Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 13.12.2018 09:41 Жаңыланды: 13.12.2018 11:01 На русском

Кара-Сууда 2 жыл мурун курулуп, жабык бойдон турган мектептин полу кайрадан оңдолот (видео)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы А.Сматов орто мектебинин жаңы имараты мындан 2 жыл мурун курулуп, бирок окуучулар окуй элек. Учурда бул имараттагы бир катар бөлмөлөрдүн полу жараксыз абалга келип калганын жергиликтүүлөр айтып чыгышты.

Ал эми Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тилебаев курулуш иштерин курулуш компаниясы сапатсыз жүргүзгөнүн айтты.

«Бул мектепти ар дайым көзөмөлдөп турабыз. Кечээ облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы менен мектепти көрүп чыктык. Чындыгында полдору сынып кетиптир. Муну курулуш компания сапатсыз курган», - деди Тилебаев.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Марклен Медетов Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын сөзүн четке какты. Анын айтымында, мектептин имараты 2-3 жыл мурун эле пайдаланууга берилген.

«Бул мектептин имараты 2016-жылы эле бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Бирок жергиликтүү эл мектепке балдарын окутуудан баш тартышкан экен. Элдин талабы — мектепке кошумча спорт зал, маданият үйүн кошо куруу. Ошондуктан мектепте окуучулар окуган эмес. Ал эми курулуш компаниясы сапаттуу эле курган. Эми аталган курулуш компания полдорду өздөрүнүн эсебинен оңдоп бермей болду», - деди Медетов.

Мектептин имаратын «Эрмек ЛТД Юг» аттуу курулуш компаниясы курган. Аталган жаңы мектеп 320 окуучуга ыңгайлашкан. Бүгүнкү күндө окуучулар эски имаратта окуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×