Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 08.12.2018 12:22 Жаңыланды: 08.12.2018 13:55 На русском

2 жаштагы наристе ооруканада каза болду. Апасы баланы таанышына таштап, Россияда иштеп жүргөн (толукталды)

Turmush -  Ооруканада каза болгон наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Панфилов аймактык ооруканасына 2 жаштагы Х.О. эс-учун жоготкон абалда түшкөнүн Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Нарсите тууралуу маалымат 28-ноябрь күнү саат 09:30да Панфилов РИИБге келип түшкөн. Болжолдуу маалымат боюнча, 2016-жылы төрөлгөн Х.О.нун денесинде көптөгөн жаракаттар болгон.

Ооруканага барган ыкчам тергөө тобу Панфилов районунун Кайыңды айылынын 32 жаштагы тургуну Э.С.ны суракка алган. Каза болгон наристе акыркы учурларда Э.С. менен жашап жаткан. Сурак учурунда наристенин апасы 42 жаштагы Х.Р. экени аныкталган. Ал Россияга иштегени кетип жатканда баласын Э.С.га табыштап кеткен.

32 жаштагы Э.С.нын айтымында, күйөөсү менен ажырашкан, учурда жашы жете элек 3 баласын тарбиялап жатат. Алар 2017-жылдан бери Кайыңды айылындагы туугандарынын үйүндө жашап жатышкан. Ал эми буга чейин Кызыл-Кыяда жашап, каза болгон наристенин апасы менен ошол жерден таанышышкан.

Ушул жылдын ноябрь айында маркум наристенин апасы Россияга кетип, баласын таанышы Э.С.га таштап кеткен. Анын айтымында, бала бир нече күн мурун эки кабаттуу керебеттен кулап кетип, жаракат алган. Ал эс-учун жоготуп, Э.С. туугандарын чакырып, ооруканага жеткиришкен. Баланын апасы окуя тууралуу билгенден кийин Кыргызстанга кайтып келген. Наристенин абалы оорлоп, алгач Бишкектеги балдар ооруканасына, андан кийин Бала жана энени коргоо улуттук борборуна которулуп, жардам көрсөтүлгөн. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай, 6-декабрь күнү саат 06:30 наристе өзүнө келбей каза болгон.

Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык, ошондой эле Э.С.га да комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалды. Ал эми Панфилов РИИБ Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иш козгоду.

Учурда бардык жагдайлар аныкталып, тергөө улантылып жатат.

Кийинчерээк Панфилов райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, наристе абдан оор абалда келип түшкөн.

«Биз дароо текшерүүдөн өткөрүп, Бишкек шаарынан адистерди чакырганбыз. Алар көрүп, компьютердик томография жасап, андан кийин чакырууну айтышкан. Бирок Кара-Балтада жаш балдарга компьютердик томография жасашпайт экен. Жыйынтыгында Бишкек шаарындагы балдар ооруканасынан орун беришкен. Бул жактан баланы тез жардам менен алып кетишкен болчу. Наристе ошол ооруканада чарчап калыптыр», - деп билдиришти.

Ал эми ооруканадагы күбөлөр баланын денесинде, колу-буттарында буга чейин да көк ала тактар бар экенин, бирок акырындан айыгып келе жатканын кошумчалашты. Ооруканадагы дарыгерлер да буга чейинки тактар байкалганын тастыкташты.

Кайыңды шаарчасынын вице-мэри Эрнур Жумабаев бул окуя тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

«Шаарчанын социалдык маселесин дайым тыкыр карап, иштеп келебиз. Бирок бул баланын окуясын уккан эмеспиз. Биз анын жашаган жерин, социалдык абалын текшерүүгө алабыз», - деди ал.

Кийинчерээк Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Сартбай Сүйналиев чарчап калган бала тарбияланган үй-бүлө тууралуу айтты.

«Биздин шаарчага 3 баласы менен 32 жаштагы Э.С. көчүп келиптир. Анын эжесинин батири бар экен. Ошол үйгө келип, жашап жатышыптыр. Бул аял Бишкекте иштеп жүргөндө чарчап калган баланын апасы менен таанышып калган экен. Ал кезде анын боюнда бар экен. Анан ал аял кафелерде иштеп жүрүп, кийин Э.С.га келип, "күйөөм менен ажырашып кеттим. Россияга барып иштеп келейин, баламды карап бер" деп алып келип таштап кетет. Ал макул болуп, баланы өзүнүн 3 баласына кошуп багып жаткан экен.

Ал аял "бала 2 кабат керебеттен кулап кетти, мен тийген эмесмин" деп айтып жатат. Эми бул боюнча соттук-медициналык экспертиза жыйынтык чыгарат. Анан милиция кызматкерлери тарабынан да иликтөө иштери жүрүп жатат. Булар бизде каттоого алынган эмес. Ооруканадан бизге бала жөнүндө маалымат келип түшкөндө, социалдык коргоо бөлүмдүн жетекчиси 28-ноябрда барып көргөн. Ал кезде баланын абалы начар болуп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан. 30-ноябрда баланы Бишкекке алып кетишти. 6-декабрда бала борбрдук ооруканада чарчап калды», - деди ал.

Анын айтымында, баланы багып жаткан аял эч жерде иштечү эмес.

«Бизде көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук жок. Союз тараганда эле баары менчиктештирилип кеткен. Ар ким өзү электр энергия менен жылытып, же меш орнотуп алышкан. Бул аялдын туруктуу иштеген жумушу жок экен. Кафелерде жана күз, жаз мезгилинде талаа иштерине чыгып, айдоо аянттарда иштеп, балдарын багат экен» - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×