенген жарандарга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлбөй келет.

«Элеттин тургундары ишкерчилик менен алектенсе дароо салык талап кыла башташат. Бизге окшогон кол өнөрчүлөргө бир аз колдоо болсо дейт элем.

Мына биз жасаган эмгектерибизди Казакстан, Түркия, Араб Эмираттарына саттык. Азем белектерди көбүнчө туристтер алат. Боз үй сатып алуучулар сапатына карап, кийизинин калыңдыгына, кооздугуна, оймосуна баа беришет. Көчмөндөр юндары болгондо биздин боз үйлөрдү тигишет. Боз үйдүн көлөмүнө жараша 5 миңден 10 миң сомго чейин ижарага беребиз. Эми бул өнөрдү балдарыма үйрөтсөм, биздин кол өнөрчүлүктү биздин балдарыбыз дагы улантса дейт элем», - дейт эки кыз, бир уулдун атасы Ф.Догочиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×