Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.12.2018 23:25 На русском

Сүрөт: 26 жаштагы жигиттин денесин Ноокатка алып бараткан унаа менен «Мерседес» кагышты

Turmush -  Бишкек–Ош жолунун 404-чакырымында жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышты. Аймактык кабарчы билдиргендей, жол кырсык кечээ, 15-декабрь күнү саат 19:00 чамасында болгон.

Маалыматка караганда, жол кырсыкка Ош–Бишкек багыты боюнча бара жаткан Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Капчыгай айылынын 33 жаштагы тургуну А.У.нун башкаруусундагы «Мерседес» жана «Тойота Эстима» катышты. Экинчи унааны Ноокат районунун Көк-Бел айылынын 1992-жылы туулган тургуну Ч.И. башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктан кийин Кара-Көл шаардык ооруканасына 3 адам – «Тойотанын» айдоочусу жана эки жүргүнчүсү (Ноокат районунун Ак-Булак айылынын 1967-жылы туулган тургуну С.Б. менен Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылынын 1993-жылы туулган тургуну С. уулу А.) жеткирилген. Айдоочу жана жүргүнчү С.Б. амбулатордук жардам алса, экинчи жүргүнчү ооруканага жаткырылды.

Ошондой эле «Тойота» менен Ак-Булак айылында 1992-жылы туулган С. уулу А.нын денесин Бишкектен Ноокатка алып бара жатышканы белгилүү болду. Ал жүргүнчү С.Б.нын уулу болгон.

Бул факты боюнча Кара-Көл ШИИБ тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×