Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Чүй облусу, Кант 10.12.2018 11:49 Жаңыланды: 10.12.2018 20:06 На русском

«Тагдыр:» Операциядан кийин баспай калып, интернатта тарбияланган Жибек уулдуу болду (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кант шаарынын 32 жаштагы тургуну Жибек Сагынбекова 2 жашында менингит оорусуна чалдыгып, жүлүнүнөн суу алдыргандан кийин баспай калган. Ал аймактык кабарчыга оор тагдыры жана учурдагы жашоосу тууралуу айтып берди.

Жибек ар кимдин колунда жүрүп чоңойгон. Ал ата-энеси таштап кеткенден кийин интернатта оор күндөрдү башынан өткөргөнүн эскерди.

«Ысык-Көл облусунун Бостери айылында төрөлгөм. Ата-энем кичинекей кезимде эле интернатка таштап кетишкен. 2 жашымда менингит оорусуна чалдыгып, жүлүнүмдөн суу алышкан. Операциядан кийин баспай калып, майып арабага отуруп калдым. Ооруганыма эч качан өкүнбөйм. Ар кимдин колунда жүрүп чоңойдум. 16 жашка чейин Жети-Өгүздө жүрүп, 18 жашымда таежем интернатка алып барып таштады. 32 жашка чейин Кант шаарындагы интернаттардын биринде жашадым. Менин жашоом 30 жашка чейин караңгы болсо, андан кийин жарык боло баштады. Ар кандай кыйынчылыктар, кайгы-капа, жалгыздык, жокчулук башымдан өттү. Кээде жашабай эле койсом болмок деген ойлор келчү. Башкалардын жашоосуна кызыккан күндөр болду. Себеби аларга жакындары, туугандары келишчү. Мага эч ким келбегендиктен аларга ичим күйүп, ыйладым. Кайгыда көпкө жүрдүм», - деди ал.

Жибек Сагынбекова учурда сүйүүсүн таап, өзүн эң бактылуу адам деп эсептейт.

«Жолдошум менен телефон аркылуу 2014-жылы таанышып калдым. Ал Чүй облусунун Кант шаарынан болот, 37 жашта. Ал мени эшикке чыкканда көрүп, мен жөнүндө угуп жүрчү экен. Аны менен телефон аркылуу таанышканда дароо жолуккан жокмун. Алгач жөн эле сүйлөшүп жүрдүм. Көп балдар менен таанышып көрүп, телефон аркылуу сүйлөштүм. Бирок жолдошум менен биринчи таанышканда эле башкача сезим пайда болду. Мени 2 жылдан берип көрүп жүрсө да, таанышкандан уялчу экен.

Жолдошум менен таанышкандан кийин 3 жылдан соң жолуктум. Боюмда болуп калды, бирок 5 ай болгуча билбейм жүрүптүрмүн. Майыптыгыма байланыштуу дарыгерлер көз жаруума каршы болушту. Мен алардын айтканыма көнбөй, төрөйм деп туруп алдым. Ар кайсы жерлерге кайрылдым. Кыйналсам да, ыйласам да үйдөгү бөлмөмдөгү оокатты кылып жаттым. Дени сак көп эле кыздар аборт жасатышат. Ымыркай мага белек болду, кудай жөн жерден берген жок деген ой келди. Бирок мен үчүн катуу сыноо болуп, абдан оорудум. Төрөгөнгө бир ай калганда ооруканага жатып калдым. Башкаларга күйөөлөрү, туугандары келет. Мага эч ким келген жок. Ошонун баарын жеңдим, бирок аркы дүйнөгө эки жолу барып келдим.

"Интернатта жашап, майып болсоң кантип багасың?" деп баламды балдар үйүнө алып кетишти. Айла жок бергенге туура келди. Жолдошум менен жашайын десем, интернатка ден соолуктуу адамдарды киргизбейт. Өзүбүздүн үйүбүз жок болчу. Төрөгөндөн кийин айла жок жолдошумду киргизүүгө макул болушту. Анткени абдан катуу оорудум. 2 жылга жакын интернатта жашадык. Ар кайсы жерге кайрылып отуруп, акыры кайрымдуу фонддун жетекчиси үй таап берди. Балабызды бир айдан кийин балдар үйүнөн алдык.

Уулубуздун аты Амантур. Бизге шаардын ичинен үй алып беришти, жакында үйдүн тоюн берип, уулубуздун тушоосун кесебиз. Азыр жолдошум экөөбүз бири-бирибизди абдан сүйөбүз. Мени аяп, эч нерсе жасаткысы келбей, баарын өзү жасайт. Учурда менден өткөн бактылуу адам жок», - деди ал.

Жибек өз алдынча жумуш жасай албагандыктан жолдошу дайыма жанында жүрөт. Жубайлардын уулу 2 жашта. Ал келечекте өзүнүн бизнесин түптөп, уулун татыктуу тарбиялап, жогорку окуу жайда окутууну максат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×