Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуМосква району 12.12.2018 14:35 На русском

Сүрөт — Петровка айыл өкмөт башчысы унаа кырсыгына кабылып, жол тандабасынын таш-талканы чыкты

Turmush -  Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы жол тандабас унаасы менен жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалым болгондой, 25-ноябрь күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Москва районуна караштуу Беловодск айыл аймагынын Мураке айылындагы жолдо «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Nissan Pathfinder» үлгүсүндөгү жол тандабас унаасы кагышып, алты киши ар кандай жаракат алган. Күбөлөрдүн айтымында, жол тандабас унаасынын айдоочусу Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Астаров болгон.

«Аталган айыл өкмөт башчынын башкаруусундагы "Nissan Pathfinder" унаасы өз жолунда кетип бара жаткан. Бир маалда карама-каршы тилкеге "Mercedes-Benz" жүк ташуучу унаасы чыгып, жол тандабас менен кагышты. "Nissan Pathfinder" унаасынын айдоочусу жолдун четине чыгууга аракет кылган. Бирок ага карабай бул унаанын таш-талканы чыкты. Жүк ташуучу унаада 5-6 киши бар экен. Анын үчөө ар кандай жаракат алышты. Ал эми жол тандабаста 3 адам бар экен. Үчөө теӊ ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди. "Mercedes-Benz" унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткендиги айтылууда», - деп билдиришти күбөлөр.

Бул маалыматты Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктап, унаа кырсык 25-ноябрь күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Москва районуна караштуу Беловодск айыл аймагынын Мураке айылындагы жолдо болгонун айтты. Ошондой эле жүк ташуучу унаанын айдоочусу эч жерге качпаганын, учурда иликтөө иштери улантылып жатканын билдиришти.

Ал эми Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Астаровго аймактык кабарчы кайрылганда ал бүгүн, 12-декабрда ооруканадан чыккандыгын айткан.

«Жол тайгак болчу. Жүк ташуучу унаа да катуу келе жаткан экен. Унаа тайгаланып, биздин унаага урунду. Биз качканга аракет кылдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×