Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.12.2018 22:56 На русском

Бишкек–Ош жолунда башкаруусун жоготкон унаа «Тойотаны» сүзүп токтоду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 16-декабрь күнү саат 11:30 чамасында Бишкек–Ош жолунун 389-чакырымында, тактап айтканда Кара-Көл шаарындагы тилкесинде жол-транспорт кырсыгы катталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган аймакта «Тойота Платц» менен «Тойота Виш» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Биринчи унааны Кара-Көл шаарынын тургуну Э.К. башкарып бара жаткан. Ал башкаруусун жоготуп, анын кесепетинен Б.Ч.нын башкаруусундагы «Тойота Виштин» оң капталын сүзүп токтогон.

Жол кырсыктан адамдар жаракат алган жок. Учурда тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.





Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×