Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.12.2018 21:10 На русском

Сүрөт: Караколдун борбордук базарында өрт чыкты

Turmush -  Бүгүн, 8-декабрда саат 19:00 чамасында Каракол шаарынын "Ак-Тилек" борбордук базарында өрт чыгып, 2 контейнер күйүп кетти. Өрт бут кийимдер сатылуучу катардан чыккан.

Аймактык кабарчы билдиргендей, учурда өрт өчүрүлүп, окуя болгон жерде Каракол шаардык өрт өчүрүү бөлүмү, ӨКМдин ыкчам тобу жана милиция кызматкерлери иштеп жатат. Ал эми башка контейнердин сатуучулары товарларын сыртка чыгаруу аракетинде.

Болжолдуу маалымат боюнча, бут кийимдер сатылуучу контейнер күйүп, дагы бир контейнердеги товарлар жогорку температурадан улам ээрип кеткен. Күндүз өрттөнгөн контейнерде ширетүү иштери жүргөн. Өрт дал ушул контейнерден чыккан болушу мүмкүн.

Азырынча өрткө каршы бөлүм өрт тууралуу маалымат бере элек. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин ушул эле базарда өрт чыгып, 8 контейнер күйүп кеткен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×