Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуӨзгөн району 11.12.2018 16:22 Жаңыланды: 11.12.2018 18:24 На русском

Кыз узатуу тою: Белгилүү улакчы Манас Ниязов үйлөнөт (сүрөт)

Turmush -  Эртең, 12-декабрь күнү белгилүү көк бөрүчү Манас Ниязовдун заманбап үйлөнүү тою өтөт. Бул тууралуу улакчы өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 10-декабрь күнү Өзгөн районунда кыз узатуу тою өткөн. Ал болочоктогу келинчеги Назира менен көптөн бери сүйлөшүп жүргөн. Кыз 20 жашта болсо, улакчы 25 жашта. Жаштардын заманбап үлпөт тою эртең Ош шаарындагы тойканалардын биринде уюштурулат.

Манас Ниязов бир нече ирет мыкты оюнчу аталган. Ал көк бөрү боюнча «Достук» жана Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу. Учурда Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаты болуп эмгектенип жатат.

-----------------------------------------------------------------------------

Ниязовдордун үй-бүлөсү Манас, Жаныш, Баяман, Кыяз жана Байыш аттуу мыкты улакчылары менен таанымал. Белгилүү улакчы Ниязовдордун үй-бүлөсүнөн чыккан Манас Ниязов улак тартышка эрте аралашкан.

«Менин атам улакчы болгондуктан мен дагы атамдын жолун жолдоп улакчылыкты тандап алдым. Менин улакчы болушума бир тууган агаларым дагы түрткү берди. Биз үй-бүлөдө 5 уул, 2 кызбыз. Агаларым менен барыбыз улак тартышка түшөбүз.

Улактын арты менен бир топ оюндарда алдыңкы орундарды алдык», - деди ал.

Маек толугу менен бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×