Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусу, Ош 13.12.2018 10:21 Жаңыланды: 13.12.2018 14:41 На русском

Видео, сүрөт: Манас Ниязовдун жубайы Назира — Кара-Кулжанын кызы

Turmush -  Белгилүү улакчы Манас Ниязовдун үйлөнүү тою 12-декабрь күнү Ош шаарындагы тойканалардын биринде өттү. Ага чет өлкөдөн да улакчылар конок болуп келишкен.

Ал эми Манастын жубайы Назира Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу Тоготой айылында чоңойгон. Ал айылындагы А.Байымбетов атындагы орто мектебинде 9-класска чейин билим алганын мугалими Сайрагүл Тургунова билдирди.

«Ал абдан тарбиялуу, оор басырыктуу кыз болчу. Сабактарын калтырбай жакшы, мыкты окуган кыз эле. Коомдук иштерге активдүү катышып, ар дайым коомдук иштерде дилгир болчу. Ага 9 жыл бою класс жетекчи болдум», - деди мугалим.

Назира Сагынбек кызы ата-энеси чет өлкөдө иштегенине байланыштуу атасынын бир тууган эжеси Элмира Белекбаеванын колунда чоңойгон.

«Менин инимдин кызы болот, менин колумда чоңоюп калышты. Ата-энеси бул жакка келип, балдар Россияга барып жолугушуп турушкан. Иним Сагынбек Белекбаев, келиним Чынара Карыбекова Россияда эмгектенишет. Назира 3 бир туугандын эң кенжеси, агасы жана эжеси бар», - деди Э.Белекбаева.

«Достук» командасынын мүчөсү Бауш Султанбековдун айтымында, тойдогу меймандардын арасында коңшу өлкөлөрдөн келген улакчылар болду.

«Кечээ Манастын тоюна Казакстандан жана Өзбекстандан улакчылар келди. Чүйдөн жана башка облустардан да көк бөрүчүлөр болду», - деди Султанбеков.

Ал эми Манас Ниязов Казакстандан жана Өзбекстандан келген коноктор анын достору экенин айтты. «Алар көбүнчө аламан улак чабышат. Эрежелүү көк бөрү ойногон эмес. Тойго Кыргызстандын башка аймактарындагы көк бөрүчүлөр келди», - деди М.Ниязов.

10-декабрь күнү Өзгөн районунда кыз узатуу тою өткөн болчу. Манас болочоктогу келинчеги Назира менен көптөн бери сүйлөшүп жүргөн. Учурда Назира 20 жашта болсо, Манас 25 жашта.

Сүрөт жана видео социалдык түйүндөгү баракчалардан алынды.

---------------------------------------------------------------------------------------------

Өзгөн районундагы Дөң-Булак айылында жашаган Ниязовдордун үй-бүлөсү Манас, Жаныш, Баяман, Кыяз жана Байыш аттуу мыкты улакчылар менен таанымал. Белгилүү улакчы Ниязовдордун үй-бүлөсүнөн чыккан Манас Ниязов улак тартышка эрте аралашкан.

«Менин атам улакчы болгондуктан мен дагы атамдын жолун жолдоп улакчылыкты тандап алдым. Менин улакчы болушума бир тууган агаларым дагы түрткү берди. Биз үй-бүлөдө 5 уул, 2 кызбыз. Агаларым менен барыбыз улак тартышка түшөбүз.

Улактын арты менен бир топ оюндарда алдыңкы орундарды алдык», - деди ал.

Маек толугу менен бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×