Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
18.12.2018 15:50 Жаңыланды: 30.12.2018 18:51

2018: Карышкыр менен кармашып, мал сойгон жеңекелер

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, баарынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже-сиңди жана карындаш. Алар — жашоодогу байлык.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

Бул жолу 2018-жылы Turmush басылмасына жарыяланып, миңдеген окурмандар таанышкан «Жеңеке» рубрикасынын эң көрүнүктүү каармандары тууралуу баяндайбыз.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

24 жаштагы Динара мал союп, кайындарын таң калтырды

Кара-Кулжа районунда өсүп, Ош шаарына келин болгон Динара Абдимажит кызы үйлөнүү тоюнан көп өтпөй мал сойгон. Ал кайын инисине жардамдашып, этти жиликтеп, бул өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырган болчу.

«7-8-класста окуп жүргөндө мал сойгондорду карап туруп, мен да кызыкчумун. Апам кыздар мал сойгон жакка барбайт деп урушчу эле. Бирок ага карабай эле мал сойгондо карап турчумун. Үйгө коноктор көп келгендиктен көп мал союлуп, алардын баарын кылдат карап турчумун. Кийин агаларым жок учурда мал сойгонго аралашып жүрдүм. Бир ирет агамдын уулу мал союп баштаганда мен алып, аягына чейин кылдат союп көрдүм. Ошондон тартып кызыгуум артып, бул ишти толук үйрөндүм», - деди ал.

Ал кой союп жаткан учурда тартылган сүрөттөрдү кайын иниси тараткан.

«Кайын иним кой союп жаткан эле. Анын жанына барып, мен да мал сойгонду биле турганымды айттым. Бирок ал ишенбестен мени сынап, суроо узатып кирди. Акыры ал койду мен союп, кайын инимди таң калтырдым. Биздин мелдештен улам андагы сүрөттөр социалдык тармактарга чыгып кетти. Жолдошум менин кой сойгонумду көрбөгөндүктөн башкалардан угуп таң калды», - деди Динара жеңе.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

37 жаштагы Рахат кайнагасы менен болгон окуядан кийин көпкө чейин уялып жүргөн

Токтогул районунун Саргата айылынын 37 жаштагы тургуну Сулайманова Рахаттын жолдошу үйлөнүүнүн алдында кыз издештирип, тааныштары аркылуу анын үйүнө ата-энеси менен барып колун сурашкан.

Р.Сулайманова келин болуп келгенден кийинки кызык окуяларга туш болгон. «Биз кемпир-чалдын колунда болгондуктан алардын айтканынан чыкчу эмеспиз. Эгер аяштар менен чогуу майрам уюштура турган болсок апам менен атам уктап калгандан кийин элдин эң артында барчубуз.

Бир жолу жолдошум сыналгы көрүп жаткан эле. Мен башка үйгө кирип келгиче ал эшикке чыгып кетип, ордуна кайнагам жатып алган экен. Мен байкабай эле жанына барып отуруп, бир нерселерди сүйлөп, оюмдагыларды айтып, сырларым менен бөлүшүп, андан кийин эшикке чыксам жолдошум эшикте жүрүптүр. Ошондо катуу уялып, кайнагамдын бетин карай албай, көпкө тартынгам», - деди Рахат жеңе.
------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Орус кызы В.Мамбетова кыргыз үй-бүлөгө келин болуп, тойго келген жолдошунун көп тууганына таң калган

Кант шаарынын 42 жаштагы тургуну Вероника Мамбетова Жалал-Абад шаарында 1975-жылы төрөлгөн. Орус кызы мындан 22 жыл мурун кыргыз жигитине турмушка чыгып, кыргыз үй-бүлөгө келин болуп барган.

«Жалал-Абаддагы мектепте 1982-жылдан 1985-жылга чейин окуп, андан кийин Кант шаарына көчүп келдик. Бул жердеги мектепти 1991-жылы бүтүрдүм. Жолдошум менен Кант шаарында таанышкам. Жеке ишканалардын биринде иштеп жүргөндө мага жолдошум отчет дайындап берейин деп калды. Ошондо экөөбүз жакындан тааныштык. Анын улуу агасы менин кошунам болчу. Мени менен таанышкандан кийин ошол агасынын үйүнө көп каттап калды. Албетте, мага жолугуу үчүн», - деди ал.

Вероника жеңе Кенжебек мырзанын үйүнө барганда бир эле нерседен кыйналган.

«Башка улутка келин болуу мен үчүн аябай кызыктуу болду. Жаңы келгенде кыргыз тилинен аябай кыйналдым. Анткени кыргыз тилин бир аз гана билчүмүн. Башка кыйынчылык болгон жок. Кайын журтум мени жакшы кабыл алышты. Той күнү жолдошумдун көп туугандары келди. Аларды башында тааныбай жүрсөм, азыр баарын таанып калдым. Экөөбүздүн бирге жашаганыбызга 22 жыл болду, ошол 22 жыл ичинде кыргыз тилди өз эне тилимдей билип калдым», - деди ал.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Ата теги Казакстан, Россия, Түндүк Кореяда төрөлгөн Анжела Цой Караколго келин болду

Каракол шаарына келин болгон 33 жаштагы корей кызы Анжела Цой. Ал жолдошу менен бирге түтүн булатканына 10 жылдан ашты.

Цой Анжела Енчановна 1985-жылы төрөлгөн. Учурда жолдошу экөө 2 уулду тарбиялап жатышат.

«Атам менен апам пияз, дарбыз, коон өстүрүшчү. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Биздин үй-бүлөнүн тарыхы абдан кызыктуу. Ата-энем Казакстанда төрөлсө, чоң аталарым Россияда, алардын аталары Түндүк Кореяда төрөлгөн. Апам Уралдагы жогорку окуу жайда химик-биолог адистиги боюнча билим алган. Ал эми, атам курулуш тармагын бүтүргөн. Алар кеч үйлөнүп, апам мени 35 жашында төрөгөн. Атам абдан көп иштеп, эрте кетип, кеч келчү. Бизге көбүнчө апам тарбия берди. Ал бизге ар кандай китептерди сатып берип, кызыктырчу. Апамдын жардамы менен билимге ээ болсом, атам математиканы жакшы көрүүмө себеп болду», - деди ал.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Таластык Элиза жеңе кайын агасынын мойнуна асылып, кытыгылап жибергени үчүн азыр да уялат

Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылындагы 22 жаштагы Жаныбек кызы Элиза жеңе келин болгондон кийин кайын агасын байкабай кытыгылап алганы үчүн азыркыга чейин уялат. Анын айтымында, өзүнөн 8 жаш улуу жолдошу Жоодар Турдалиевге 18 жашында турмушка чыккан.

«Экөөбүз менин жеңем аркылуу таанышканбыз. Мен ошондо 11-классты аяктап жаткам. Экинчи жолу жолуккандан кийин баш коштук. Алгач барганда кайын атамды үйдүн улуусу экен деп ойлоп аке деп жүргөм. Бир жумадан соң кайын атам экенин билгем», - деди ал.

Элиза жеңе буга катар эле күлкүлүү окуяларын айтып берди.

«Жолдошум менен улуу кайын агам экөө окшош. Жоодар экөөбүз ойноп жатып, ал мага тийишип эшикке качып кетти. Аркасынан чуркап чыксам кире бериш жерде кайын агам турган экен. Аркасынан жолдошумдай көрүнгөн, чуркап барып мойнуна асылып эле кытыгылап жибердим. Эмнеге күлбөйт деп карасам улуу кайын агам экен. Эмне кыларымды билбей, көпкө бетине карабай жүргөм. Бирок түшүндүрүп айтып бергем», - деди ал.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Балыкчылык А.Ташматова кайнагасын жамбашка чапканын азыркыга чейин унутпайт

Балыкчы шаарынын 36 жаштагы тургуну Айзада Ташматова кайнагасына катуу уят болгонун унутпайт.

«Бир жолу жолдошум экөөбүз от жагып отурганбыз. Бир маалда анын жылып кеткенин байкабай калыптырмын. Жанымдагы жолдошум экен деп жамбашка чаап, "оттун күлүн төгүп келчи" десем мени кайнагам карады. Катуу уят болуп, үйгө кантип качып киргенимди билбей калдым. Кайнагамды чапканымды азыркыга чейин унутпайм», - дейт ал.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Нарындык китепканачы Ф.Абылгазиева койдун дене табын ченеп, жолдошуна уят болгон

Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын 57 жаштагы тургуну Фатима Абылгазиева жолдошу Улан Сокеев менен Бишкек шаарынан таанышып, 3 айдан кийин баш кошушкан.

«Үйлөнгөндөн кийин жолдошум экөөбүздүн ортобузда кызыктуу окуялар болду. Жаңы келин болуп келген кезде бир кой ооруп калды. Уланбек (жолдошу) тамашага салып, "койдун дене табын өлчөп келчи" деп жиберген. Эч ойлонбостон барып, койдун чекесин колум менен басып, дене табын өлчөп, жолдошума аябай уят болгонум азыркы күнгө чейин эсимден кетпейт. Өзүм Нарындын кызы, айылда өсүп, чоңойсом да сырттагы иштерге аралашпай жүрүп билбептирмин», - деди ал.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Айганыш жеңе Таласка барып тишин сындырып алып сүйүүсүн тапкан

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылына келин болгон 23 жаштагы кызы Чоюбекова Айганыш жеңе кайын журтуна таанышканы келип, түшкө чейин төө буурчак чаап иштеген. Өзүнүн айтымында, жолдошу Нурлан Соорбеков экөө 2014-жылдын октябрында баш кошушкан. Учурда Талас шаарында жашап жатышат.

Жеңеке тишинин сынып калышы, жолдошу менен жакындоосуна себеп болгондугун кошумчалады.

«Жолугушуудан соң 2-3 күндөн кийин айылда таенебиздин үйүндө тамак ичип жатып, катуу сөөк тиштеп алып, алдыңкы тишимди сындырып алдым. Ошол маалда Нурлан чалып калды. Абалымды сураса ыйлап жибергем (күлүп). Эртеси күнү тиштин шылтоосу менен Талас шаарынын кооз жерлерине алып барып көңүлүмдү ала баштады. Ошентип анын мага кылган аяр мамилеси, камкордугу, жөнөкөйлүгү, адам менен бат тил табышуу сапаттары жакты. Жолдошума арбала баштадым.

Мен өзүм Бишкек шаарында жашагандыктан ал шаарга барып, ал жумушунан бошой албай калганда мен Таласка келип турдум. 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин «турмуш куралы» деген сунушун киргизип, мен макулдугум бердим. Тоюбуз 2014-жылдын 15-октябрында Талас шаарында тойканалардын биринде өттү», - деди ал.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Кайнатасын кытыгылап ойготуп алган баатыр эне Г.Жолдошева

2016-жылы 7 баласы менен «Баатыр эне» наамын алган Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Гүлзат Жолдошеванын учурда 8 баласы бар. Ал — аталган айылдагы эң жаш баатыр эне.

«Жашоодо кызыктуу күндөр көп болот. Бир жолу чөп чабык маалында чай ичкени үйгө кирсем, бирөө чүмкөнүп жатып алыптыр. Жолдошум экен деп таманынан кытыгыласам, кайнатам башын көтөрө калды. Үйгө кире албай уялып жүрдүм, ал окуяны эч кимге айткан жокмун, кайнатам деле эч кимге айткан жок. Жолдошума "сен экен деп таманынан кытыгыласам, атам экен" десем боору эзилгенче күлгөн», - деди ал.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

«Балбан келин» атка конгон Жаркын

Түп районунун Долон айылынын тургуну Жаркын Кожомжарова иштегенине бир жыл боло элек мектепте дзюдо боюнча 50 эркек, 10 кызды тарбиялап жатат.

«Айыл жеринин балдары башка балдарга караганда чыйрактыгы, эмгекчилдиги менен айырмаланат. Кудай буюрса 2020-жылдары тарбиялап жаткан балдарымдан Азиянын, дүйнөнүн кийинчирек Олимпиаданын чемпиондору сөзсүз чыгат деп ишенем», - деди машыктыруучу Жаркын Кожомжарова.

«Жаркынды алып келгенде анын спортчу экенин билген эмеспиз, аны унаа менен алып келип, көшөгөгө кийирип койгонбуз. Кийинчерээк бир майрамда менменсинген жигиттерди көтөрүп чапкандан кийин анын балбан экенин билдик», - дейт аяшы Дастан Үмөталиев.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Вице-мэрге жубай болгон корей кызы Ольга ислам динин кабыл алып, орозо кармайт

Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев 37 жаштагы жубайы, корей кызы Ольга Ким менен үй-бүлө куруп жашап жатканына быйыл 16 жыл болду.

Ал ата-энесинин каршы болгонуна карабай, бактысы үчүн күрөшкөнүн айтат.

«Мен турмушка чыкканга чейин эки элдин айырмачылыктары жөнүндө такыр ойлонбоптурмун. Мен тааныган кыргыз аялдар мага «Таласта салтты катуу кармашат», деп айтып калышчу. Мен каада-салтта кыйынчылыктар болот деп ойлонбостон, бактылуулук үчүн күрөшүү керек деген пикирде болгом жана болочок жолдошум катары Дамирди көрчүмүн. Ата-энем башында каршы болушту. Качан гана Дамир менен таанышып, сүйлөшкөн соң жактырышып, макул болушкан. Эң кызыгы менин жана жолдошумдун дагы ата-тегинде башка улуттан келин алып, кыз берүү деген болгон эмес экен. Биз үйлөнгөндө эки тарап чоочулашкан. Бирок биз үй-бүлө түптөп, жакшы жашап кеткенден кийин менин бир тууган агам дагы кыргыз кызына үйлөндү. Жеңем Нарындан болот», - деди ал.

Ольга жеңе ислам динин кабыл алып, жолдошу менен бирге орозо кармап келе жатканын белгиледи.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Ажара Асанованын бутуна жолдошу тарткан сүрөттөрдү кайненеси жууп берген

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын 29 жаштагы тургуну Ажара Асанова учурда 3 баланын энеси. Ал ушул эле райондун Жаңы-Арык айылында 1989-жылы туулган. 2011-жылы райондун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Мырзабек Кожековго турмушка чыккан.

«Мен келин болуп келгенде ыраматылык кошуна Күлнар Жумагулова (Динара) жоолук салган. Ал адам көп балалуу баатыр эне эле. Ал инсан "Мендей көп балалуу бол" деп батасын берип, ак жоолугун салган. Азыр жакшы, буюрса 3 балабыз бар. Келечекте көп балалуу болууну каалайм. Кайын атам, кайын энем жакшы инсандар. Мындай кайын энени эч жерден таппайсың. Аллага шүгүр, апамды өмүр бою сыйлап өтөм. Боюмда барда ичимди оорутуп алдым. Апам "Ооруканага барабыз" деп үйдөн алып чыкты. Бир маалда орто жолдон апам "кызым, бутуң тазабы?" деп айтты. Мен "жок" десем, "анда үйгө барып жууйбуз" деди. Үйгө келип, апам менен кайын эжем экөө отургузуп алып бутумду жууп киришти (күлүп). Биз жолдошум экөөбүз бири-бирибиздин буттарыбызга сүрөт тартып ойночубуз. Апам "ушинтип да ойночу беле" деп жууган. Жолдошум "ал кетпейт" деп койду. Көрсө биз калемсап менен тарткан экенбиз. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди карап алып боорубуз эзилгиче күлдүк», - деди ал.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Бээни жалгыз жыккан Айтолкун жеңени кайнатасы тизесине отургузуп эркелетчү

Айтолкун жеңе кайнатасынын келиндерге өз кызындай мамиле кылганын эскерип өттү.

«Кайнатам абдан жакшы адам болчу. Өзү тарых сабагынан мугалим эле. Келиндерин аябай эркелетчү. Бизди "Секет кетейин" деп чекебизден өөп, тизесине отургузуп алып эркелетчү. Мен башында уялып көнө албай жүрүп, кийин көнүп калдык. Үйдөн "Угадай мелодию" деп ойночубуз. Чоң кайненем, кайнатам жана кайненем калыс болушат. Биз үйдөгү кайнилерим, кайын сиңдилерим болуп баарыбыз чогулуп алып ойнойбуз. Мен келин экенимди унутуп калып, оюндун кызыгына кирип, талашып-тартышып ойноп кетчүмүн. Бирок Фархат акырын көзү менен карап койсо гана токточумун. Өз атам каза болуп, мен аябай ыйлап жатсам, кайнатам мени тизесине отургузуп алып, чекемден өөп "Секет кетейиним десе, айла жок. Ыйлаба балам. Атам жок дебе, мен атаңдын ордуна ата болуп берейин" деп соороткон», - деди Айтолкун жеңе.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Жылдыз Бакасова балдарын коргоп калуу үчүн ач карышкыр менен бетме-бет кармашкан

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылынын 37 жаштагы тургуну Жылдыз Бакасова. Ал мындан 8 жыл мурун балдарын коргоп калуу үчүн ач карышкыр менен кармашкан.

«Мындан 8 жыл мурун башымдан өтө коркунучтуу окуя өттү. Башкача айтканда, ажал менен бетме-бет келгендей эле болдум. Мен ал кезде 29 жаштагы келин элем. Кашка-Суу жайлоосунун Кырчын чөлкөмүндө жайлачубуз. Жапайы карагат бышып, күн сууктап калган кеч күз болчу. Карагат терип келип, аны эт туурагыч менен тартып бүтүп, идиштерди жууп келейин деп үйдөн 12-15 метр аралыктагы булакка баргам. Жанымда 3 жаштагы кызым менен 2 жаштагы уулум бар эле. Идиштерди жууп бүтүп, ордумдан туруп жатсам бир көк ит мени көздөй келе жаткан. Башында "ит" турбайбы деген ой менен маани деле берген эмесмин. Бирок иттен чоңураак көрүндү. Качан жаныма жакындап келгенде гана карышкыр экенин билип, дене боюм титиреп, кара тер басып, жүрөгүм оозума кептеле түштү. Ал түз эле мага келип ырылдады. Мен "кет" деп колумдагы темир табак менен тап берип калдым. Карышкыр менин колумдагы табакты тиштеп жулуп алып, жулкулдатып кирди. Мен жанымдагы кызымды артыма жашырып сууга отура калдым», - деди Жылдыз жеңе.

Аягында ал кайын атасынын жардамы менен карышкырдан кутулган.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Агайына турмушка чыккан Бегимай жөнү жок «5» алганын түшүнгөн эмес

Кубанычбек кызы Бегимай англис тил сабагын окуткан агайына турмушка чыккан.

«Жолдошум экөөбүз кантип таанышып калдык? Эх, ал күндөрдү унутпайм. Сонун күндөр. Анда мен мектепте 9-класста окучумун. Англис тил сабагынан жаңы агай келди деп калышты. Күн суук болчу. Жаӊы келген агайдын эӊ алгачкы өтүп жаткан сабагына кечигип кирдим. "Уруксатпы?" десем, мени бурулуп карады да, "күн суук, жылуураак кийинбейсиӊби" деп койду. Мен ичимден "жылуу кийинемби, жеңил кийинемби иши эмне" деп ордума барып отурдум. Ошентип сабактан жооп бербесем деле "5" деген бааларды коё берди. Классташ кыздар "жооп бербесеӊ деле, эмнеге 5 аласыӊ?" деп калышчу. Анда да жөн жооп бербей, "татыктуу болсом коёт да" деп койчумун. Ошол эле жылы биздин агайыбыз Москвага иштегени кетти. А, мен агайды ошону менен бир-эки жыл көргөн жокмун. Ошентип 11-классты аяктадым. Баарыбыз келечегибизди тандап, кесиптерден башыбыз айланып, кайсы бирине токтолорубузду билбей турганбыз. Ушул учурда агайдын ата-энеси биздин үйгө келип, менин колумду сурашты. Анын мага койгон баягы "5" деген бааларынын сыр түйүнү чечилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×