Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баракелде, Бишкек 11.12.2018 14:04 На русском

Бурулайдын өлүмү: Сот М.Бөдөшевди 20 жылга эркинен ажыратты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Жайыл РИИБдин имаратында өлтүрүлгөн Бурулайдын өлүмү боюнча соттук иш улантылды.

Судья Санжар Чотонов кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, айыпталуучу Марсбек Бөдөшевди жана Акмат Сеитовду күнөөлүү деп тапты.

М.Бөдөшев 20 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды. А.Сеитов 7 жылга камалды.

М.Бөдөшевден жабырлануучу тарапка 300 миң сом, ал эми материалдык зыян үчүн 500 миң сом төлөтүп алынат.

Буга чейин милиция маалымдагандай, 19 жаштагы Бурулай ушул жылдын 27-майында ала качып бара жаткан жигит тарабынан Жайыл райондук милициянын имаратында бычакталып, өлтүрүлгөн. Кыздын денесине 5 жолу бычак сайылган. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу каза болгон. Андан кийин кызды бычактаган адам өзүнө да кол салып, ооруканага жеткирилген. Кийин абакка которулган болчу.

Шектүү делген Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголгон.

Окуя тууралуу

Ала качуунун курмандыгы болгон 20 жаштагы Бурулай 2018-жылдын 29-майында жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милициянын маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген.

РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×