Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.12.2018 12:20

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Бакыт Боркошев эшик-терезе жасап, жылына 180 миң сомго чейин табат (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын 33 жаштагы тургуну Бакыт Боркошев эшик-терезелерди жасап, киреше табат. Ал жогорку окуу жайды бүтүрүп, инженер-механик кесибине ээ болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, устачылык менен алектенүүсүнө атасы себеп болгон.

«Атам башынан аягына чейин үйрөттү. Учурда Ак-Сууда чакан цехибиз бар, бул иш менен алектенгениме 10 жылга жакындап калды. Биринчиден, өзүм устачылыкка жакын болуп жана кызыккандыктан оор болгон жок, бат эле көнүп кеттим. Экинчиден, кирешелүү жумуш экенин билдим. Жумушка байланыштуу азыр Ак-Сууда жашап, иштейм. Цехте мени менен кошо 2 бала иштейт. Эшик-терезелерди буйрутмага жараша жасап беребиз. Башка айыл, райондорго да барып жасайбыз. Жылдык кирешем орто эсеп менен 150-180 миң сомду түзөт», - деди ал.

Убактысы чектелүү экенин айткан Бакыт үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурууга аркет жасайт.

«Балдарыма татыктуу тарбия берүүгө аракеттенем. Өзүм тоого, көлгө барып эс алганды жактырам. Ошондой эле талаа иштери менен алекмин. Алдыга койгон пландарым абдан көп, элиме пайдам тийген иштерди аткарсам дейм. Цехти кеңейтип, жумуш орундарын түзүүнү максат кылам», - деди ал.

Ал эки уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×